Бейшембиге караган түнү Казакстандын Алматы шаарынын чет жакасындагы суу ташкындан жүздөгөн үйлөр жапа чегип, 900гө жакын адам коопсуз жайга көчүрүлдү.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри “Америка авазы” радиосуна Иранга каршы санкциялар жеңилдетилгени алты айдан кийин сезиле баштарын айтты.
Орусия бир жыл мурда Украина чыгышында Малайзия учагын атып түшүргөндөрдү эл аралык трибунал соттосуна каршы чыгып, Улуттар уюмуна өз резолюциясын сунуштады.
Өзбекстандын Улуттук кабар агенттиги ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары чогуу түшкөн сүрөттө Кытайдын лидери Си Цзинпиндин боюн кыскартып коюшу кызуу талкууга түштү.
Ушу күндөрү Өзбекстандагы автосалондор өзбек-америкалык биргелешкен GM-Узбекстан ишканасы чыгарган автомобилдерге жык-жыйма толуп турат. Өлкөдө мындай учур мурда болгон эмес.
Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен дүйнөнүн алты державасы корутунду келишимге жетишкенин Ирандын өкүлдөрү менен батыш дипломаттары кабарлашты.
Ирандын ядролук программасы боюнча дүйнөнүн алты державасынын сүйлөшүүсү акыркы баскычына келди. Корутунду келишим боюнча жыйынтык бүгүн жарыяланып калышы мүмкүн.
Борбор Азиянын кайсы өлкөсүндө диний-радикализмге байланышкан жагдай курч жана аймакта бул багыттагы кырдаал кандай?
Тажикстанда мындан ары жума намазы кандай окулары тескеле турган болду. Ички иштер министрлиги намаз аягына чыга электе эле туруп кеткендерге чара көрүлөрүн эскертти.
Армян полициясы кечээ эки жумадай бөгөлүп турган Еревандын борбордук башкы көчөсүн демонстранттардан бошотту.
Ирандын ядролук программасы боюнча талкуу жана талаш-тартыштар күчөп турган учур. Тарыхка кылчайсак, өткөн кылымдын 70-жылдарында Ирандын ядролук программасын түзүүдө АКШ негизги ролду ойногон эке
Астанада Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн зордукчул экстремизмге каршы биргелешип аракеттенүү жолдорун талкуулаган аймактык жыйында “Ислам мамлекети” тобунун коркунучу өзгөчө сөз болду.
АКШда Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдөгү Вашингтондун позициясы сынга кабылды.
Ереванда өтүп жаткан электр энергиясынын кымбаттоосуна каршы нааразылык акциясы жарым-жартылай токтоду.
Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу" партиясынын ондогон мүчөлөрү анын катарынан чыкканын коомчулукка жарыялап жатышат. Интернетте партиянын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн башчылары жана мүчөлөрүнүн мындай билдирүүлөрү байма-бай жайгаштырылууда. Партия жетекчилиги муну бийликтин кысымы менен жасалып жаткан иш катары баалайт.
Арменияда электр энергиясына тариф кымбатташынан чыккан нааразылык акциялары уланууда.
Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Би-Би-Сиге маегинде өзүн бийликтен кулатууга алып келген 2014-жылдын февралындагы окуяларда ажал тапкандар үчүн кайсы бир деңгээлде жоопкерчилик аларын билдирди. Бул Януковичтин бийликтен кеткенден бери Батыш маалымат каражаттарындагы биринчи интервьюсу болду.
Беларуста тажикстандык активист Шабнам Худойдодова кармалды. Анын кармалганын жакындары бир жумадан кийин гана билип, кандай шартта кармалып турганы боюнча маалымат ала алган эмес.
Ооганстандын Тажикстан менен чек аралаш аймагына топтолгон согушкерлердин саны 1,5 миңге чамалады. Арасында “Ислам мамлекети” радикал тобунун мүчөлөрү да бар.
Бельгияда мурдагы ЮКОС компаниясынын акционерлеринин доосу боюнча Орусиянын активдери камакка алынганы жатат.
Дагы жүктөңүз