Мамлекет башчы Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда коррупцияга каршы күрөштү, сот реформасын, адам укуктарын коргоону өлкөнүн артыкчылыктуу багыты катары белгиледи.
"Биздин бала" деген болбойт...
Жээнбеков Кыргызстанда коррупциянын айынан көп инвесторлор башка өлкөлөргө бурулуп кеткенин айтты. Бирок жемкорлукка каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбей турганын билдирди:
- Баарына тегиз, адилет мамиле болмоюнча антикоррупциялык күрөш ийгиликке жетпейт. Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун “ушул адамды бошотуп коюңуз” деген суранычы түшүп жатат. Бул күрөш коомдун, жарандардын колдоосуна, жигердүү позициясына муктаж. “Ууру болсо да биздин бала эле” деген ой менен бир айылдын баары кол топтоп, бошотуп коюу жөнүндө суранычын жиберип жатышат. Коррупционерлердин баарына бирдей мамиле кылбасак, күрөш жыйынтык бербейт.
Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик башкарууда, сот-прокуратура органдарында, экономика тармагында жасалчу реформалар кечеңдеп жатканын моюнга алып, аларды эл күткөндөй деңгээлде тез арада чечүү зарыл экенин белгиледи.
Мамлекет башчынын парламенттеги сөзү коомчулукта ар кандай бааланып жатат. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттин мурдагылардан айырмаланып, парламентке келиши эле чоң жаңылык деген пикирде:
- Эң чоң маанилүү, жаңы нерсе -бул эл алдына чыгып кайрылганы болду. Кайрылуунун өзү жаңы нерсе. Анткени коом да, эл да президенттин позициясын ачык, так билгени жакшы. Коом бийлик башындагылардын позициясын канчалык билсе, ошончолук ишенет. Кайсы бир маселе боюнча "президент мындай пикирде экен" деп элде да ишеним күчөйт.
Сөз көп, иш качан?
Ошол эле учурда "Жээнбеков ант берүү аземинде, Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүн кайталады, жаңы эч нерсе уккан жокпуз" дегендер да бар.
Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Жээнбековдун кызматка киришкенине жети ай болсо да планын сөз жүзүндө кайталаганын сынга алды. Ал куру сөздөн конкреттүү ишке өтүүгө убакыт келгенин айтууда.
- Мурда эле айтылып жүргөн идеялар кайра кайталанды. Ошол эле улут маселеси, таза коом, санариптешүү, коррупцияга каршы күрөш буга чейин деле айтылган. Биз системалуу кадамдарды күтүп жатканбыз. Биринчи кезекте сот реформасы кандайча жүрөт, коррупцияга каршы кандай системалуу иштер жүрөт - так айтылган жок. Баары эле "керек, зарыл, абзел" деген жалпы формада айтылды. "Качан, кантип жасалат?" деген суроолор жоопсуз калды. Эң башкысы - президент сөздөн ишке качан өтөрү белгисиз.
Дагы бир саясат талдоочу Эмилбек Жороев коомчулук президенттен курч билдирүүнү күткөнүн айтып, иш жүзүндө президенттин командасы күтүүнү актабады деп эсептейт. Анын пикиринде, Жээнбековдун кайрылуусу депутаттар аркылуу президенттин соңку саясий абал боюнча позициясын элге жеткирүүгө багытталган:
- Президенттин максаты - каникулга кетер алдында саясий маанилүү маселелер боюнча пикирин депутаттарга жеткирүү болду. Депутаттар анын позициясын каникулда элге жеткирет. Анткени соңку соттук чуулгандуу иштер боюнча, камалгандарга байланыштуу коомчулукта суроолор көп. Эл ичинде "саясий куугунтук болуп жатат, коррупцияга каршы күрөш саясатташып кетти" деген сөздөр көп айтылууда.
Президент Жээнбеков 24-ноябрда ант берип, кызматына киришкен. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен бийликке келгени үчүн анын жолун улантууга убада берген.
Бирок андан бери жемкорлукка байланыштуу мурдагы өкмөт башчы, Атамбаевдин «оң колу» катары эсептелип жүргөн Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган он чакты аткаминер камакка алынды.
Президенттин кайрылуусу: эмне өзгөрөт?