“Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.
Борбор калаада “Жаз - Бишкек - Күз” фестивалы өтүп, Америкадан келген Жаз оркестри концерт тартуулады. Алардын аткаруусундагы жаз менен кыргыз музыкасы да жаңырды
Бишкекте Улуу Кыргыз каганаты тууралуу илимий конференция өттү. Эки күнгө созулган иш-чара азыр жаңыдан жазылып жаткан кыргыз тарыхына жаңы барактарды ачканын окумуштуулар белгилешти. Ошол эле учурда ар кайсы өлкөдөн келген окумуштуулар Борбор Азияда кайсы бир улут артыкчылык кылган деген ойдон алыс болууга үндөштү.
Кыргыз-немис дипломатиялык алакасынын 20 жылдыгына карата Бишкекте немис киносунун фестивалы өттү.
70 жашка толуп жаткан Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында чыр от алды. Маарекенин урматына ноябрь айынын ортосуна белгиленген фестивалга театр жетекчилиги чет өлкөдөн жана КМШдан опера жылдыздарын чакыруу менен зоболосун көтөрүүнү көздөөдө. Бирок театр жамааты улуттук опера, балет өнөрпоздорунун кадырына доо кетирип жатат деп, доомат артууда.
“Аруузатым” ыры менен элге таанылган Аскат Мусабеков учурда чыгармачылык изденүү үстүндө. Элдик ырларды ийине жеткире аткарган жаш ырчы учурда “Кара кыз” аттуу жаңы ырын жаздырып бүттү.
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында мода жумалыгы өтүп жатат. Бир жума бою созулган бул иш-чарада жаш модельерлер ой чабытынан жаралган эмгектерин сынга коюуда.
Жыл сайын 5-7-8-ноябрда 1938-жылы атылган репрессия курмандыктары эскерилет.
Кырк жылдан кийин жаңыртылып, сахнага чыгарылган “Аста-секин колукту” музыкалык комедиясы дагы эле көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырууда. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын күзгү репертуарына кирген бул опереттага баргандардын басымдуу бөлүгү жаштар.
Бишкекте Улуттук китепканада атактуу тарыхчы жана ойчул Лев Гумилевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Борбор Азиядагы чыгыш элдердин тарыхын изилдеген окумуштуу көчмөндөр тууралуу мурдатан калыптанган ой-пикирди жокко чыгарганы менен дүйнөгө таанылган.
Советтик сахнанын жылдызы Муслим Магомаев тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак.
Советтик киного өзгөчө стили менен кирип, кыска өмүрүндө кайталангыс тасмаларды жаратууга жетишкен Динара Асанова тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак.
Азимбек Бекназаров Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлигин коюп өтпөй калды. Саясатчыны жактагандар бул жогору жактын буйругунан болду дешсе, экинчи тарабы укук коргоочулардын басымынан улам болду деген пикирде.
Кыргызстанда “Таза суу” программасынын жаңы долбоору сунушталууда. Курулуш жана аймактык өнүктүрүү агенттиги түзүп чыккан долбоорго ылайык, таза суу менен камсыз кылуу программасын каржылаган эл аралык донорлор борбордук органдар менен эмес, жергиликтүү бийликтер менен тикелей иш алып бармакчы.
Кыргызстанда ислам жана православ лидерлери өлкөдөгү абалды оңдоого биргеликте кол кабыш кылуу керек деген бүтүмгө келди.
Бишкекте немис композитору Рихард Вагнердин 200 жылдыгына арналган классикалык музыка фестивалы аяктады.
Борбордук аянттагы митингден кийинки башаламандыкта жабыркап, ооруканаларга кайрылгандар 12 адамга жетти.
Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө” фестивалын “Азаттыктын” “Москвада калган ый” даректүү тасмасы ачты. Мигрант кыз-келиндердин азаптуу турмушун чагылдырган тасмадан соң көрүүчүлөр кандай ойдо калды?
Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө” фестивалы соңуна чыкты. 1 жума бою өткөн сынакка 32 тасма катышкан эле.
Бишкекте "Мөңгүлөр ыры" акциясы өттү. Ташкенттен келген «Омнибус» мөңгүлөрдүн тездик менен эрип баратканына көңүл бурду.
Жазуучу Касымалы Баялинов 110 жашта. Кыргыз адабиятын “Ажар”, “Көл боюнда”, “Курман жылга” ж.б. бир нече чыгармалары менен байыткан жазуучуну көзүн көргөндөр, бала-чакасы эскеришти.
Дагы жүктөңүз