Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин бир туугандары облустук бийлик имаратынын алдына түнкү саат төрт жарымдарда келишкен. Имараттын кең аянтына анын портреттери менен өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталып, менчикке кол тийбестикти, Баяман Эркинбаевди өлтүргөндөрдү тез арада таап-жазалоону талап кылган тасмалар илинген. Бозүйдө олтурган жыйырма адам бири-бирин жип менен байлашып, оозун жүзаарчуу менен жаап алышкан. Ар кимисинин алдында 20 литрлик бензини бар идиштер менен ширенкелер жана отташтар турат. Алар журналисттердин, байкоочулардын, бийлик өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартууда.
Депутаттын сүйлөөгө араң макул болгон жээни Мурат Жусупов «Баяман Эркинбаевди өлтүргөндөр Карасуу базары менен “Алай” мейманканасына чабуул жасагандар» - деген шектенүүсүн айтты. Мураттын пикири боюнча, сыналгыда таякеси тууралуу туура эмес айтылып жатат жана коркутуу-үркүтүүлөр болууда. Баяманды өлтүргөндөр табылбаса, бозүйдөгүлөр жан кыюуга даяр жана нааразылык акциянын мөөнөтү чексиз:
- Кыргызстанда акыйкаттык жок. Буга мисал катары айтып кете турган болсом Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбаев Баямандын өлүмүнө баш күнөөкөр болгон “Алай” мейманканасында, Карасуу базарында уюшулган топтун жетекчилери туура эмес айтып атышат. Туура эмес айтканына Баямандын туугандары жана жакындары жанынан кечкенге даяр тургандыгын көрсөтүп атат. Экинчиден, өзүн-өзү коргогон адамдар жазага тартылат, ошол жерге баскынчылардай болуп басып келген адамдар азыр
көчөдө жүрүшөт. Күч структура, бийлик тарабынан бизди кеткиле деген кысымдар көрсөтүлүп атат.
Депутаттын кайгыга баткан эжеси да эчтеме айта албады:
- Мен сүйлөй албайм, мен эжеси болом. Жүрөгүм толуп турат. Жыйынтык чыкканга чейин ушул жерде турабыз.
Жалалабат шаар тургуну Матлюбанын оюнда депутат Тынычбек Акматбаев өлгөндөн кийин өлкөдө боз үй тигип, митингге чыгуу өнөкөтү башталды. Азырынча митинг, пикеттерди токтото туруу керек. Андай өнөкөттөрдөн жаштар үлгү алууда.
Кырдаалды бийлик, ички иштер уюмдары ыраакта туруп көзөмөлдөөдө. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов Эркинбаевдин туугандары менен жолугушуп, тергөө жүрүп жаткандыгын жана жыйынтык чыгарын айтып, коркутуу жана кысым көрсөтүүлөр жөнүндөгү маалыматты четке какты:
- Акыйкаттык болот. Тергөө жүрүп атат, тергөө жүргөндөн кийин күнөөлүлөр сотко барат, сот чечет десем, кыркы чыкты кырк күн болду, качан жыйынтыгы чыгат, деп атышат. Пикетке чыгууга ар бир адам укутуу, ал силердин укугуңар, бирок мыйзам чегинде карайлы дедим. Эч кандай коркутуп-үркүтүү болгон жок.