Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Орусияда ФЛЕКС программасы токтоду


ФЛЕКС программасы менен барган орус окуучулары Мичигандагы фестивалда, 2013-жыл.
ФЛЕКС программасы менен барган орус окуучулары Мичигандагы фестивалда, 2013-жыл.

Орусия окуучуларды алмашуу боюнча FLEX (ФЛЕКС) деп аталган билим берүү программасынан баш тартты. Орус өкмөтүнүн Украинадагы кризистен улам АКШ-Орусия мамилеси салкындап кеткен тушта жасаган бул кадамы программанын бүтүрүүчүлөрүнүн жана болочоктогу катышуучуларынын нааразылыгын пайда кылды.

АКШ тараптан каржыланып, 20- жылдан ашык убакыттан бери окуучуларды алмашуу багытында иш жүргүзүп келген ФЛЕКСТИН Орусияда токтоп жатышы программанын бүтүрүүчүлөрүнүн, ошондой эле азыркы студенттеринин арасында ишенбөөчүлүктү жана ызаланууну жаратты.

Көптөр орус өкмөтүнүн чечимине социалдык медиа түйүндөрү аркылуу нааразылык билдиришти.

Твиттердин бир колдонуучусу «Алар менин кыялымды тартып алышты. Рахмат. Мен биринчи мүмкүнчүлүк болгондо эле бул жактан кетем» деп жазат.

2004-2005 жылдары Сиетлда окуп келген Мария Шалашинанын айтымында, москвалык өспүрүмдөргө илимий жана маданий мүмкүнчүлүктөр баардык жагынан жеткиликтүү болуп турган чакта, Орусиянын алыскы аймактарындагы жогорку класстын окуучулары үчүн ФЛЕКС башка маданият менен таанышуу үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк эле.

- Бул сынактын мындан ары өткөрүлбөй калышын же белгилүү бир убакытка токтотуп калышын чоң жоготуу деп эсептейм. Саясат деген саясат, ал эми кимдир бирөө үчүн бул болуп көрбөгөндөй тажрыйба. Бул мүмкүнчүлүктү башкалар колдоно албай кала турганы кейиштүү, - дейт Шалашина.

Мектептин жогорку класстарынын окуучуларын АКШга бир жылдык билим алууга жөнөткөн программадан баш тартуусун 30-сентябрда орус өкмөтү Москвадагы АКШ элчилигине маалымдаганын Американын Орусиядагы элчиси Джон Теффт билдирди.

Ал өз билдирүүсүндө 21 жыл ичинде 8000ден ашык орус окуучусу америкалык үй -бүлөлөрдө жашап, окуп келишкенин белгиледи.

Маданий өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү максатын көздөгөн бул программа АКШнын мамдепартаментинин колдоосу менен 1992- жылы негизделген. Анын алкагында мурдагы Совет республикаларынын жеткинчектери АКШнын окуу жайларынан бир жылдык билим алып келишет.

Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Украина сыяктуу өлкөлөрдү камтыган бул программа башталгандан бери ага жыйырма миңден ашык студент катышкан.

Москвадагы MAGRAM аналитикалык борборунун президенти Мария Малыхина оюнча, 1994-1995 жылдарда Орегондо өткөргөн бир жылы англис тилин жана маданий өз ара түшүнүүнү гана өнүктүрбөстөн, өздүк көз карандысызыкты да түшүнүүгө жардам берген. Ал орус өкмөтүнүн позициясы өзгөрөт деген үмүттө.

- Мектеп окуучуларын алмашуу бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп келет жана бул байыртан келе жаткан салт. Албетте мындай мүмкүнчүлүктүн токтоп жатышы абдан кейиштүү. Ошентсе дагы ал келечекте кайра кайтып келээринен үмүттөнөм.

Малыхина ФЛЕКС программасын аяктап. Ийгиликтүү профессионалдык карьера куруп кеткен көптөгөн бүтүрүүчүлөрдүн бири. Алардын арасында Russia Today деп аталган орус телеканалынын башкы редактору, белгилүү журналист Маргарита Симоньян да бар экени белгилүү.

Ал ортодо орус бийликтери мындай кадам баруунун себебин түшүндүрдү. 1-октябрда жасаган билдирүүсүндө балдар акыйкатчысы Павел Астахов студенттерди алмашуу программасы менен барган бир студент бир жыныстуу түгөйдөн турган үй бүлөгө туш болуп калганын билдирип, бул орус өкмөтү үчүн ФЛЕКС программасынан баш тартуусуна бирден бир себеби болгонун билдирди.

Астаховдун ырастоосунда, ал бир жыныстуу үй бүлө кийинчерээк Орусияда энеси бар ал өспүрүмдү «мыйзамсыз асырап алган».

ФЛЕКС программасын жетектеген мекеме – Эл аралык билим боюнча америкалык кеңештин вице-президенти Давид Паттон «Эркин Европа/ Азаттык» радиосу менен маегинде 2013-2014 жылдагы окуучуларды алмашуунун бир орусиялык катышуучусу программаны бүтүрүп, анын юрисдикциясынан чыккандан кийин АКШда калып калганын бышыктады. Бирок ал салтуу эмес үй-бүлөгө жайгаштырылган деген маалыматты четке какты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG