Тажикстанда дүрбөлөң салып, Рамит капчыгайына жашырынып кеткен генерал Абдухалим Назарзода шаршембиде шериктери менен кошо тындым болду.
Сербия-Венгрия чек арасына топтолгон миңдеген качкындар эми Хорватияны көздөй агылып жөнөштү.
Европадагы мигранттар кризиси дале курч бойдон. Венгриянын Сербия менен чек арасында жүздөгөн качкындар акыркы үч күндөн бери полиция тосмосун бузуп өтүүдө. Дания болсо Германия менен темир жол катнашын убактылуу токтотту.
Тажикстан шаршембиде көз карандысыздыгынын 24 жылдыгын белгиледи. Бул кошуна өлкө бирок эгемендик күнүн жылдагыдан айырмаланып көп шаан-шөкөт менен коштобой, жупуну гана өткөрдү. Рамит капчыгайында болсо беш күн мурда Дүйшөмбү менен Вахадтта милицияга чабуул жасап, дүрбөлөң салып кеткен генерал Назарзоданы издөө уланууда.
Сирияга орус аскерлери жөнөтүлгөнү жана бул өлкөдө Орусиянын жаңы аскер техникасы пайдаланылып жатканы тууралуу жаңы далилдер чыгууда.
Тажикстандын коопсуздук күчтөрү Дүйшөмбү менен Вахдатта чабуул уюштурган деп айыпталып жаткан генерал Назарзода менен анын шериктерин издөөнү улантууда.
Көз карандысыздыктын 24 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн өзбек президенти Ислам Каримов Өзбекстан дүйнөдөгү тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн арасында бешинчи сапка чыгып, ички дүң өнүм жылына 8 пайыздан ашып жатканын айтты.
Дүйшөмбүдө орус акчасы доллар менен еврого карата дагы арзандады. Бул Орусия менен тыгыз экономикалык байланыштагы КМШнын башка өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө.
Македонияны кайрадан миңдеген мигранттар каптап кирди. Өлкө жекшембиде Греция менен чек арасын ачып, мигранттардын тоскоолдуксуз өтүшүнө жол берди.
Казак өкмөтү улуттук валюта – теңгенин курсун эркин кое берди. 19-августта 1 доллар баасы 188 доллар болсо, бир күндөн кийин, 20-августта 260 теңгегеден сатыла баштады.
Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш Риштан районунда соңку үч күндөн бери коопсуздук чаралары күчөтүлүп, куралчан эки жанкечти аялды издөө иштери уланууда.
Орусия Иранга атомдук электр станцияларын кургусу келет. Бирок мунун баары Ирандын ядролук программасы боюнча келишим күчүнө кирген соң гана ишке ашат.
Куляб шаарынын прокуратурасы орус аскер базасынын бир канча жоокерине ээнбаштык боюнча иш козгоп, алардын 20 чактысын суракка алды.
Орусияда 118 деңиз аскеринин өмүрүн алган "Курск" атомдук кемеси кабылган кырсыкка он беш жыл толду.
Өзбекстандын Үргөнч шаарында ондогон өмүрдү алган кайгылуу окуянын себептерин иликтөө үчүн өлкө президентинин буйругу менен түзүлгөн өкмөттүк комиссия ишке киришти.
Казакстанда сот ири ишкер Кайрат Жамалиевди 13 жылга эркинен ажыратып, дүнүйө мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү өкүмүн чыгарды.
Казакстанда “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы расмий өнөктүк күчөтүлүүдө. Аз күн мурда эле интернетте “Шайтан жолундагы жыныстык жихад” аттуу видеофильм пайда болду. Аны Казакстан мусулмандар дин башкармасына караштуу “Хикмет” студиясы тарткан.
29-июлда ооган өкмөтү "Талибан" кыймылынын башчысы Молдо Омардын өлгөнүн тастыктады. Талибдердин лидери мындан эки жыл мурда өлгөнү белгилүү болду.
Өзбекстанда Тажикстандан көчүп келген этникалык өзбектерге карата кысым күчөдү. Атүгүл көчүп келгенине бир канча жыл болуп, өзбек жарандыгын алгандардын да паспортторун кайра алып, "жарандыгы жок" деген күбөлүктөрдү карматып жатканы айтылууда.
Азербайжанда тыңчылык жана бир канча экономикалык кылмыштар боюнча айыпталган адам укугун коргоочу жубайлар Лейла менен Ариф Юнустун соту жүрүүдө.
Дагы жүктөңүз