Депутат Баяман Эркинбаев 21-сентябрда белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Депутаттын өлүмүнөн кийин кырк күндүгү, орозо айт майрамы өтсө да, аны өлтүргөндөр табылбаганына нааразы болгон бир туугандары 8-ноябрда Жалалабат облустук бийлигинин маңдайына боз үй тигишип, таң заардан нааразылык акциясын баштады. Алар ооздорун жүзаарчуу менен жаап, бири-бирин жип менен байлап, ар кимиси өз жанына күйүүчү май менен ширенке жана отташтарды коюп алышкан. Бозүйдө олтургандардын өкүлү нааразылык акциясы Баяман Эркинбаевди аткандар табылганча улантылып, болбосо өздөрүн өздөрү өрттөөрүн билдирди.