Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:01

Тамаша эмес: Зеленский алдыда


Актер, Украина президенттигине талапкер Володимир Зеленский.
Актер, Украина президенттигине талапкер Володимир Зеленский.

Украинадагы президенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Ар кайсы сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда учурда талапкерлердин арасынан куудул, актер Володимир Зеленский алдыда баратат.

“Рейтинг” деп аталган социологиялык топтун соңку сурамжылоосуна караганда, шоумен, “Эл кызматчысы” партиясынын лидери Володимир Зеленский алдыда. Аны украиналыктардын 25% колдоого даяр.

“Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко үчүн калктын 18,8% өз добуштарын берүүгө ниетин билдиришсе, азыркы президент Петро Порошенкону колдоого шайлоочулардын 17,4% дилгир.

Баары телесериалдан башталган

"Эл кызматчысы" же "Слуга народа" сериалынын башкы каарманы - тарых мугалими Василий Петрович Голобородько. Ал бийликке нааразычылыгын билдирип, ичиндегисин төккөндө окуучулардын бири уюлдук телефонго тартып алып, Интернетке жайгаштырып коёт. Анын айткандары башкаларга да жагып, эл колдойт. Мындан улам Голобородького окуучулары президенттике талапкерлигин коюуну сунушташат. Ошентип шайлоодо мугалим утуп, өз элин ойлогон, чынчыл жана ак ниет мамлекет башчы болуп калат. Ал эми дал ушул каармандын ролун аткарган куудул жана актер Володимир Зеленскийдин эл арасындагы атактуулугу сериал чыккан соңку эки жыл ичинде дагы жогорулады.

Былтыр жыл аягында ал кинодо эмес, чыныгы жашоодо президенттикке ат салышарын жарыялаган. Ошондон бери Зеленский сурамжылоолордо алдыңкы позициялардан түшпөй, ал эми соңку кездери биринчи орунда келатат. Байкоочулар көптөр анын сериалдагы каарманына ишенип жатышканын айтышса, башкалары украин эли жаңы лидерге муктаж болуп турганын, эски жүздөрдөн чарчаганын айтышууда.

"Бул - кино эмес. Бул - чыныгы жашоо. Мен Украинага чын жүрөгүмдөн жардам бергим келет. Мен бул жерден жеке пайда издеген жокмун. Мен адамдарга жардам бергим келет. Алар мага ишенишет жана бул кадамды жасоого да элим түрттү", - деп айткан Зеленский.

Зеленский шайлоо кампаниясын да башкалардан өзгөчө жүргүзүп жатат. Ал эл менен жолугушууларды өткөргөн жок жана кеңири маектерден да баш тартууда. Зеленский болгону бир жолу "1+1" телеканалындагы берүүгө катышып, алдын ала даярдалган суроолорго жооп берди.

Эксперттер куудулдун шайлоо кампаниясы "Эл кызматчысы" сериалынын бешинчи сезонунда чагылдырылганын айтышууда. Анткени учурда кинодогу каарманы Голобородько да шайлоого камынып жатат.

Саясат таануучу Олег Саакян Зеленскийдин командасы шайлоочулар кабыл алган виртуалдык образды бузуп албоону көздөйт деп эсептейт.

- Эгер Зеленский маектерди берип, өзүнүн оюн билдире баштаса ага жан тарткан шайлоочулар ойлорун өзгөртүшү мүмкүн. Зеленскийдин командасы негизи парламенттик шайлоого даярданып жаткан, бирок жылдыздар дал келишип эле Зеленский президенттик шайлоого ат салышууну чечип калды.

Баш кеңсеси Америкада жайгашкан Эл аралык республика институту жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Зеленскийди негизинен 18-35 курактагы жаштар колдошот. Анын "Инстаграмдагы" баракчасына 2,8 миллион адам жазылган. Азыркы президент Петро Порошенкого 194 миң жазылган. Володимир Зеленский башка социалдык тармактарда да активдүү.

Актер, куудул жана президенттикке талапкер Зеленский "Эл кызматчысы" сериалынын соңку эпизоддоруна тартылып жатат. 6-март, 2019-жыл. Киев.
Актер, куудул жана президенттикке талапкер Зеленский "Эл кызматчысы" сериалынын соңку эпизоддоруна тартылып жатат. 6-март, 2019-жыл. Киев.

Володимир Зеленский окумуштуунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Александр Зеленский техника илимдеринин доктору, профессор. Бир топ жыл Киевдин Улуттук экономика университетинде Информатика кафедрасын жетектеген. Апасы Римма Зеленская 40 жылдай инженер болуп эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда.

Атасынын ишине байланыштуу Володимирдин балалыгы Монголиянын Эрденет шаарында өткөн. Ал мектептин биринчи классын аяктаганда гана үй-бүлөсү менен Украинага көчүп барышкан.

Зеленский мектептин жогорку класстарында окуп жүргөндө эле маданий иш-чаралардын баарына катышып, жергиликтүү КВН командаларда ойноп келген. Чыгармачылыгын университетте да уланткан. Ал Киев Улуттук экономика университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1998-жылы достору менен бирге "95-квартал" деген студия жана ушундай эле аталыштагы КВН команда түзүшкөн. Аталган команданын курамында алар КВНдин Жогорку Лигасынын жарым финалына чейин жетишкен. Зеленский Орусияда бир катар телешоуларды да алып барган.

Володимир Зеленский "95-квартал" шоусуна катышып жатат. 26-март, 2019-жыл.
Володимир Зеленский "95-квартал" шоусуна катышып жатат. 26-март, 2019-жыл.

"Зеленскийди президент катары көрбөйбүз"

Анын куудулдук, актердук талантын сыйлагандардын айрымдары Зеленскийди саясаттан көрө албай турганын айтышат.

"Ал мен үчүн бизнесмен жана куудул. Бирок аны саясатчы катары көрбөйм. Ошондой эле мен мамлекет башчысынын кызматы бул өзүңдүн дараметиңди текшерчү орун эмес деп ойлойм",-дейт Киевдин тургундарынын бири.

Мындай пикирге кошулгандардын арасында Зеленскийдин атаандашы, президенттикке талапкер Юлия Тимошенко да бар. Ал телеканалдардын бирине курган маегинде "Володя элдин саясий жактан өзүн өзү өлтүрүү жөндөмүн сынайт",-деп айтты.

Көптөр Зеленскийдин артында президент Петро Порошенконун каршылашы, олигарх Игорь Коломойский турат деп эсептешет. Коломойский "Эл кызматчысы" сериалын көрсөткөн "1+1" телеканалынын ээси. Бирок олигарх да, Зеленский өзү да мындай дооматтарды четке кагышууда.

Жакында эле "Эркин Европа/Азаттык" радиосу жүргүзгөн иликтөөдө Зеленский Орусиядагы ишмердүүлүгүн 2014-жылы эле токтотконун ырастаганына карабастан, ушул күнгө чейин орусиялык үч кино жана телекомпания менен кызматташарын аныктаган. Башында муну мойнуна албай жаткан Зеленский бир нече күн мурда Орусияда коммерциялык кызыкчылыктары бар экенин бышыктап, бул тууралуу өзү ачык маалымат берерин ишара кылды.

Володимир Зеленскийди олигарх Игорь Коломойский менен байланыштырып сындаган жарнактар. Львов. 8-февраль, 2019-жыл.
Володимир Зеленскийди олигарх Игорь Коломойский менен байланыштырып сындаган жарнактар. Львов. 8-февраль, 2019-жыл.

Зеленский үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы. Жубайы Елена менен бир мектепте окуган.

31-мартта өтө турган президенттик шайлоого учурда 39 талапкер ат салышууда. Алардын арасында саясатчылар, журналисттер, согуш ардагери, күч түзүмдөрүнүн өкүлү да бар. Ал эми сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда азыркы президент Петро Порошенко, куудул Зеленский жана "Батькившина" партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко фавориттердин катарында. Эгер талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайызын албаса шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Ал алдын ала 21-апрелге белгиленди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG