Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Абактагы Райкан Төлөгөновго операция жасалат


Райкан Төлөгөнов. Архив.
Райкан Төлөгөнов. Архив.

“Ата Мекен” партиясынын мурдагы депутаты, саясатчы Райкан Төлөгөновдун саламаттыгы начарлап кеткендигине байланыштуу 1-тергөө абагынан №47 жатак абагына дарылануу үчүн которулары белгилүү болду.

Кыргызстандагы оппозициячыл партиялардын бири - “Ата Мекен” партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун соттук териштирүүсү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда уланды.

Соттук отурумда Төлөгөновдун партиялашы Болот Шер анын пайдасына көрсөтмө берди. Ал козголгон кылмыш иши саясий куугунтук экенин белгилеп, Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде талап-тоноочулук кылган деген айыптоолорду жокко чыгарды.

Андан соң айыпталуучу Төлөгөнов бейшембиге белгиленген отурумду 13-сентябрга жылдыруу өтүнүчүн келтирип, сот аны канааттандырды. Буга Төлөгөновдун саламаттыгы начарлап, №1 тергөө абагынан №47 жатак абагына которулушу себеп болду.

Жактоочу Сартбай Жайчыбеков Төлөгөновдун уйку артериясы бүтөлүп, 47-абакта ага операция жасаларын айтууда.

- Төлөгөновдун абалы диагноз боюнча да, азыркы турушу боюнча да оор. Медициналык термин боюнча айтсак, уйку артериясы бүтөлүп калган. Тагыраак айтканда артериядан 25 пайыз гана кан өтүп жатат. Бул эс-тутумун начарлатып, инфарктка алып келет. Муну дарыгерлер изилдеп, тастыкташты. №47 колонияда ага операция жасоо маселеси чечилет. №1 тергөө абагында медициналык жардам көрсөтө алышкан жок. Төлөгөновдун саламаттыгын ЖАМКнын коллегиясы, республикалык кардиологиялык оорукананын врачтары текшерип, оор деп бүтүм чыгарышкан.

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясынын төрт өкүлүнө карата сот иштери бир учурда жүрүп жатат.

“Ата Мекендин” экс-депутаты ушул жылдын 28-мартында УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийинчерээк ден соолугу начарлап, №1 тергөө абагына которулган. Ал жердин дарыгерлери да жардам бере албай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аны №47 жатак абакка которуу чечимин чыгарган.

Айыпталуучунун уулу Иса Төлөгөнов атасынын абалы атайын кызматтын тергөө абагында оорлошконун айтууда. Анын маалыматы боюнча тергөө абагында инфаркт коркунучу жаралган.

- Атам мурда эле ооручу. Бирок тергөө абагында оорулары күчөп кетти. УКМКнын тергөө абагында стенокардия болуп, медициналык жардам убагында көрсөтүлгөн эмес. Жашы 65ке келди. Башка да оорулары күчөп жатат. Дарыгерлер менен сүйлөшсөк уйку артериясы бүтөлүп калса жүрөгүнө да залал тийгизет экен. Андай болсо уйку артериясына, андан кийин жүрөгүнө операция жасоого туура келет.

Анткен менен Жогорку Кеңеште КСДПнын экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Төлөгөновдун ооруп жатканына ишенбейт. Анын пикири боюнча, сотту создуктуруу аракети болуп жатат:

- "Ата Мекен" партиясынын депутаттары мародёрлук кылганы анык. Мен муну мурда эле айтып чыккам. Апрель ыңкылабынын активдүү катышуучусу катары алардын соттолушун талап кылам. Ооруп калмай алардын эски адаты. Сотту созуу үчүн калп эле шылтоо таап жатат. Буларды тез арада жазалап, саясий эркти көрсөтүү керек.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты 65 жаштагы Райкан Төлөгөновго 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып тагылууда.

Анын уулу Муса Төлөгөнов да ушундай эле айып менен №47 жатак абагында камакта. Буга мародёрчулук боюнча соттолуп, абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын көрсөтмөсү себеп болгон.

Төлөгөновдор коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий куугунтук катары козголгонун айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG