Оштогу аты талаш университет
Ош мамлекеттик социалдык университети деп аталганына алты жыл болсо да окуу жай дипломду Кыргыз - Өзбек университети деп берип келатат. Көпчүлүк студенттер мындай кош аталышка нааразы болушууда. Ал эми университеттин жетекчилиги жаңы аталышты бекитүү юридикалык маселелерге байланыштуу кечеңдеп жатканын айтууда. Июнь окуясынан кийин аталышы өзгөргөн бул окуу жайда учурда 9 миңдей студент билим алат.