Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай жайлоосунда төрөлүп, тоо коюнунда бой жетип, бактысын ошол жерде таап жети балалуу болгон баатыр эне Айнагүл Исакованын бир күндүк түйшүгү тартылган.
Жайлоодогу бала бакча тууралуу бул тасма маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин акыркы эмгектеринин бири.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул чыгарылышы жер маселесине байланыштуу эки теманы ачып берүүгө аракет кылды.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 4-сессиясын жыйынтыктап, учурда эки айлык эс алууда. Эл өкүлдөрү 1-сентябрда ишке чыгат. Депутаттар жыл ичинде эмне кылды? Кандай мыйзам, токтомдорду кабыл алды? Бул суроолорго инфографиканын жардамы менен жооп табууга аракет кылдык.
Гүлина Алайчиева бойго жеткен кезинде өз атасы зордуктаганын, ал окуянын азабын ушул күнгө чейин тартканын айтууда. Атасынын кордугун канча жашырбасын, ал үй-бүлөлүк турмушуна да терс таасирин тийгизгенин жашырган жок. Гүлина атасы карылар үйүнө келип, үй-бүлөсү, кызы тууралуу тескери маалымат тарат
Сүрөттөр Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Май-Төр жайлоосунан тартылган.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын иликтеди.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейиндеги мумиянын көмүлүшүн иликтеди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрдү.
“Азаттык” парламент депутаты Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштеринин чоо-жайы боюнча УКМКга кайрылды. Суроолорго мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов жооп берди.
Аскарбек Шадиев эми «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү» үчүн айыпталууда.
Президент коррупцияга каршы күрөштү, сот реформасын артыкчылыктуу багыты катары белгиледи.
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырды.
УКМКнын ишин көзөмөлдөөчү атайын парламенттик комитет түзүү демилгеси коомдук талкууга коюлду.
Өкмөт коррупциялык иштерден өндүрүлгөн жана “жардам берүүнү каалагандардан” акча түшө турган эки эсеп ачат.
Экс-президенттин саясаттагы жакын адамдары тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатат.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейин жаңылоого жумшалды делген 1,5 млрд. сомдун дайынын иликтеди.
“Салам, Нью-Йорк”, “Апамды издеп” тасмаларынын автору Руслан Акун учурда Чолпон-Ата ат майданында “Көк бөрү” аттуу тасма тартууда.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемаларды иликтеди. Иликтөөнүн жүрүшүндө кабырлар кызылдай акчага сатылары, көрлөр тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткени белгилүү болду.
Баткендин Кара-Булак айылынын тургуну Мурзапар Үсөн 70 жашта. Ал эмгек жолун мугалимдиктен баштап, кийин аймакта тарыхчы, жазуучу катары аты чыккан. Мурзапар Үсөн жайдак жерди гүлдөткөн ишкер катары да белгилүү. Ал Муз-Булак коругун 20 жылдан бери иштетип, туристтердин сүйүктүү жайына айлантты.
Дагы жүктөңүз