“Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.
20-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлү Дүйшөналы Бабаханов Сталиндик репрессияга кабылып, 1938-жылы түрмөдө көз жумган.
Орус сынчылары Владимир Высоцкийге Пушкин менен теңтайлашкан талант деп баа берген.
Гүлшан Конушева таланттуу пианист. Москвадагы атайын музыкалык мектептен, андан кийин Пётр Чайковский атындагы консерваториядан билим алган.
Кыргыз улуттук китепканада Осмоналы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых Кыргызыйа” китебине 100 жыл” аттуу иш-чара өттү. Осмоналы Сыдык уулу кыргыз тарыхын изилдегендердин көч башында турат.
Бишкекте “Кавказ ырдайт жана бийлейт!” аттуу концерт өттү. “Кыргызстандагы орустар" бирикмеси уюштурган бул концертте Кыргызстандагы кавказдыктардын “Казбек”, “Къууанч”, “Асыха”, “Кавказ бүркүттөрү”, “Эрзи”, “Учкулан” жана башка музыкалык топтору өнөрүн тартуулашты.
Камчыбек Букалев балдар үчүн бир нече обондорду жараткан. Ошол эле маалда махабат, туулган жер темасын дагы көз жаздымда калтырган эмес. Автордун жүрөк түпкүрүнөн сызылып чыккан обондорун убагында Болот Миңжылкыев баштаган белгилүү ырчылар аткарган. Камчыбек Букалаев учурда эмне менен алек жана кандай ой-толгоолору бар?
Айтылуу комузчу жана обончу Шекербек Шеркуловдун 110 жылдык мааракеси кичи мекени Таласта өткөнү турат. Бирок ал мамлекеттик деңгээлде өтөбү же тууган арасында белгиленеби азырынча белгисиз. Учурда комузчунун өнөрүн небереси Намазбек Шеркулов улап келет.
Марат Ибраев атайын музыкалык билим алган эмес. Бирок ошого карабай 2011-жылы Москвада өткөн эл аралык романсиада сынагында баш байгени жеңип алган. Ушу тапта ал режиссерлук кесипке да кызыгып жүргөн чагы.
Жаңы жылдык балаты учурда балдар үйлөрүндө да өтүүдө. Бул күндөрү ар кандай себеп менен ата-энеден ажыраган балдарды куттуктагандар да көбөйөт. Жаңы жылды жетим балдар кандай маанайда тосуп, эмне белек күтүшөт?
Бишкекте скрипкачы Жумаш Дурусалиевдин концерти өттү. Бул маданий иш-чарага катышуу үчүн ал Лондондон атайын учуп келген. Классикалык музыка кечеси кандай маанайда өттү жана жаш музыканттын Кыргызстанга кайтуу ою барбы?
Белгилүү күүчү, комузчу, дастанчы, Кыргыз эл артисти Нурак Абдырахманов 26-майга караган түнү 67 жаш курагында дүйнө салды. Мындан эки жыл мурун 22-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн улуу чебердин мааракелик концертинен "Азаттыктын" архивинде сакталган сүрөттөрдү тартуулайбыз. Нурак Абдрахманов ЮНЕСКОнун “Салттуу музыканы сактоого кошкон салымы үчүн” деген сыйлыгынын ээси, бир нече эл аралык сынактардын жана фестивалдардын жеңүүчүсү, комуз үйрөтүү боюнча автордук усулу мектептеги программага киргизилген. ("Азаттык". Сүрөттөрдүн айрымдары "Айгине" маданий-изилдөө борборунан алынды. 23.12.2012)
Белгилүү комузчу жана дастанчы Нурак Абдрахманов 65 жашта. Бул мааракеге утурлай анын “Бул дүйнө” деп аталган концерти Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү. Ага комузчунун жоон топ шакирттери жана белгилүү ырчылар катышып, автордун бир катар ыр-күүлөрү жаңырды.
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында “Туу жыгаар” аттуу жаңы спектаклдин бет ачары өттү.
"Азаттыкка" өз атасы зордуктаган 4 жаштагы кыз тууралуу маалымат түштү. Төбө чачты тик тургузган бул кабарды угарыбыз менен кыздын апасы менен кабарлаштык. Өз атасынан кордук көргөн көчөт кыз учурда борбордогу ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Алдыда бир операция бар.
Акын Айгүл Узакова узак жылдардан бери чыгармачылык түйшүгүн моюнга көтөрүп келет. Анын аял дүйнөсүнөн сызылып чыккан ырлары, башкалардан сезимталдуулугу менен айырмаланып турат.
Кыргыз Уикипедиясындагы маалымат саны 21 миңден ашты. Жыл өткөн сайын улуттук казынага толуктоо киргизген ыктыярчылардын да саны арбып барат. Кыргыз Уикипедиясы акыркы жылдары кандай өзгөрүүгө ээ болду жана кандай иштер жасалып жатат?
Кыргыздын фантаст жазуучусу Беганас Сартовдун “Мамыры гүлдөгөн маалда” повести англис тилинде жарык көрдү. Учурда ал немис жана орус тилине которула баштаган кези.
Бактыгүл Бокоева акыркы жылдары Жакомо Пуччининин “Мадам Баттерфляй” операсындагы баш каарман Чио Чио Санды аткарып жүрөт. Сопрано үндүү ырчы, искусство төрүнө кантип келип калган?
Журналист Мамат Сабыровдун жаңы жарык көргөн “Дублер палван” аталыштагы аңгемелер жыйнагы окурман дүйнөсүндө талкуу жаратты. Автордун буга чейин "Жол", "Балалыктын теректери", "Ажылык сапары" деген жыйнактары жарык көргөн.
Бишкекте азербайжан акыны Низами Гянжевинин 870 жылдыгы белгиленет. Орто кылымда жашап өткөн улуу акын "Сырлар кенчи", "Хосров менен Ширин", "Лейли менен Межнун” ж.б. чыгармалары менен тарыхта калган.
Дагы жүктөңүз