Мыйзамсыз иштеген кытай жарандары
ИИМдин онунчу башкы башкармалыгы, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводду текшерүүгө алышты. Рейд жыйынтыгында аталган заводдун курулушунда иштеп жаткан 210 кытайдын ишке уруксат кагазы жок экени аныкталды. Аталган заводго былтыр 29, быйыл 100 кишиге квота каралган. Мыйзамсыз иштеп жүргөн кытай жарандарына мыйзам боюнча эскертүү берилип, миң сомдон эки миң сомго чейин айып пул салынат. Эгер мындай көрүнүш кайталанса алар сот чечими менен өлкөдөн чыгарылат.