"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Чүйдөгү авиакырсыктан каза болгондордун айрымдары Бишкек шаарынын жакасына коюлса, көбүнүн сөөктөрү өздөрүнүн кичи мекендерине жөнөтүлдү. Алай районунун Корул айылынын тургундары 18-январда беш маркумду жерге берди. Анын төртөө бир бүлөдөн. Чогулгандар алардын жакындарына көңүл айтып, ал абалын сур
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси жарым жылдан бери дайындалбай турат.
Удаама-удаа жааган оор кар быйыл Алайкуу өрөөнүндөгүлөрдү куп эле сынагандай болду. Бир туруп күрткү жолду жаап калса, бир туруп электр линиясы үзүлөт. Ызгаарда оору-сыркоо да арбып, элди жүдөтүүдө. Ал ортодо чөптүн наркы кымбаттап, мал-жан кол карап калды. Бийликтер болсо жолду үзгүлтүксүз тазалап
Тажикстанда кыйноого кабылган кыргызстандык ишкер Акжол Калбаевдин ден соолугу калыбына келе баштады. Аны өнөктөштөрү коңшу өлкөгө алдап алып кирип, 10 күн барымтада алып жатышкан. Калбаевдин ата-энеси уулу үчүн 23 миң доллар кун төлөгөнгө да мажбур болгон. Бирок ал тажик коопсуздук органдарынын көм
Тажикстанда кыйноого кабылган ишкер Акжол Калбаевдин ден соолугу оңоло баштады.
Кыргыз-Ата айыл аймагында ичимдик ичкен балдарды аксакалдар мечитке алып келип уяткарып, элден кечирим суратты.
Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл аймагында ичимдик ичкен балдарды аксакалдар мечитке алып келип уяткарып, элден кечирим суратты. Бирок айрымдар арак ичкен киши каалаган жерден таап алаарын айтып, муну жеке ишкерликке бут тосуу катары баалашууда.
Ош мамлекеттик социалдык университети деп аталганына алты жыл болсо да окуу жай дипломду Кыргыз - Өзбек университети деп берип келатат. Көпчүлүк студенттер мындай кош аталышка нааразы болушууда. Ал эми университеттин жетекчилиги жаңы аталышты бекитүү юридикалык маселелерге байланыштуу кечеңдеп жатка
Кара-Суу районунун Жоош айыл округунун жетекчилиги чөөлөрдү жок кылуу үчүн үчүнчү жолу мергенчилерге кайрылды. Аңчылар бул ирет майда жырткычтын бир бөлүгүн атууга жетишти. Бирок тургундар арасында кооптонуу дале күч. Буга чейин бул чөлкөмдө чөөлөр көбөйүп, алар менен жергиликтүүлөр өздөрү күрөшүп ж
Аба-ырайы тумандап жатканына байланыштуу Ошто ондон ашык учак учуп кете албай турат. Натыйжада эки-үч миңдей жүргүнчү Ош эл аралык аэропортунда бир суткадан бери күтүп олтурат. Алар кичинекей имараттын ичинде тыгылып, кыйналып жатканын айтышууда. Аба майдандын өкүлдөрү учактар жакын арада учат деп у
Ош шаарында жаңы отуз автобус пайдаланууга берилди. Транспорттор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына сатылып алынды. Алардын жардамы менен дагы 20дан ашык троллейбус келсе, калаада тыгын маселеси чечилерин Ош шаардык мэриясы убада кылууда. Бирок адистер автотыгынды че
Өзбекстандагы шайлоого байланыштуу жабылган чек ара тилкелери кайрадан ачылды. Коңшу өлкө бир айча мурдараак жеңилдеткен шарт менен жарандарды киргизип-чыгарууда. Бирок жаңы президент Шавхат Мирзиёевдин бийликке келиши менен чек ара тилкелериндеги чектөөлөр толук алынып салына элек. Кабарчыбыз Эрнис
Ошто “ефрейторду сабап өлтүрдү” деп шектелип жаткан Бекболот Зайырбек уулунун жакындары аскер коргонуу үчүн ушундай жолго барганын айтып чыгышты. Алар ефрейтор Эламан Ташбалта уулу аскерлерди уруп-тепкилеп, сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп билдирүүдө. Маркумдун жакындары муну четке кагууда. Кантсе
Ошто кызматтык батирлерди шаардык прокуратура менен милициянын башчылары менчиктештирип алганын жарандык коомдун өкүлдөрү айтып чыкты.
Кызматтык батирлерди шаардык прокуратура менен милициянын башчылары менчиктештирип алганы ачыкка чыкты.
Эки күндөн бери калың жааган кардан улам Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагында жабылган жол ачыла элек. Жарыксыз калган жашоочулар сырткы дүйнө менен байланышсыз отурушат. Бийликтер учурда электр зымдарын калыбына келтирип, жолго түшкөн көчкүлөрдү тазалоо менен убара.
Ошто өткөн “Фергана соода-экономикалык форумуна” Тажикстан менен Өзбекстандан ишкерлер келе албай калышты. Уюштуруучулар муну чек ара бекеттериндеги келишпестиктерден улам деп түшүндүрүштү. Бирок ушунун өзү деле кошуна өлкөлөрдүн экономикалык алакасы жакын арада жакшырбай турганынан кабар берип тург
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери мекемеге караштуу үйдүн сатылып кетиши иликтенбей калганын даттанып чыгышты. Алар Оштогу 60 батирди менчиктештирүүгө министрликтин жетекчилери жана күч кызматтары катышкан деп доомат коюшууда. Министрлик өкүлдөрү болсо батирлер мыйзамдуу берилгенин, ала
Исхактын энеси Зульфия Үсөновага үй берилди. Төрт балалуу жалгыз бой энеге бийликтер Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир белек кылышты. Балдарынын документтери да бүтүп, жөлөк пул чегерилген. Бирок адистер "өкмөттөн жардам алуу үчүн балдар сөзсүз картондо укташы керекпи?" деп суроо салышууда.
Дагы жүктөңүз