Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине батыл кирүү аракетин күчөттү. Бул арада айрым ишкерлер биримдикке кирүү менен солгундаган соода жанданаарын айтып чыгышты.
Бишкектеги эң сылык айдоочу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамга кол койду.
4 жылга эркинен ажыратылган №1 тергөө абагынын мурдагы башчысы Марс Жусупбековдун кан басымы көтөрүлүп, учурда ооруканада дарыланууда.
Шаар кеңеш депутаттары мэр Кубанычбек Кулматовдун калааны өнүктүрүү программасын артка кайтарып, анын ишин катуу сынга алышты.
7-майда тутанган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды үчүнчү күчтөр атайын уюштурушу мүмкүн экени айтылууда.
Бүбүйра апага алгачкы акчалай жардам
Улуттук коопсуздук кызматы Сирияга барган кыргызстандык эки жаш кыз Бишкекке алынып келгенин ачыкка чыгарды.
Улуу Жеңиштин 69 жылдыгы белгиленип жаткан Жеңиш аянтында Георгий тасмасына каршы акция өттү. Акцияны “Бажы биримдигине каршы” кыймылы уюштурду. Уюштуруучулар Георгий тасмасы жеңиштин символу эместигин айтып, анын ордуна советтик армия менен Кыргызстандын желегине окшош кызыл тасма таратышты.
№1 тергөө абагынын мурдагы башчысы Марс Жусупбеков Октябрь райондук сотунун өкүмүнө ылайык 4 жылга абакка кесилип, камакка алынды.
Каталониялык студенгттердин “Тез жардамы”
Кыргызстандын түрмөлөрүнөн бир канча жыл мурда кишилердин сөөгү сатылышы боюнча жазып чыккан оппозициялык маанайдагы “Деньги и власть” гезити жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы менен соттошууда.
Журналисттер кол топтошту
3-майда Бишкектеги Журналисттер аллеясында ушак-айың, жалган маалыматтарды таратууга каршы “Антиөрдөк” деген аталышта акция өттү. Иш-чараны сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси, "Жаш журналисттер кыймылы", “МедиаКонсалт” жана “ЖМКны колдоо борбору” коомдук фонддору биргелешип уюштурган. Анда символикалуу түрдө кагаздан жасалган өрдөктөр өрттөлүп, келгендерге өрдөк эти таратылды. Иш-чарага 50дөн ашык журналист катышып, акция соңунда аллеяда ишембилик өткөрүлдү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы соңку окуяларга карата тынчсыздануусун билдирди.
Бишкектин чеке белиндеги таштанды талаасына көп жылдардан бери шаардан чыккан акыр-чикирлердин баары төгүлүп отуруп, учурда бут коерго жер жок. Дээрлик 30 гектар жер катмар-катмар таштандыга толгон. Бишкекте таштанды төкчү башка жай жок болгондуктан иттин өлүгүнөн баштап, тамак-ашка чейин ушул жерге чогулат. Таштанды талаасынан ондогон адамдар кагаз кутуларды, темир-тезектерди, желим баштыктарды чогултуп үй-бүлө багышат. Керек болсо таштанды талаасын бөлүп алышкан. Жергиликтүүлөр жаңы келгендерди таштанды көп төгүлгөн аймакка киргизишпейт.
Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын айлап-жылдап пленардык жыйындарга катышпай, ошол эле учурда айлык алып жатышы коомчулукта кызуу талкууланып келет.
Энергетика министрлиги электр кубатына болгон бааны көтөрүү боюнча сунушун коомчулуктун талкуусуна коеру менен ача пикирлер айтыла баштады.
Белгилүү коомдук жана саясий ишмер, дасыккан дипломат, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Ишенбай Абдуразаковдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Элүүгө жакын маданият ишмерлери 24-апрелде өкмөт үйүнүн алдына каршылык акциясына чыгып, бийлик маданият тармагын кароосуз калтырганын жүйөө келтирип, “эсил кайран замана” деп маркумду жоктогондой өкүрүп турушту.
Дагы жүктөңүз