Ушул тапта Европа Биримдиги Өзбекстанга карата киргизилип, убактылуу токтотулуп турган визалык чектөө жана курал-жарак сатууга эмбарго маселесин кайра кароо үчүн камылга көрүүдө. Бул кайра кароо маселеси октябрда талкууга алынат. Ал эми кечээ (16-сентябрда) Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Евробиримдиктин өкүлдөрү менен Брүсселде сүйлөшүү жүргүзгөн соң, Биримдикти кош саясаттын айынан өз өлкөсүнө карата негизсиз эле чектөө коюп жатат деп сынга алды.
Түркмөнстандагы белгилүү саясатчы жана укук коргоочулардын бири Жумамырат Кыясов жума күнү (12-сентябрда) 68 жашында узакка созулган оорунун айынан кайтыш болду. Түркмөн коомчулугунун жана орусиялык укук коргоочулардын өкүлдөрү маркумду ишембиде (13-сентябрда) Маскөөдө акыркы сапарга узатышмакчы. Анын жесиринин “Азаттыкка” кабардашынча, маркумдун сөөгү Орусиянын борбор шаарындагы мусулман көрүстөнүнө коюлат.
Пакистандагы президенттик шайлоодо Асиф Али Зардари жеңип чыкканы бүгүн расмий жарыяланды. Сыналгыда чыгып сүйлөп, Зардари өз жеңиши – жалпы демократиялык жараяндын жеңиши болду деп билдирди. Эми ал 18-августта кызматынан кеткен Первез Мушаррафтын ордуна мамлекет башчы болуп калды. Маркум Беназир Бхуттонун күйөөсү Зардариге атаандаш чыккан башка эки талапкер тең шайлоо жыйынтыгын тааный турганын билдиришти жана Зардарини жеңиши менен куттукташты.
Расмий Тбилиси “өз өлкөсүнүн айрым аймактарынын Орусия тарабынан басып алынышы” деп баалаган окуяларга каршы бирдиктүү турууга жалпы Европаны чакырды. Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун болсо кечээ “Батыш расмий Маскөөнүн барымтасында калбашы керек” деп билдирди жана мунайзат менен газды Орусиядан башка өлкөлөрдөн сатып алуунун атаандаш жолдорун издөөгө чакырды. Бүгүн (дүйшөмбүдө) Европа Биримдигинин чукул чакырылган саммити Грузиядагы соңку кырдаалды жана Орусияга карата саясат жаатында орток мамиле иштеп чыгуу маселелерин талкуу кылаары күтүлөт.
Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун Батыш расмий Маскөөнүн барымтасында калбашы керек деп билдирди жана Орусия менен Европа Биримдигинин өз ара алакаларын чып-чыргасын коротпостон кайра карап чыгууга чакырды. Эртең (дүйшөмбүдө) Европа Биримдигинин мамлекет башчыларынын чукул чакырылган саммити Грузиядагы соңку кырдаалды жана Орусияга карата саясат жаатында орток мамиле иштеп чыгуу маселелерин талкуу кылаары күтүлөт.
АКШнын Республикачылар партиясынын өкүлү, президенттикке талапкер болууга бел байлаган сенатор Жон МакКейн Аляска штатынын губернатору Сара Пэйлин айымды өзү менен тандем түзүп, жарышка чогуу чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал Огайо штатындагы Дэйтон шаарында кечээ (29-августта) жарыя кылды. Вице-президенттик үчүн ат салышууга белсенген Пэйлин айым тууралуу көптөгөн америкалыктар буга чейин анчейин кабардар эмес эле. Бирок демократ сенатор Хиллари Клинтон президенттик үчүн жарыштан өз ыктыяры менен чыккан соң, Пэйлин айым америкалык аялдардын өкүлдөрүн өзүнө имерүүгө умтулмакчы.
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон кечээ, Демократиялык партиянын курултайынын үчүнчү түнүндө, калайык алдына чыгып, Барак Обаманын талапкердигин колдоого алды. Клинтондун Обама менен атаандашып келген жубайы сенатор Хиллари Клинтон шейшемби күнү кечинде өз тарапкерлерин Обаманы колдоого чакырган болчу. Обама менен тандем болууга жана вице-президенттик үчүн талаптанууга макулдугун берген сенатор Жо Байден да шаршемби түнү чыгып сүйлөп, азыркы АКШ президентинин өкмөтүн «кенебес саясат жүргүзүп жатат» деп кескин сынга алды.
Маскөөнүн Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин капысынан таануусунан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши шаршембиге караган түнү эч кандай иш-аракет көргөн жок. Албетте, БУУдагы бул тунжуроо – алдыдагы арбын саясий талаш-тартыштарга чейинки убактылуу гана жагдай экени түшүнүктүү. Эми мурда Франция сунуштаган, андан соң Орусия тарап да сунуштаган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларынын эки долбоору тең жаңы кырдаалга жооп бербей калды.
Кечээ кечинде Кытайдын ордо шаары Бээжинде 2008-жылкы Олимпия Оюндарынын жабылыш аземи өткөрүлдү. Бул азем учурунда Олимпиаданын туусун 2012-жылкы Олимпиаданы тосо турган конок ээси – Лондондун өкүлдөрүнө тапшыруу жөрөлгөсү болду. Эл Аралык Олимпиада Комитетинин Президенти Жак Рогге Кытайда өткөн Олимпиадага өзгөчө жогорку баасын берди.
Кытайдын ордо шаары Бээжинде ушул мүнөттөрдө (Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыда) 2008-жылкы Олимпия Оюндарынын жабылыш аземи башталды. Бул азем учурунда Олимпиаданын туусун 2012-жылкы Олимпиаданы тосо турган конок ээси – Лондондун өкүлдөрүнө тапшыруу жөрөлгөсү өтөөрүнөн дүйнө коомчулугу мурдатан кабардар. Эл Аралык Олимпиада Комитетинин Президенти Жак Рогге бүгүн Кытайда өткөн Олимпиадага өзгөчө жогорку баасын берди.
Кошмо Штаттардын негизги партияларынын бири - Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер катары чыгышы күтүлгөн Барак Обама (Barack Obama) өзүнүн вице-президенти катары Делавэр штатынан шайланган сенатор Жозеф Байденди (Joseph Biden) сунуш кылды. Бул тууралуу Обаманын шайлоо өнөктүгүн жетектеген топ SMS текти жана интернет аркылуу бүгүн (ишемби күнү) эртең менен маалымдашты.
Эгемен Грузияга кол салуу аркылуу Орусия эл аралык мыйзамды буздубу? Расмий Кремлдин айтымында, ал эл аралык келишимдердин жана эл аралык мыйзамдын алкагынан чыкпастан аракеттенген. Батыш адистери мындай бүтүм менен макул эмес. Ушул тапта Британиядагы Оксфорд университетинде иликтөө жүргүзгөн саясат таануучу Натали Уайлд (Natalie Wild) айымдын “Азаттык” үчүн даярдаган серебинин кыскача мазмуну менен тааныштыра кетели.
Эми Грузиядагы согуштук жаңжал тууралуу башка өңүттөн сересеп салалы. Орусиянын бийлиги Батышты, асыресе Кошмо Штаттарды, Грузиядагы жаңжал үчүн күнөөлөп келет. Алардын жүйөөсүнө караганда, Батыш өлкөлөрү Грузияны качандыр-бир НАТОго киресиң деп колдоого алып, эптеп тынч кармалып турган аймакты жаңжалга кириптер кылып койду. Бирок Батыш серепчилери Түштүк Осетиядагы алгачкы тирешүү Орусиянын мурдатан көздөп келген саясий мүдөөсүн аткарууга шылтоо гана болгонун, болочокто да Грузиянын демократиялык жеңип алууларын коргоо зарылдыгын белгилешүүдө.
Орусиянын бийлигинин айтымында, анын аскерлери Түштүк Осетия калкын “грузин бийлигинин тукум курут саясатынан арачылап калыш” үчүн бул аймакка киргизилген. Бирок, улам жаңы табылып жаткан далилдер Маскөө эгемен Грузияга кол салуу мүдөөсүн көздөгөн долбоор менен алда канча мурдараак эле алектене баштаганын көрсөтүүдө. “Согушка Орусия алдын-ала беленденгенби?” деген суроо жакынкы болочокто да кызуу талаш-тартыштын бутасы болуп кала берчүдөй.
Пакистандын президенти Первез Мушарраф өлкөдөгү коалициялык өкмөттүн өзүнө импичмент жарыялоо коркунучу реалдуу болуп калган чакта, өз ыктыяры менен кызматтан чегингенин жарыялады. Өзөктүү куралы бар бул өлкөдөгү бийликке Мушарраф 1999-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу .келген жана андан бери эки ирет Башмыйзамдын күчүн убактылуу токтоткон.
Орус президенти өз аскерлери Грузиядан дүйшөмбүдөн тартып чыгарыла баштайт деп билдирди. Президент Дмитрий Медведев орусиялык аскерлер Грузиядагы ээлеген жайларынан 18-августта чак түштөн тартып чыгарыла баштаарын кечээ Франциянын президенти Никола Саркози менен сүйлөшкөн чагында бышыктады. Учурда Европа Биримдигинин президенттигин аркалаган өлкө - Франциянын мамлекет башчысы эгерде Орусия ок атышууларды токтотуу тууралуу өзү кол койгон келишимге моюн сунбаса, анда олуттуу кесепеттерге кабылаарын Кремлге эскерткен.
Бардык эле чыгаан спортчулардын көөдөнүндө уялаган мүдөө - качандыр-бир олимпиадалык пьедесталга чыгып, өз улутунун гимнин угуу, байрагын жеңиш символу катары желбиретүү эмеспи. Дал ушул Бээжин Олимпиадасынын ачылыш салтанаты болуп жаткан күнү өз Атажуртуна орусиялык аскерлер басып киргенин уккан грузин спортчулары үчүн Олимпиадада таймашуу алда канча оор болгонун башка спортчулар аңдаар бекен? Айтор, грузин спортчулары оор кырдаалды баштан кечирип жаткан эл-жерине өздөрүнүн спорттук чеберчилиги аркылуу колдоо көрсөтүп жатышты.
Бүгүн (ишембиде) Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Грузиядагы ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимге кол койду. Келишимге ылайык, Орусиянын аскерлери 7-августтагы аймакта согуш жаңжалы башталганга чейинки ээлеген жайларына чыгарылып кетүүгө тийиш. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш Орусиянын бийлигин Грузиядагы баскынчылыгын тез арада токтотууга дагы бир ирет чакырды.
Эстон президенти Тоомас Хендрик Илвес мырза Тбилиси менен Маскөөнүн согуштук жаңжалы курчуп турган чакта Грузиянын ордо шаарына башка пост-коммунисттик төрт өлкөнүн жетекчилери менен бирге келип, расмий Тбилисиге моралдык колдоо көрсөтүп кетти. Бул сапарынан соң эстон президенти Илвес “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маек куруп, 21-кылымдын башындагы Кавказдагы үрөй учурган окуя, Грузиянын НАТОго кирүү үмүтү, Евробиримдик менен Орусиянын өз ара алакалары тууралуу кеңири сөз кылды.
АКШнын президентинин тапшыруусу менен Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс бүгүн (жума күнү) Грузияга келди. Кечээ ал француз президенти Никола Саркози менен Парижде жолугуп, Кавказдагы грузин-орус жаңжалын токтотуп, тынчтык жараянын баштоо жолдорун талкууга алды. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс француз президенти арачылык кылып түзгөн тынчтык долбоору жакшыртылышы зарыл, анын айрым беренелерине оңдоолор киргизилиши керек, бул долбоордо Грузиянын кызыкчылыктары сакталышы абзел деген пикирин билдирди. АКШдан ушул тапта Грузияга улам жаңы кайрымдуулук жардамы ташылып келүүдө. Деги, соңку грузин-америкалык карым-катнаштардын кандайча кыртышы бар? Батыш ойчулдары Маскөөнүн «Саакашвили кызматтан кетсин» деген талабын туура көрөбү?
Дагы жүктөңүз