Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Орусиянын Белградды колдоо ниети


Сербия менен Орусиянын достугун даңазалаган футболка. 16-октябрь, 2014-жыл.
Сербия менен Орусиянын достугун даңазалаган футболка. 16-октябрь, 2014-жыл.

Орусия Сербияны Косово маселесинде колдоону улантат. Президент Путин мындай убаданы кечээ Белграддагы мамлекеттик сапары учурунда берди.

Анын визити азыркы серб бийликтеринин Москва жана Брюссель менен мамилени өтө кылдат тең салмактоого умтулуусун да көргөздү.

Путин Белградда серб борборунун нацисттик оккупациядан бошотулганынын жетимиш жылдыгына арналган аскерий парадга ардактуу конок катары катышты.

Алгач бул салтанат 20-октябрда белгиленери мерчемделген эле. Айрым маалымат каражаттары серб бийликтери салтанатты Путиндин иш жадыбалына байланыштуу төрт күн алдыга жылдырганын жазып чыгышты.

Белграддагы мамлекеттик сапары учурунда кечээ Путинге Сербиянын чет өлкөлүктөр үчүн эң жогорку сыйлыгы да ыйгарылды. Серб президенти Томислав Николич менен сүйлөшүүлөр учурунда Путин Москва Белградды Косово талашында колдоону улантарын убада кылды:

- Сиз Орусиянын Косово боюнча турумун эскерип өттүңүз. Орусиянын принципиалдуу позициясы биздин достукка, жакындыгыбызга эле эмес, эл аралык укукка жана адилеттүүлүккө да негизделген. Бул принципиалдуу позициябыз эч качан өзгөрбөйт. Биз Сербияны колдогонбуз жана колдой беребиз. Орусия достук менен соодалашпайт, - деп ырастады Путин.

Орусия 1999-жылы ал кездеги Югославияны НАТО учактарынын бомбалоосун кескин сынга алып, кийинчерээк негизинен албандар жашаган Косово Сербиядан көз карандысыздык жарыялашына каршы чыгып, БУУга мүчө болушуна тоскоолдук кылган.

Ошол эле маалда бир топ өлкөлөр, анын ичинде АКШ мурдагы Югославиянын автономдуу аймагынын көз карандысыздыгын тааныган.

2010-жылы БУУнун эл аралык соту Косовонун төбөлсүздүк жарыялашы эл аралык укук нормаларына каршы келбестигин айткан эле.

Серб президенти Томислав Николич кечээ өз өлкөсүнүн Москва менен алака-катышына баа берип жатып:

- Сербия Орусияны улуу союздаш жана өнөктөш катары көрөт. Сербия Орусияга жаман мамиле жасоо менен өз принциптерин эч убакта буза албайт. Бизде бөлөк тандоо жок, биз башкача кыла албайбыз. Биздин экономикалык кызматташтык достугубузга эриш-аркак кетүүдө.

Бирок Путиндин сапары Сербиянын өлкөнү Еврошаркетке мүчө кылууга умтулуп жаткан азыркы бийликтеринин Москва жана Брюссель менен мамилени кылдат тең салмактоо мүдөөсүн да ачыктады.

Серб премьер-министри Александр Вучич Путин менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйында:

- Сербия өзүн Еврошаркетти көздөй жолдон көрөт жана бул жолдон эч качан тайбайт. Сербия Орусияга анын суверендүү чечимин урматтаганына, Сербияны саясий чечимдеринен баш тартууга эч качан түртпөгөнүнө, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтаганына ыраазы.

Путин Сербиядагы сапарын Евробиримдик өлкөлөрү курулушун токтотуп койгон «Түштүк агым» газ кууру долбоорун түртүү үчүн да пайдаланды.

Серб өкмөт башчысы Александр Вучич Еврошаркет менен Орусиянын ортосунда куурдун мыйзамдуулугу боюнча макулдашуу жетишилмейинче алар да курулушту өз аймагында баштай албасын өткөн аптада эле ишара кылган.

Орус газын Европага Украинага кирбестен жеткирүүнү караган экинчи куурдун курулушунан Еврошаркет өлкөлөрү баш тартып жатканына украин кризиси түрткү берди.

XS
SM
MD
LG