Кечээ Түркияга иш сапар менен келген Грузиянын тышкы иштер министри Эка Ткешелашвили айым Стамбулда чыгып сүйлөп, Европаны Маскөөнүн Тбилиси “баскынчыл” деп атаган саясатына карата бирдиктүү чаралар көрүүгө чакырды.
Аны менен сүйлөшүү жүргүзгөн түрк тышкы иштер министри Али Бабажан өз өлкөсү Грузиянын аймактык бүтүндүгүн толук колдой турганын баса айтты.
Орусиянын аскер күчтөрү 8-августта Грузияга киргизилген. Ага чейин расмий Тбилиси жикчил Түштүк Осетиядагы өз бийлигин калыбына келтирүү үчүн аскердик өнөктүк баштаган болчу.
Беш күндүк согуштан соң, Орусия ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууга кол койду, бирок Грузиянын ичкерки аймактарынан аскерлеринин баарын тең чыгарып кетүү убадасына турган жок.
Кечээ (жекшембиде) Грузиянын порт шаары Потиде дагы эле орусиялык аскерлер кала берип жатканына даттанган жергиликтүү тургундардын бири, өз атын Мимоза Цагуриа (Mimoza Tsaguria) деп тааныштырган айым “Азаттыкка” мындай деп айтты:
- Биз коркуп-үркүп жашап жатабыз. Бул жакта - танктар, согуш тилкеси. Ачарчылыктын азабын тартып атабыз. Биз дүйнө коомчулугуна – Германияга, Америка, Франция, Италия, Улуу Британияга үмүт байлап отурабыз.
Британия: Орусия Батышты барымталай албайт
Кечээ (31-августта) Британиядагы “Обсервер” гезитинде жарыяланган макаласында Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун Орусия бийлигине кайрылды.
“Эгерде сиздер Чоң Сегиздик, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму жана Дүйнөлүк Соода Уюму сыяктуу уюмдардын төрүндө жагымдуу маанайда кабыл алынгыңыздар келсе, анда укуктарыңыздар менен бирге эле жоопкерчилигиңиздер да бар экенин моюнга алышыңыздар керек”, деп жазат Браун.
26-августта Орусия Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазиянын мамлекеттик көз каранды эместигин бир тараптуу таануу тууралуу чечим кабыл алган болчу. Бул чечимди бир катар мамлекеттер, анын ичинде “Чоң Жетиликке” кирген АКШ, Британия сыяктуу өнүккөн өнөр жайлуу өлкөлөр кескин сынга алган.
Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун бүгүн (1-сентябрда) Брүссел шаарында ишин баштай турган Европа Биримдигинин чукул саммитинде Орусия Грузиянын аймактык бүтүндүгүн таанууга тийиш жана өз аскерлерин бул өлкөнүн аймагынан толук чыгарып кетүүсү керек деп айтып чыгаарын билдирди.
Браун мырзанын оюнча, НАТО өлкөлөрү да Орусия менен алакаларын кайра карап чыгып, Орусиянын кезектеги баскынчылыгына бута болушу ыктымал болгон өлкөлөрдү колдоо жаатында тийешелүү чараларды көрүүсү абзел.
Британ өкмөт башчысы Европа Биримдиги Орусияга байланып калбастан, отун-кубат жаатында кошумча атаандаш булактарды иликтеши керек деп эсептейт.
Гордон Браун ишембиде (30-августта) орус президенти Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу баарлашып, Грузия жаатында Европа Орусияга тийешелүү жооп бере турганын эскерткенин да белгилеген.
Расмий Кремл болсо жаңжал аймагындагы эл аралык байкоочулар тууралуу мурдагы турумун саал жумшартып, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) кошумча байкоочулар тобун Грузиянын жаңжал чыккан жана башка дңрбөлөңдүү аймактарына киргизүүгө макулдугун билдирди.
Ушул тапта ЕККУнун 20дай байкоочусу Грузияда жүрөт. Эми ЕККУ бул өлкөдөгү байкоочуларынын санын 100 кишиге чейин жеткирмекчи.
Ал эми Грузия бийлиги болсо 30-августта Орусиянын атуулдарынын грузиялык визаны алуу эрежеси катаалдай турганын эскертти.
Грузиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Этер Камарели айым бул жаңы виза режими 8-сентябрдан тартып күчүнө кирээрин кабарчыларга айтты:
- Грузия менен Орусиянын ортосундагы ушул тапта түзүлгөн кырдаалды эске алып, Грузиянын президенти буйрук чыгарды. Ага ылайык виза режими мурдагыдан башкача жүргүзүлмөкчү. Эми Орусиянын атуулдары мурдагыдай Грузиянын чек ара бекеттеринде виза ала албайт. Анын ордуна орусиялыктар виза алуу үчүн тийешелүү документтерин топтоп, чет өлкөлөрдөгү биздин дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрүбүзгө кайрылууга тийиш.
Расмий Тбилиси Орусия менен дипломатиялык алакаларын үзө тургандыгын, тек гана консулдук мамилелер сакталып калаарын 29-августта жарыялаган.
Ишембиде (30-августта) “Риа Новости” маалымат агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булагына шилтеме жасап, өз кезегинде Маскөө да Тбилисидеги элчилигин жаба тургандыгын кабарлады.
Деги, Европа Биримдиги Орусияга карата жаңы саясат иштеп чыгаар бекен?
Серепчилер Евробиримдиктин лидерлеринин жана өкмөттөрүнүн ич ара кайчы пикирлерин да белгилешүүдө.
Маселен, Чехиянын өкмөтү менен президент Вацлав Клаустун (Vaclav Klaus) Грузиядагы согуштук жаңжалдын келип чыгышы тууралуу пикирлери кыйла айырмаланат.
Клаус мырза Түштүк Осетия жаатында Орусияга түшүнүү менен мамиле жасаш керек деп санаса, Чех өкмөтү Тбилисини колдоодо. Ал түгүл чех тышкы иштер министри Карел Шварценберг (Karel Schwarzenberg) 30-августта австриялык "Die Presse" гезити үчүн курган маегинде 2014-жылга Сочи шаарына белгиленген Олимпиадага бойкот жарыялоо сунушун колдоп чыкты.
Ал эми Чехиянын мурдагы президенти, 1989-жылдагы “Баркыт ыңкылабынын” лидерлеринин бири, жазуучу жана драматург Вацлав Гавел (Vaclav Havel) болсо кечээ (31-августта) сыналгы талкуусуна катышып, Европа Биримдиги Орусияны баскынчылыгы үчүн кескин айыпташы керек деп айтты.
Гавелдин оюнча, Евробиримдик отун-кубат жаатында Орусияга багыныңкы болуп, анын айынан чечкиндүүлүк кылбай жатат.
Вацлав Гавел Орусия аскерлеринин Грузияга басып киришин 1939-жылы Мүнхенде чакан өлкөлөрдүн үстүнөн “тон бычкан” окуяларга салыштырды.
Айтмакчы, кечээ француз президенти Никола Саркози (Nicolas Sarkozy) орус кесиптеши Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, соңку окуяларды талкуулашты.
Кремлдин айтымында, эки президент (Грузиянын жикчил аймактары) Абхазия менен Түштүк Осетияда “натыйжалуу коопсуздук чараларын көрүү” маселесин талкууга алышкан.
Кечээ (жекшембиде) Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер (Bernard Kouchner) француз сыналгы каналынан чыгып сүйлөп, Евробиримдик Кавказдагы жаңжал боюнча тең салмакталган жана калбаат техт долбоорун талкууга алат ко деген үмүтүн билдирди.
Ушул тапта Франция Евробиримдиктин президенттигин аркалоодо.