"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
“Жаңы Зеландиянын калкы абдан ак ниет жана эч кимге жамандык каалабайт”,-дейт бул өлкөдө окуган журтташыбыз Темирлан Сейитбеков.
Украинадагы президенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Ар кайсы сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда учурда талапкерлердин арасынан куудул, актер Володимир Зеленский алдыда баратат.
Нооруз майрамын Германиянын ар кайсы шаарларында отурукташкан кыргыздар шаңдуу белгилешти. Франкфурт шаарындагы кыргыздар Борбор Азиялыктар менен биргеликте майрамдашса, Берлин, Гамбург шаарларында тургандарга Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова баш болгон маданият өкүлдөрү барды.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллердин 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсү тууралуу иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул анын администрациясы үчүн толук реабилитация экенин жарыялады.
Хостел - баасы арзан, социалдашкан мейманкана. Анда бир керебетти ижарага алсаңыз болот. Бир бөлмөдө он чакты же андан көп аялдар же эркектер консо болот, даараткана жана жуунган жерлери жатаканадагыдай жалпы жайлар болгондуктан кезекке туруп калышыңыз мүмкүн.
Якутияда (Саха Республикасында) абал тынчыганы менен ал жакта автобус айдап иштеген кыргызстандыктар жумушка чыккандан кооптонуп турат. Бул тууралуу Якутск шаарында автобус айдаган Жаныбек Дүйшөнбеков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
20-мартта Эл аралык бактылуулук күнү белгиленди. Аны утурлай Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жыл сайын бактылуу мамлекеттердин тизмесин жарыялайт. Быйылкы тизменин башына экинчи жыл катары менен Финляндия чыкты. 156 өлкөнүн ичинен Кыргызстан мурдагы ордунан жогорулап, 86-сапта турат.
Казакстанда Касым-Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка киришти. Анын ордуна Сенаттын спикери болуп Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева шайланды. Якутияда мигранттар иштеген жерлерде жапырт текшерүү жүргүзүүгө тапшырма берилди. 20-март - Эл аралык бактылуулук күнү.
Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткени менен өлкөдө кескин өзгөрүүлөр болбойт. Мындай пикири менен Казакстандагы оппозициячыл публицист, Назарбаевдин бийлиги маалында үч жарым жылга кесилип, абакта отуруп чыккан Сергей Дуванов “Азаттыктагы” маегинде бөлүштү.
«Мигрант аялдын жолу» түрмөгүнүн бул жолку каарманы Чынара Арыкбаева. Ал Европадагы үч мамлекетте башынан өткөргөн кыйын күндөрдү, аларды кантип жеңгенин айтып берди.
Жаңы Зеландиядагы эки мечитке кол салуудан 49 киши курман болду.
«Азаттык» миграцияда жүрүп канчалаган оор күндөрдү башынан өткөрсө да баарын жеңип, үй-бүлөсү менен катар коом жүгүн көтөргөн аялдардын тагдырлары тууралуу «Мигрант аялдын жолу» түрмөгүн сунуш кылат.
Жапонияда 1-апрелден тарта чет өлкөлүк жарандарды мыйзамдуу түрдө жумушка ала турган жаңы мыйзам күчүнө кирет. Бирок ал мыйзам кыргызстандыктарга бул мамлекетке барып иштөөгө жол ачпайт.
АКШда сегиз жылдан бери жашаган журтташыбыз, Борбор Азия өлкөлөрүнө, Грузия жана башка мамлекеттерге автоунаа жөнөтүү менен алектенген Жеңиш Исаков “Азаттыкка” ой бөлүштү.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултандын тегерегинде ар кандай кеп-сөздөр айтылып келет.
Венесуэлада президент Николас Мадурого каршы чыккандар менен өкмөттү колдогон армия өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуу уланып жатат.
Молдовада парламенттик шайлоого саналуу күн калганда оппозициянын эки лидери ууландырылганын айтып чыкты. Президент Нурсултан Назарбаевдин сынынан кийин казак өкмөтү кызматтан кетти.
Америкалык “The Washington Post” басылмасы Тажикстандын аймагында Кытайдын жашыруун чек ара бекети жайгашканын жазды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөсүндөгү азык-түлүктүн кымбатташына ортомчуларды айыптап, аларды террорчуларга теңеди.Орусиянын президенти Владимир Путин Москва АКШнын ку
Токио алдыдагы беш жылдын ичинде 340 миң чет элдик жаранды ишке алууну пландап жатат.
"Фейсбук" Орусиянын мамлекеттик RT же мурдагы Russia Today телеканалына байланышы бар баракчаны жаап салганын каналдын башкы редактору Маргарита Симонян билдирди. Социалдык түйүндүн жетекчилиги маалыматты бышыктай элек.
Дагы жүктөңүз