Туристтик сезон расмий ачылганы менен Ысык-Көлдөгү айрым эс алуу жайлары конокторду кабыл алууга даяр эмес. Өкмөттүн алдындагы экологиялык-техникалык инспекция 155 пансионатты текшерүүгө алып, даярдыгы начар делген 11 эс алуу жайына эскертүү берди.
Кыргыз өкмөтү Жалал-Абаддагы Үч-Коргон ГЭСинен Өзбекстанга агып чыккан Наманган каналын убактылуу жабышы мүмкүн экенин билдирди.
"Мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин Жогорку Сот чектеген 3 жылдык жаза мөөнөтү аяктап, ал 8-июнь күнү таң эрте эркиндикке чыгарылды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Геология жана жер ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаевди 5 жылга жатак абакка кести.
Машине саткандардын айтымында, учурда соода солгун. Алар муну элде накталай акча жоктугу менен түшүндүрүшөт. Анын үстүндө жаз айларында кардарлар азаят.
Милиция маалыматы боюнча буулуп турган Ош - Эркеч-Там жолунда 10 чакты атчандын кол салуусунан төрт адам жабыркады.
Бир нече күндөн бери Ош – Эркеч-Там жолун камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууп турганына байланыштуу "Азаттык" Бишкек жана Ош тургундарына “Жол тосуу менен маселе чечилеби?” деп суроо узатты.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов баштаган бийлик өкүлдөрү борбордогу Кара-Жыгач сейил багынын абалы жана аталган жайдагы мыйзамсыз курулуштар менен жакындан таанышты.
Кара-Жыгач сейил багы иретке келтирилет
1-июнь - эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата "Элим барсынбы? кайрымдуулук фонду Бишкектеги балдар үйлөрүнөн 200гө жакын тарбиялануучусуна майрамдык маанай тартуулады. Балдар 15 лимузин менен шаар кыдырып, сейил бакта чер жаза ойноп, мультфильм көрүштү. Бул портреттеги балдар ата-эне мээриминен ар кандай жагдайда ажырагандар.
Башкы прокуратура “Кыргызалтын” акционердик коомунун башчысы Дилгер Жапаровго каршы кылмыш ишин козгоп, аны Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизди.
Шахида Аманбаева камактан бошотулду
Президент Алмазбек Атамбаев чек ара кызматкерлерине 72 батирлүү турак үйдүн ачкычын тапшырды. Атамбаев чек арачыларды бугүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, тартип сакчыларына дагы 15 көп кабаттуу турак үй куруларын билдирди.
Шаардык перинаталдык борбордо же №4 төрөтканада бир күн ичинде эки ымыркайдын белгисиз жагдайдагы өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду.
Садырбаева: «Баламдын өлүмүнө медайым күнөөлүү»
Төрөткана алдындагы акция
Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга катыштыгы бар 27 аткаминердин бири Калыбек Качкыналиев өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда.
Тажикстандын Бишкектеги элчилигинин алдында бадахшандык тажик жарандар Хорогдогу кайгылуу окуяларга байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүштү.
Токмокто мыйзамсыз жургон 210 кытай
Бажы биримдигине каршыларды милиция кармады
Дагы жүктөңүз