"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Пентагон Жакынкы Чыгышка 5000дей аскер жөнөтүү планын караштырып жатканы кабарланды. АКШда аборт маселеси чоң саясий талкууга айланды. Орусияда тажикстандык мигрант аны департациялоону караган соттун чечимине каршы арыз менен кайрылды. Ал жол эрежесин бузганы үчүн "кара тизмеге" түшкөн.
Казакстанда «куралдуу жихадга чакырык ташташкан» деген айып менен бир жарым жыл мурда камакка алынган Алмат Жумагуловго, Кенжебек Абишевге жана Оралбек Омыровго чыгарылган соттун өкүмү күчүнө кирди.
Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Индонезияда шайлоодон кийинки башаламандыкта кеминде алты киши мерт болду. Ирак АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу үчүн Вашингтонго жана Тегеранга делегация жиберет.
Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" түрмөдөгү тополоңдо өлгөндөрдүн саны бийлик билдиргенден кыйла көп экенин айтууда.
Москвада кыргызстандыктардын форуму өттү. Жаңы Зеландияда эки мечитке кол салган адамга террочулук боюнча расмий айып тагылды. Тажикстанда түрмөдөгү тополоңдо курман болгондордун айрымдарынын сөөгү жерге берилди.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн сот тармагында радикалдуу реформа жүргүзүүгө чакырды. Ал өзүн бийликке алып келген бир жыл мурдагы революциянын «экинчи баскычы» башталганын 20-майдагы конференцияда айтты.
Тажикстандагы колонияда чыккан тополоңдо каза тапкандардын саны 32ге жетти. Украинада жаңы президент Владимир Зеленский ант берип, кызматка расмий киришти. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "революциянын экинчи жана эң башкы баскычы” башталганын жарыялады.
Кошмо Штаттар "Кумсаларды тазалоо" операциясына тиешеси бар делген Чеченстандын күч түзүмдөрүнө жаңы каржылык санкцияларды киргизди.
Дүйнө лидерлери жана ири технологиялык компаниялардын жетекчилери Парижде Интернеттеги экстремизмге каршы жыйынга чогулушту.
14-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Сочиде жолугушту.
Дүйшөмбүдө Филиппинде улуттук шайлоо өттү. Байкоочулар бул жолу президент Родриго Дутертенин партиясы Сенатта көпчүлүк орунга ээ болсо, өлкөдө Конституцияны өзгөртүүгө жана өлүм жазасын киргизүүгө жол ачыларын белгилеп жатат.
АКШ Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына тарифтерди 25 пайызга чейин көтөрөрүн билдирди. Орозо айында Тажикстанда эт кымбаттады. Пхеньяндын ракета сыноосун Жапония менен Түштүк Корея сындашты.
9-майда Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында полиция бир нече адамды кармады. Кошмо Штаттар Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Кабулдагы эл аралык уюмдун кеңсесине согушкерлер кол салып, тогуз кишинин өмүрү кыйылды.
Эки жыл мурда Евробиримдик грузин жарандарына виза маселесин жеңилдеткенден тарта шаркеттин аймагына, өзгөчө Польшага агылган грузин мигранттарынын саны кескин өстү.
Москвада мыйзамсыз мигранттар үчүн жасалма документтерди даярдоо жана сатуу менен алектенген ондогон борбор азиялыктар кармалды.
Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясы Стамбулдагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Орусиянын Пенза шаарынын жыйырмадан ашуун мектепте хижаб кийүүгө тыюу салынды. Казакстанда 1-майда бийликке каршы митингге катышкандардын арасында айыпка жыгылгандар көбөйүп жатат.
Адамзаттын табиятка тийгизген таасиринен улам жакынкы он жылда бир миллиондой жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрү жоголуп кетиши мүмкүн.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дыйкандарга орозону кийинчерээк кармоого кеңеш берди.
Иран Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары менен жакшы алакада болууну каалайт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф 1-майда Дохада өткөн «Азиядагы кызматташтык диалогу» деген жыйында билдирди.
Тажик бийлиги Ирактан 84 баланы алып келди. Алардын аталары террордук топко кошулуп, согуш талаасында өлгөн же дайынсыз жоголушкан. Ал эми энелери Багдад түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Дагы жүктөңүз