Жыйынга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков сот адилеттигин орнотууда негизги деп эсептеген сегиз маселеге токтолду.
Ал 2012-жылдан бери сот реформасынын алкагында 17 кодекс жана бир катар мыйзамдар өзгөргөнүн, бирок аларды ишке киргизүүдө өкмөт чабал иштеп жатканын сынга алды.
Жээнбеков жарандардын кайрылууларынын 70 пайызы сотторго нааразы экенин баса белгилеп, андыктан реформаларды тездетүүнү тапшырды.
Жыйында айтылган “супсак” баяндамалардын кереги жоктугун айтып, Жогорку Соттун алдындагы сот реформасы боюнча жумушчу топтун баяндамачысы Гүлжан Эсеналиевага "сөздөн ишке өткүлө" деп эскертүү берди. Президент сот реформасын аткарууга саясий эрки жетерин, каражат да табыларын белгиледи.
Жээнбеков андан ары судьялыкка кадрларды тандоо, пробация (абактан сырткары жаза) институту, тергөөчү судьялар, кылмыш иштеринин мөөнөтү, сот чечимдерин санариптештирүү жана сот отурумдарын видео-аудио каттоого алуу сыяктуу жаңы өзгөрүүлөр 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке кирерин айтты.
Өлкө башчысы соттордон мурда жарандарга шарт түзүү, райондор аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү маселесин көтөрдү.
- Райондор аралык сот Жумгалдан 240 чакырым алыста. Чоң Алайдан Ош облусуна 300 чакырым жол жатат. Тогуз-Торону, Чаткалды алгыла. Биз сотторго эмес, элге ыңгайлуу шарт түзүшүбүз керек. Ошондуктан райондор аралык соттордун функциясын райондук сотторго өткөрүп берүүнү сунуштайм. Бул оңой менен ишке ашпайт, бирок аны тездетүү керек. Алыс жерден келгенде он күндө чечилсе бир жөн. Болбосо жылдап созулуп жатат. Ошондуктан элге шарт түзүү зарыл.
Анткен менен Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президент Жээнбеков мурдатан айтылып келген сөздөрдү эле кайталап, жаңы эч нерсе сунуш кылган жок деп сындады.
Ал соттордун бийликке көз карандылыгы боюнча сөз болбогонун, бул реформаны ишке ашырууда маанилүү фактор экенин эске салды.
- Жаңы эч нерсе айтылган жок. Мен жаңы нерселерди күткөм. Кандайдыр бир өзүнүн көз карашын, буга чейин кылынбай келген деп кемчиликтерди айтабы дегем. Бирок андай нерсе айтылбады. Соттордун көз карандылыгы боюнча айтып эле келатабыз. Сотторго бардык укуктук-институционалдык шарттар түзүлгөн. Бирок көз карандысыз болбой жатат. Негизги маселе сотторду тандоо жана алардын жоопкерчилиги. Соттордун жоопкерчилигин күчөтүү боюнча президент эмнегедир үн каткан жок.
Бийлик ишенген сот реформасы
Кыргызстанда сот реформасынын алгачкы баскычынын жыйынтыгы чыгарылууда.
Сооронкулова мындан сырткары жаңы кодекстер 2019-жылдан баштап ишке кирерин, бирок ага даярдык өтө начар экенин кошумчалады.
Анткен менен Сот тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев соттук реформаларды ишке ашыруунун мөөнөтү так жазылганына ишендирүүдө.
- Баары эле реалдуу. Программада бардык мөөнөттөр так жазылган. Эң негизгиси судьялардан, адамдардан көз каранды. Анан каражат керек. Калганын жоопкерчиликти алып ишке ашырса болот.
Кыргызстанда 2010-жылкы апрель ыңкылабынан бери сот тармагын реформалоо демилгеси айтылып келет.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомчулуктун сынына, нааразылыгына карабай сот реформасы ишке ашканын айтып келген, бирок Жээнбеков кызматка барганы бул тармакта көп иштер жасала электигин билдирген.
Сот реформасын толук ишке ашырууга 2022-жылга чейин 17 миллиард сом керектелет. Бул каражат бюджеттен жана эл аралык донорлордон алынат.