Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Кайра жаңырган кыргыз мюзикли


"Аста-секин колукту" музыкалык комедиясынан. 1-апрель, 2009-жыл.
"Аста-секин колукту" музыкалык комедиясынан. 1-апрель, 2009-жыл.

Кырк жылдан кийин жаңыртылып, сахнага чыгарылган “Аста-секин колукту” музыкалык комедиясы дагы эле көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырууда. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын күзгү репертуарына кирген бул опереттага баргандардын басымдуу бөлүгү жаштар.

Кырк жыл мурда жарыкка келген

Жигиттин гүлү Сапарбай менен айылдын сулуусу Зияда бири-бирин жакшы көрүп, баш кошууга дит коюшат. Анткен менен экөөнүн бул тилеги дароо эле орундалбайт. Зияданын Барсана аттуу таэжеси күйөөсү Маркабай менен кеңешип, Зияданы уулу Саламатка алып берүүгө кам урат. Бирок Саламат ата-эненин бул оюна каршы чыгат, анткени ал мединститутта чогуу окуган Гүлмира аттуу сүйгөнү менен "үйлөнөбүз" деп шерттешип койгон. Акырында Маркабай бакшы менен кемпири Барсананын тилеги орундалбай, сүйүшкөн жаштар кол кармашат.

Он эки жыл Зияданы аткардым

Сүйүү менен достукту даңазалаган “Аста-секин колукту” опереттасы алгач 1972-жылы сунушталып, дароо эле эл оозуна алынып кеткен. Зияда менен Сапарбайдын сүйүү ырын билбегендер бүгүн деле сейрек учурайт. Зияда - Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынованын консерваторияны бүтүрөрү менен аткарган алгачкы ролдорунун бири. Ал ошол кезди минтип эскерди:

- Операттанын биринчи премьерасын маркум Эркин Касымов экөөбүз аткардык. Аябай шаңдуу чыкты. Казакстанга чейин коюп бардык. Зияданын образы ошол жылдын эң мыкты образы деп табылды. Эркин Сапарбайды ойногон да. Элге аябай жаккан окшойт, өз аты унутулуп кийин Сапарбай деп чакырып калышкан. 12 жыл театрда иштедим. Ошол убакта Зияданы ойноп жүрдүм. Зияданын партиясын кийин Кайыргүл Сартбаева да ырдап жүрдү.

Дарика Жалгасынова “Аста-секин колуктуга” даярдык жүрүп жатканда далай кызык окуялар болгонун айтат:

- Бир күнү телеге концерттик номер кылып тартмак болушту. Талаага барып, мен кой жая баштадым. Сапарбайдын ролундагы Эркин мени издеп, “свиданиеге” атты чаап келмек. Бир маалда эле “өлдүм, кармагыла” деп кыйкырып, келе жатат. Аттын башын бекем кучактап алган. Көрсө өмүрү атка минип көрбөптүр да. Билбеген неме ээрге отураары менен камчы урса, жаныбар чочуп, ала качып жөнөптүр. Аргымакты араң дегенде кармап, анан съемканы баштаганбыз. Жанагы окуя эске түшкөн сайын күлөбүз. Жакшы убактар өткөн экен да.

Кайнатасын таарынткан композитор

“Аста-секин колуктуну” композитор Насыр Давлесов жазуучу Насирдин Байтемировдун чыгармасынын негизинде өтө тез жазып бүтүргөн экен. Маркумдун байбичеси Сабира Давлесова байы кайната-кайненесин кантип таарынтып алганын күлкү менен эскерди:

- Насыкем сыртынан тултук көрүнгөнү менен жайдары, шайдоот эле. Жазган ырлары эле өзүндөй болуп жатпайбы. “Жылкычы бозой”, “Саанчы жеңе” деп. “Аста-секин колуктуну” аз эле убакытта жазды. Эл жакшы кабыл алды. Бирок атам молдо киши эле да. Апам дагы Кочкордогу чоң молдонун кызы болчу. Экөө тең жактырбай, таарынып жүрүштү. Анын үстүнө каармандары дагы окшошуп калыптыр. Атам кичинекей, апам толмоч болчу. Кийин түшүнүп туура кабыл алышкан.

Аста-секин колукту - кыргыз мюзикли

Барсананын күйөөсү Маркабайдын азыркы жаңы образы Кыргыз эл артисти Сталбек Алмасбековго берилген. Ал опереттага режиссер Аманбек Жапаров кыйла өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтты:

- Бир аз айырма болду. Молдону бакшы кылдык. Режиссер Аманбек Жапаров көп нерселерди жаңыртты. Эртең менен чалгы чаап жүргөн эпизоддорду, жаштардын степ бийин кошту. Элге жагымдуу кылып чыгарганга аракет кылдык да. Жаштарга жакты окшойт, кечээ аябай көп келишиптир.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жетекчиси Тимур Саламатов “Аста-секин колукту” чыгармасы жаштардын жүрөгүнөн түнөк табат деген ишенимде:

- Оңой кабыл алынган, уккулуктуу, жаштар чөйрөсүнө ылайыктуу чыгарма да. Насыр Давлесовдун көзү тирүүсүндө коюп калганга үлгүрдүк. Ал киши аябай ыраазы болгон. Биз кыргызда мюзикл жанры жок деп айтабыз. Бирок бул чыгарма турбайбы. 40 жыл мурда жаралса дагы актуалдуулугун жогото элек. Тилекке каршы, азыркы жаштардын мындай чыгармаларды жазбай жатканы өкүнүчтүү.

Кезинде кыргыз опереттасынын ана башында турган “Аста-секин колукту” эгемендик жылдары сахнага көп коюлбай калган. Тыныгуудан кийин алгачкы жолу көрүүчүлөргө ал 2009-жылы апрель айында кайтып келди. Опереттага режиссер Аманбек Жапаров азыркы заманга ылайык түс кошту. Композитор Насыр Давлесов өмүрүнүн акырында өзүнүн мыкты чыгармаларынын бири “Аста-секин колуктунунун” жаңыртылган үлгүсүн көрүүгө үлгүрүп калган. А түгүл заманга шайкеш чыгарма болгонун айтып, ыраазы болгонун маркумдун жакындары айтып келишет.

“Аста-секин колукту” музыкалык комедиясынан бир үзүм

("Азаттыктын" архивиндеги бул тасма 2009-жылдын 1-апрелинде Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири, композитор Насыр Давлесовдун 80 жылдык мааракесине арналып, кыргыз эстрада ырчылары менен куудулдардын катышуусунда сахналаштырылган “Аста-секин колукту” музыкалык комедиясы Улуттук филармонияда тартууланган учурда тартылган)



“Аста-секин колукту” комедиясынан бир үзүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00
XS
SM
MD
LG