Кыргызстандагы сөз эркиндигине жана журналисттердин жоопкерчилигине ар кандай баа берилип келет.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кышка отун-суу жетиштүү экенин айтууда.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Таластагы Жерүй алтын кенинин тагдырына кызыкты.
Жерүйдүн багы 25 жылдан бери ачылбай келет. 92-жылдан тарта ондон ашык инвестор алмашты. Чет элдик компаниялардын кыргыз өкмөтү менен түзгөн келишимдери ар кандай себептер менен ишке ашпай келет. Биринде инвестор банкрот болуп сызга отурса, биринде Кыргызстан миллиондогон доллар доого жыгылган.
Бейшеналиев учурда Борбордук Азия регионалдык институтун негиздеп, аны илимий-аналитикалык борбор кылуу аракетинде. Илимпоз Кыргызстандын билим берүү тармагын реформалоо боюнча ойлорун “Азаттыкка” бөлүштү.
Кыргыз-казак чек арасында жүздөгөн жарандардын жана жүк тарткан унаалардын топтолуп, өтө албай жаткан көрүнүш 10-октябрда башталган. 18-октябрда "Азаттыктын" кабарчылары Чүйдөгү "Ак тилек" жана "Ак жол" бекеттерине барып келди. Бул күнү да жаанда жүздөгөн эл чек арадан бир нече сааттап өтө албай тур
Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын 60 жаштагы тургуну Имаш Азарбаев айылын шаарга айлантуу аракетинде. Ал чет өлкөлүк уюмдардын көмөгү менен элет элинин жашоосун жеңилдетип келет.
Чек арада Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын саны 600гө жетти.
Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз турат. Чүйдөгү “Ак-Тилек” жана Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттериндеги Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын саны 600гө жетти. “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде болсо 600гө жакын жаран коңшу өлкөгө өтүү үчүн 2-3 сааттан кезек күтүүдө.
Кыргызстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер катышууда. Талапкерлердин баары түшкө чейин добуш беришти.
Мындан эки жыл мурда Сириядагы согуш талаасына ыктыярдуу кеткен тоңдук бир үй-бүлөнүн тагдыры тууралуу соңку сурамжылоо.
Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси жабык каралды.
“Ыңгайсыз суроолор” бул жолу Liglass Trading компаниясы жана тийиштүү аткаминерлердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылат.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кыргыз өкмөтү келишимди үзгөн чехиялык Liglass Trading компаниясы жана тийиштүү аткаминерлердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылат. Аталган компания Жогорку Нарын каскадын жана он чакан ГЭСти курмак.
Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров “Ислам мамлекети” террор тобунун катарында согушуп жүргөн кыргызстандыктар тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Анын айтымында, Сирияга кеткен 500дөн ашык жарандын 92си каза тапкан.
“РусГидро” компаниясы 37 миллион долларды өндүрүп алуу үчүн кыргыз өкмөтүн сотко берери белгилүү болду.
“Атамекенчи” Райкан Төлөгөнов ден соолугуна байланыштуу №47 жатак абагына которулат.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады.
5-6-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Ал президент Алмазбек Атамбаев, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана өкмөт башчы Сапар Исаков менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Мамлекет башчы менен болгон жолугушууда кыргыз-өзбек чек а
Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жана өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаган “Эркиндик форуму” өттү.
Дагы жүктөңүз