"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
21-октябрда Лондондун атактуу концерттик залдарынын биринде орусиялык ырчы Валериянын концерти өтөт. Ага Иосиф Кобзон баштаган белгилүү орус ырчылары катышаары күтүлүүдө.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияда өкмөттүн өлкөдөгү эң эски жана белгилүү укук коргоо уюму – “Мемориалдын” ишмердигин токтотуу аракетине тынчсыздануусун билдирди.
Орусия Сербияны Косово маселесинде колдоону улантат. Президент Путин мындай убаданы кечээ Белграддагы мамлекеттик сапары учурунда берди.
Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө бензиндин баасы кымбаттап жатса, дүйнөлүк базарда тескерисинче мунайдын наркы түшүүдө.
Крымда 14-октябрда эл каттоо башталды. Бул жарым аралды Орусия аннексиялагандан кийинки биринчи каттоо.
Украинада акыркы алты ай ичинде үчүнчү коргоо министри кызматтан кетти.
Македонияда эбола вирусун жугузуп алды деп шектелген британ жараны көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, ал Скопье шаарынын ооруканасына жеткирилгенден кийин тогуз саат өтпөй каза тапкан.
Евробиримдик жана Казакстан экономика менен саясатта тыгыз байланыш орнотууну караган келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады. Бул тууралуу кечээ президент Нурсултан Назарбаевдин Брюсселдеги сапарынын кийин маалым болду.
Орусияда таанымал экономисттердин бири Сергей Алексашенко Москвадагы Жогорку экономика мектебинин алдында чыгуучу таасирдүү басылманын редакторлугунан кетүүгө мажбур болду. Ал өзү муну Кремлдин экономикалык башкармалыгын сынга алуусунун натыйжасы катары түшүндүрдү.
Тажикстанда эки күндөн бери ондогон интернет сайттар ачылбай жатканы кабарланууда. Алардын арасында социалдык түйүндөр да бар.
Human Rights Watch укук коргоо уюму казак жарандарынын Курмангазы менен Пушкиндин өбүшүп турган сүрөтүнө жасаган мамилесине карата өз тынчсыздануусун билдирди.
Түркияда парламент өкмөткө “Ислам мамлекети” тобуна каршы Ирак менен Сириядагы аскерий операцияларга катышууга уруксат берди.
Путин интернетке чектөө кирбесин ырастады. Өткөн айда Орусия өзгөчө кырдаал жаралган учурда жарандарынын глобалдык түйүнгө кошулуу мүмкүнчүлүгүн чектөөнү көздөп жатканы айтылган эле.
Орусия окуучуларды алмашуу боюнча FLEX (ФЛЕКС) деп аталган билим берүү программасынан баш тартты.
Орусиядагы «Солнцево» деп аталган белгилүү кылмыштуу топко байланышы бар деп шектелген Сергей Михайлов жакында эле президент Путин аны кол саат менен сыйлаганын айтып чыкты. Кремл бул фактыны четке кагууда.
АКШ жана анын өнөктөштөрү бул аптада, Сирияда “Хорасан” уюмунун турумдарына да сокку урду. Талдоочулар “Хорасан” менен “Ислам мамлекети” топтору көздөгөн максатта айрымачылык бардыгын белгилешет.
Грузия президенти менен өкмөтүнүн ортосундагы соңку чыңалуу жергиликтүү элди жана аналитиктерди кооптондурууда.
Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном аймагындагы Үрүмчү шаардык соту окумуштуу жана уйгур укук коргоочусу Илхам Тохтини сепаратизмге айыптап, өмүр бою абакта камоо чечимин чыгарды.
Европанын тамак-ашына киргизилген санкциялар Москвада жаңы ачылган супермаркеттердин бирине өз ийгилик формуласын табууга түрткү болгондой. Ал жакта жалаң Орусиядан чыккан жана мурдагы совет республикаларынан келген азык-түлүктөр сатылат.
Американын New York Times гезити Азербайжан бийлигинин кызыкчылыгын жашыруун коргоп, эл аралык басылмаларга Бакуну АКШнын жана Евробиримдиктин энергетикалык жактан маанилүү өнөктөшү катары көрсөтүүнү көздөп, буйрутма макала жарыялап жүргөн профессор Брендa Шафферди ашкереледи.
Дагы жүктөңүз