“Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырмакчы болгон кытайлык "Huawei" компаниясы менен түзүлгөн келишимдин эки айга жетпей жокко чыгарылышы коомчулукта ар кандай талкууланып жатат.
Сапар Исаковдун кеңешчиси жана Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директору Эсен Момункулов келишимдин үзүлүшүнө байланыштуу "Huawei" компаниясын күнөөлөдү. Келишимге өкмөт башчы эмес, Момункулов кол койгон болчу.
- Бул долбоор боюнча "Huawei" жана инвесторлор 60 күндүн ичинде техникалык-экономикалык негиздемесин жана долбоордун сметасын даярдашы керек эле. Бул документтер бизге убагында келген жок. Бул долбоор боюнча убакыт өтүп кетти.
Бул, албетте, расмий жооп. Бирок биз өкмөттөгү соңку кризис боюнча бир катар аткаминерлер менен сүйлөштүк. Өкмөт курамында болгондуктан коомчулукка ачык чыгууну каалашпады. Алардын бири "Huawei" боюнча тийиштүү министрликтер гана эмес, Исаковдун кеңешчилеринин арасында да бир пикир табылбаганын айтып берди. Бул долбоорго түздөн-түз тиешеси бар Исаковдун кеңешчилери комментарий берүүдөн баш тартышты.
Айрым маалыматтар боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Дастан Догоев "Huawei" менен түзүлгөн келишимге ичи чыкпай кызматын тапшырганы айтылат. Бирок Догоев муну төгүндөп, жеке жагдайына байланыштуу иштен кеткенин айтканы бар.
- Мен негизи кесипкөйлүк принциптерди карманганга аракет кылам. Мен ал жерде иштеп кеткендигиме байланыштуу эч кандай комментарий бере албайм.
31 жаштагы Догоев 2014-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп, “Таза коомго” чейин эле кызмат көрсөтүүнү автоматташтыруу боюнча алгылыктуу иштерди жасаганы белгилүү. Ал 2017-жылдын июнь айында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болуп дайындалган жана “Таза коом” долбоорунун өзөгүн ишке ашыруу ушул кызматка жүктөлгөн. Анын ордуна “эски кадр” Алина Шаикова кайра дайындалды.
Исаковго команда жетишпейби?
Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Исаковдун иши оңунан чыкпай жатканын бирдиктүү команданын жоктугунан, кадрдык кризистен көрөт.
- Анын айланасында бирдиктүү бир идеяны түшүнгөн адамдар жок болуп жатат. Мисалы, Сапар Исаков "коомду санариптештирем, жашоону жеңилдетем" деп аракет кылып жатат. Бирок ошол эле учурда Исаковдун идеясын жалпы министрлер кабинети түшүнбөй жаткандай таасир калтырат.
Догоев - өкмөт курамынан кеткен кадрлардан жалгыз эмес. Жети ай ичинде вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев баштаган бир нече аткаминерлер ишиндеги кемчиликтерине байланыштуу кызматынан бошотулду. Премьер-министр он чакты министрге катуу сөгүш берип, аларга ичи чыкпаганын ачык билдирди.
Анткен менен коомчулукта "Исаков өзү айтып жаткан реформаларды терең түшүнбөйт" деген сөздөр да бар. Маселен, ал Алматыда КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында криптовалютаны мамлекеттик сатып алууга колдонобуз дей коюп, орус кесиптеши Дмитрий Медведевден кагуу уккан.
Ушундан улам "Исаков жалаң чет өлкөдөн билим алган кеңешчилердин тилине кирип, карапайым элдин жашоосунан алыстап кетти" дегендер да жок эмес. Айтмакчы, анын баш-аягы 11 кеңешчиси бар. Мурдагы өкмөт башчылардын бири Амангелди Муралиев жаштарга каршы эмес. Бирок ал премьер-министр тажрыйбалуу, турмушту түшүнгөн кеңешчилерге муктаж деген ойдо.
- Башкаруу системасында кеңешчи институту керек. Бирок жалаң эле жаштар болбойт. Турмушту терең түшүнбөгөндөр кыйратпайт. Ал эми Гарвардды, Кэмбрижди бүткөндөрдүн билимин пайдаланыш үчүн максатты так билиш керек. Кыргызстанга эң биринчи эмне керек? Ошону түшүнүш керек.
“Акылдуу шаар” боюнча долбоор - Исаковдун өкмөтү кол үзгөн алгачкы эл аралык келишим эмес. Буга чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курат деп чехиялык "Liglass Trading" компаниясы менен келишим түзүлүп, ушундай эле сценарий менен ара жолдо токтогон. Андан соң “Мегакомду” сатуу боюнча орусиялык Елена Нагорная аттуу жеке ишкер менен макулдашылганы айтылып, кыргыз өкмөтү көп өтпөй андан да баш тарткан. Эң кызыгы - үч учурда тең жарандык активисттер аталган компаниялар күмөндүү экенин айтып чыгышкан, бирок Исаков башында турган өкмөт элди аягына чейин "бул иш турмушка ашат" деп ишендирип келген.
Дагы бир саясат талдоочу Эмил Жураевдин пикиринде, өкмөт башчы кадрдык саясатка батыл кирише албай, кескин реформа жасай албай жатканынын себеби да ушунда.
- Экс-президенттин карааны дагы эле чоң. Өзгөчө "аткаруу бийлигинде, ири долбоорлордо Атамбаевдин колдоосу жок эч нерсени чече албайт" деген жүйө чындыкка жакын. Исаков премьер-министр болуп бекип атканда министрлердин көбү мурдагыдай эле калган.
Өкмөт кызматтан кетеби?
Ал арада Сапар Исаковдун ордуна ар кайсы талапкерлердин аттары аталууда. Саясий серепчи Марс Сариевдин баамында, экс-президент Атамбаев өз таасирин сактап калыш үчүн премьер-министрликке КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду же УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди сунуш кылышы мүмкүн. Сариев мурдагы аппарат башчы Фарид Ниязовдун кызматтан кеткенин эске салып, Жээнбеков премьер-министрликке өзүнө жакын кадрды көрсөтүшү мүмкүн деп эсептейт.
- Азыр Жээнбеков президенттик статусун күчөтүп, маселелерди өз алдынча чечпесе кош бийлик болуп, Атамбаевдин таасири ошол бойдон калат. Жээнбеков өз алдынча кадам жасап, системалуу реформа кылбаса эч нерсе өзгөрбөйт. Баары ушул бойдон калат.
КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Исаковдун өкмөтү апрель айында Жогорку Кеңеште отчет берерин айтып, кызматтан кетүү маселесин четке каккан жок.
- Өкмөт апрель айында 2017-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берет. Андан кийин 2018-жылдын жарым жылы боюнча отчет берет. Ошондо өкмөткө баа берилет. Ошондо берилген баага жараша өкмөттүн тагдыры чечилип калышы толук мүмкүн.
Өкмөт башчылыкка болжолдуу талапкерлердин арасында президенттик аппаратка жетекчи болуп жаңы дайындалган Мукамбеткалый Абылгазиев да бар.
Сапар Исаков 2003-жылдан баштап президенттик аппараттын тышкы саясат тармагында ар кандай кызматтарда Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева менен иштешкен. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Исаковду "оң колум" деп атап, кызматын тапшырарда өкмөт башчылыкка дайындап кеткен.