Бирок дүйнөдө хостелдердин сапаты жогорулап, тазалык, коопсуздук маселелери улам оңолуп бараткандыктан, айрыкча жаш саякатчылар арасында алар популярдуу жатак жайына айланууда.
Кыргызстандык ишкерлер Рахат Медербекова менен Айбек Усупбеков 2011-жылы Алматы шаарында «Almaty Backpackers» аттуу биринчи хостел ачышкан. Эки жыл мурун бул хостел калаадагылардын эң мыктысы деп табылган.
Түгөйлөр Германияда өткөн «ITB Berlin» эл аралык туристтик жарманкесине катышып, андан соң Прагадагы «Азаттыктын» кеңсесине баш багышты. Рахат Медербекова хостел бизнеси тууралуу кеңири маек курду.
«Азаттык»: - Рахат, эмнеден улам Алматы шаарында хостел ачууну чечтиңер? Биринчи болгондон корккон жоксуңарбы?
Рахат Медербекова: - Алматы шаарындагы эң биринчи хостелди 2011-жылы ачтык. Андан бир аз мурда жолдошум Айбектин тайпалашы, чехиялык Дита атуу кыз Алматыга конокко келүүнү чечкен. Ал бул жактан хостел издеп, таба албай койду. Ошондо ал бизге хостел ачууну сунуш кылды. Ал кезде биз хостел деген эмне экенин да билген эмеспиз. Дита бизге баарын түшүндүрүп берди. Биз ойлонуп, маалымат топтоп, иштетип көрөлү деп чечтик.
Ошентип өзүбүздүн батирибизди хостелге айланттык. «Almaty Backpackers» деп каттодон өткөрүп, Интернетке жарыяларды жайгаштырып, алгачкы конокторубузду кабыл алдык. Ишибиз жүрүшүп кетти. Көп өтпөй Бишкекте жана Караколдо да хостелтерди ачтык.
«Азаттык»: - Дароо эле оңой болуп кетпесе керек, анын үстүнө Алматыда ачуу канчалык оор болду?
Рахат Медербекова: - Албетте, жеңил болгон жок. Анткени хостел ачканга чейин биз өзүбүз эч качан ишкерлик кылган эмеспиз. Мен Дүйнөлүк банктын Алматыдагы бөлүмүндө иштечүмүн, жолдошум ар кандай долбоорлор менен алектенип келген. Бул биздин ишкерликтеги биринчи тажрыйбабыз болду.
Башында кээде көбүрөөк киши келип калса эмне кыларыбызды билбей алдастап калчубуз. Орун жетишпей калар эле. Анда балконго да керебет коюп жаткырууга аргасыз болдук. «Башка жакка бар» дейин десең Алматыда хостел жок. Келген коноктор Казакстан, Алматы тууралуу «Кайда барсак болот, эмнени көрсөк болот?» деген сыяктуу көп суроолорду беришер эле. Аларга туура жооп бериш үчүн өзүбүз ар кайсы булактардан - Интернеттен, китептерден маалыматтарды окуп, билип, үйрөнгөнгө туура келди. Батирибизге келген кишилер көбөйгөн сайын коңшуларыбыз жактырбай, арыздана башташты. Ошондон улам өзүнчө имаратты ижарага алып, көчтүк.
«Азаттык»: - 2017-жылы «Almaty Backpackers» шаардагы эң мыкты хостел деп табылган экен. Мындай макамды алыш үчүн кандай жогорку сапаттарга ээ болуш керек? Кандай критерийлер эске алынат?
Рахат Медербекова: - Бул наамды биздин хостелдин коноктору ыйгарды десем болот. Анткени алар конуп кеткенден кийин Интернеттен баа беришет. Баалар топтолуп, алардын жыйынтыгы менен мыктылар аныкталат. Коноктор ар кандай критейлер боюнча баа беришет. Маселен, алар биринчи кезекте хостелдеги атмосферага көңүл бурушат. Адамдардын бири-бири менен таанышуусу, баарлашуусу үчүн түзүлгөн шарттар, меймандардын көңүлүн көтөрүүгө багытталган иш-чаралар маанилүү.
Албетте, андан кийинки эле орунда тазалык турат. Хостел бардык санитардык нормаларга жооп бериши керек. Хостелдин жайгашкан аймагына да маани берилет - туристтик жайларга жакын болушу, борбордук аянтка же көчөлөргө түз транспорт катташы коноктор үчүн ыңгайлуу. Анан керебеттердин ыңгайлуулугуна да көңүл бурушат.
Хостелдин кызматкерлеринин меймандарга кылган мамилесине, тейлөөсүнө өзүнчө баа коюлат. Албетте, катачылык кетип калса, алардын көңүлүнө толбой калса алар начар баа коюшат жана өз пикирлерин да калтырышат. Жакшы баа көп болсо Интернеттеги рейтинг жогорулайт. Ал эми башкалар ошол рейтингге карап бизди тандашат.
«Азаттык»: - Силер Алматыда биринчи болуп хостел ачыпсыңар. Бирок азыр алардын саны көп болсо керек. Атаандаштык күчтүүбү? Ага кантип туруштук берип жатасыңар?
Рахат Медербекова: - Ооба, биз ачканда бир да хостел жок эле. Көп өтпөй эле 2-3 хостел пайда болду. Азыр Алматыда алардын саны жүздөн ашат. Атаандаштык күчтүү. Ошондуктан биз бардык жагынан мыкты болгонго тырышабыз. Жогоруда айтылгандай биз меймандардын көңүлүн калтырбай, аларды жакшы узатуу үчүн бардык аракеттерди кылабыз. Ар бир хостел анын негизги мейманы ким экенин так билип, ошого жараша иш жүргүзүшү керек.
Алматыдагы хостелдер экиге бөлүнөт: жергиликтүүлөргө, анан чет өлкөлүк туристтерге багытталгандарга. Негизинен чет жактан келген меймандарды тейлеген хостелдин кызматкерлери сөзсүз жок дегенде англис тилин же бир нече чет тил билиши абзел. Ал эми эми жергиликтүүлөрдү тейлеген хостелдерде кызматкерлер орус, казак тилин билишсе жетиштүү. Алматыдагы хостелдердин көбү жергиликтүүлөрдү, тактап айтканда башка шаарлардан, айыл-райондордон келген адамдары тейлешет. Биздин хостел Көк-Төбөнүн этегинде жайгашкан. Көк-Төбөгө, Медеуга меймандар жөө бара алышат, ал эми Чимбулакка түз автобус каттайт. Андан тышкары шаардын борбордук бөлүгүнө, жашыл базарга да түз коомдук транспорт жүрөт.
«Азаттык»: - Ошондо силер жергиликтүү экскурсия көрсөткөн компаниялар менен иштешесиңерби же меймандарды өзүңөр кыдыртасыңарбы?
Рахат Медербекова: - Меймандардын суроо-талаптарынан улам үч жыл мурун туристтик агенттик да ачканбыз. Аларды кыдыртууга улам башка компанияларга кайрыла бербей, биз өзүбүз тейлеп, эки жакка алып чыга баштадык. Биздин компания жалаң эле Алматынын айланасында эмес, Чарынга, Көлсай көлдөрүнө, Алтын-Эмел улуттук паркына да турларды уюштурат. Былтыртан бери конокторубузду Кыргызстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга да алып бара баштадык.
«Азаттык»: - Силердин хостелге кайсы мамлекеттен көбүрөөк келишет?
Рахат Медербекова: - Биздин статистикага караганда баарынан көп коноктор Германиядан келишет. Экинчи орунда Франция, анан Кошмо Штаттар турат. Учурда жаштардын көбү хостелдерге артыкчылык беришет. Анткени баасы арзан.
Кийинки жылдары бюжеттик туризм абдан өнүгүп жатат. Бул аз эле акча менен көп өлкөнү кыдыруу дегенди билдирет. Хостелден сен калаа тууралуу, арзан ашканалар тууралуу, айтор шаарды көп акча коротпой кыдыруу боюнча керектүү маалыматтардын баарын ала аласың. Ошондой эле хостелден башка адамдар менен да таанышып, баарлашууга чоң мүмкүнчүлүк ачылат. Албетте, алар менен сүйлөшкөндө дүйнө таанымың кеңейет. Жарнамалоо жолу албетте, Интернет аркылуу жүргүзүлөт. Хостелдердин көбү эле азыр онлайн иштейт.
«Азаттык»: - Ишкерлик менен алектенүүгө жаңыдан бел байлаган жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз? Эмнеге көңүл буруш керек?
Рахат Медербекова: - Баарынан маанилүүсү – жүргүзгөн ишиң сага жагышы керек. Жакпаса аны жүргүзүү кыйын болот. Анткени ишти башташ оңой эле, ал эми аны андан ары улантып кетүү оор. Баарына даяр болушуң керек. Маселен, хостелдин кызматкерлери ишке чыга албай калган учурда баарын өзүм жасап, полдорду, дааратканаларды жууп, айтор бардык иштерди өзүм аткарганга туура келчү. Ошондуктан баштаган бизнесиң өзүңө жагып, андан ырахат алгыдай болушуң керек. Сага бизнесиң жакса кыйынчылыктардын баарына чыдайсың. Ал эми жакпаса бир-эки оорчулуктан кийин эле жапкың келип, тажай баштайсың жана аны андан ары улантууга да алың жетпей калат.