Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуунун мыйзамдуу жол-жобосу барбы?
Сооронбай Жээнбеков сот адилеттигин орнотууга саясий эрки жетерин айтты.
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соттун баяндамачысын какты.
КСДПнын саясий кеңешинин соңку жыйыны партия ичиндеги биримдиктин жоктугун дагы бир сыйра айгинеледи.
Эл аралык уюм "Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 2017-жылы тогуз тепкичке ылдыйлады" деп жазды.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” маек курду. Ал Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда ишинен алынган иниси Райымбек Матраимов, экс-президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди.
Аты мурда-кийин коомчулукка анча чыкпаган Жамшитов тууралуу пикирлер бир кылка эмес.
Дүйшөн Шаматов буга чейин билим берүү тармагындагы эксперт катары белгилүү болуп келсе, соңку беш жылдан бери Казакстандагы Назарбаев университетинде профессор-окутуучу катары эмгектенип келет.
"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу фабриканын өрттөлүшүн иликтөөгө алды. 11-апрелдеги тополоңдо фабриканы жергиликтүүлөр толугу менен өрттөшкөн. Алар кытайлык инвесторду эл менен эсептешпей жатат деп айыптоодо.
Жогорку Кеңеш башкы прокурор Индира Жолдубаеваны иштен алуу жөнүндө сунушту колдоду.
“Республика-Ата Журт” партиясынын депутаты Руслан Казакбаев өзүнүн фракция лидерлигинен кандайча алынып калганын “Азаттыкка” чечмеледи. Ал мындан тышкары аталган партиянын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында Бабанов учурда Москвада ишкерлик менен алектенип жатат
"Азаттык" Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиевди кепке тартты.
Экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” маек курду. Ал апрель ыңкылабы, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Алмазбек Атамбаев, парламент жана “Ата Мекендин” камактагы лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу ой бөлүштү.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагасы болуп шайланганы маалым болду.
Бишкек тургуну Назгүл Ражапаева 28 жашта. Мындан беш жыл мурда туура эмес жасалган операциянын айынан эки көзү тең көрбөй калган. Операцияга анын бөйрөк оорусу себеп болгон.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы кыргыз бажысындагы коррупциялык схемаларды иликтөөгө алды. Бажы кызматы жыл башынан бери бажы төлөмдөрү дээрлик эки эсе көп чогулганын билдирген. Өкмөт башчысы Сапар Исаков муну коррупцияга каршы күрөштүн “жемиши” катары баалаган.
УКМКнын расмий өкүлү Исаевге жана Бабановго карата кылмыш иштеринин жүрүшү жөнүндө айтып берди.
Нарындын Оорук-Там айылында 30 гана түтүн эл жашайт. Айыл Нарын шаарынан 130 чакырым узакта жайгашкан. Кышкысын 6 ай бою капчыгай ичи менен кеткен жол жабылат. Элет эли Нарын шаарына 230 чакырым жол жүрүп, Кара-Кужур өрөөнү аркылуу каттоого аргасыз.
Өлкө тарыхында эң жаш өкмөт башчы болуп эсептелген Сапар Исаковдун кызматтан кетээри айтыла баштады.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларды иликтеди.
Дагы жүктөңүз