Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Советтик киного бурулуш жасаган Асанова


Советтик кинодо ачылыш: Асанова
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Советтик киного өзгөчө стили менен кирип, кыска өмүрүндө кайталангыс тасмаларды жаратууга жетишкен Динара Асанова тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак.

Динара Асанова кино тарыхына өзгөчө из калтырган, кыргыздын кайталангыс, чыгаан таланттарынын бири. Анын өмүр жиби 1985-жылы Мурманскиде “Бейтааныш” тасмасын тартып жүргөн кезде үзүлгөн. Бул учурда ал болгону 43 жашта эле.

Динара Асанованын кинодогу чыйыры өткөн кылымдын 60-жылдары башталган. Москвадагы Бүткүл Союздук театралдык институттан Кыргызстанга келген атайын комиссия сынына толуп, ВГИКке кабыл алынган кезде “Кыргызфильм” киностудиясында режиссердун жардамчысы болуп иштеп жүргөн.

1968-жылы окууну бүткөндөн кийин Динара Асанова туулган жерге кайтып келет. Бирок бул жерден чыгармачылык изденүүгө шарт түзө албай, Ленинградга сапар тартып “Ленфильм” киностудиясына ишке орношот.

Коомчулукта “Динараны башка режиссерлор кодулай бергени үчүн Лениградга кетип калган” деген сөз ушул күнгө чейин айтылып жүрөт. Бирок белгилүү режиссер Геннадий Базаров бул кептерге анчейин кошулбайт.

Анын айтымында, Ленинградга кетпесе Динара Асанованын таланты мынчалык ачылмак эмес.

- Жумуш жок болчу да. Студия кичинекей, жылына ашып кетсе 1 же 2 тасма тартылчу. Динара Асанова болсо ал кезде жаш. Батыраак иштеп, батыраак көрүнгүсү келди. Ошол себептүү “Ленфильмге” кетүүгө аргасыз болгон. Менимче, бул анын бактысы болду. Бул жакта жүрсө таланты кеч ачылмак.

Кайран талант! Саналуу күндөрү калганын сезгендей, жан үрөп иштеген экен. Ал кыска өмүрүндө 10го жакын тасма жаратууга үлгүрүптүр. “Безери балдар”, “Рудольфио”, “Аялым чаным кетти”, “Тоңкулдактын башы оорубайт” ж.б. тасмалары тарыхта советтик кинонун шедеври катары калганы талашсыз. Өңгөнү айтпаганда да “Безери балдар” (“Пацаны”) тасмасы өзгөчө керемет экенин ким тана алат?

Ал тасмасына Динара Асанованын көзү өткөндөн кийин, 1985-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Дегеле бул таланттын эмгектери өзүнүн татыктуу баасын анын көзү өткөндөн кийин гана ала баштаган.

Маркумдун эжеси Клара Асанованын эскерүүсүндө жаш режиссерге ар бир ийгилик жеңил келген эмес.

- Ал дайыма чындыкты көргөзүүгө аракет кылчу. Өзү дагы аябай чынчыл адам эле. Бирок ал кезде система такыр башкача эмес беле. Жогору жакка жакпай, кээ бир сюжеттерин алдырып салган күндөр болгон. Ошого карабай иштеп жүрдү. Мен анын ордунда болсом чыдамак эмесмин. Көптөгөн таланттардын багын ачты. Азыр анын тасмасына түшкөндөрдүн көбү белгилүү актерлор.

Ал эми Кыргыз эл артисти, телеоператор Нуртай Борбиев режиссерго адамдын жан дүйнөсүн кылдат ачып берген инсан деп баа берди:

- Чыгармачыл адам элдин турмушу менен бир жүрүп, көйгөйлүү маселелерди ачык көргөзүүсү керек. Динара Асанова ошол вазийпаны жакшы аткарды. Адамдын жан дүйнөсүн кылдат изилдеген, изденүү жолунда жүргөн инсан эле. Чыныгы патриот. Сыртта туруп алып, кыргыздын атын дүйнөгө таанытуу эмне деген эрдик? Динара ошондой эрдикти жасаган.

Ал эми режиссер Садык Шернияздин ишениминде, Динара Асанова жеке эле советтик эмес, дүйнөлүк кино тарыхына кирди:

- “Безери балдарды” биринчи жолу Орусиядан көргөм. Ушунчалык сыймыктангам. Аны менен питерликтер али күнчө сыймыктанат “биздин кино” дешип. Бирок канткен күндө да Динара Асанова жараткан тасмалардын ар биринде кыргыздын кулк-мүнөзү жашай берет. Улуу муун менен жаш муун ортосундагы келишпестикти берип жатса да, акыр-аягында улуу муунга болгон сый жеңип атат.

Динара Асанова өмүрүнүн акыркы жылдарында “Баарыңарды жакшы көрөм” деген китеп жазган. Анда “Кино - менин жашоом. Бул зор искусство жашоо-турмушумдун бардык тарабын ары сезимтал, ары эмоционалдуу таасирлерге бөлөп, мени ыйлатып да, кайгыртып да, кубантып да келет”, - деп айткан жери бар. Кыргыздын багына бүткөн инсан тирүү болгондо 24-октябрда 70 жашка чыкмак....
XS
SM
MD
LG