"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Мамкаттоо кызматы №2 формага байланыштуу арыз-даттануулар түшүп жатканын тастыктады.
Өмүрбек Бабановдун Кара-Суу районундагы үгүтчүлөрү кысым болуп жатканын билдиришти.
Чоң-Алайдагы жер титирөөдө жабыркагандардын айрымдары ушул күнгө чейин чатырларда жашап келет.
Чоң-Алайда жазында жер титирөөдөн жабыркаган турак жай ээлеринин айрымдары суук түшкөнүнө карабай чатырларда баш калкалоодо.
Өзбекстандык белгилүү куудул Валижан Шамсиев кыргыз тилин үйрөнүп жатат.
5-октябрда Ош шаарынын күнү, калаанын 3017 жылдыгы белгиленди.
Учурда Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыган мезгил. Ак буланы негизинен кыз-келиндер теришет. Ага жараша аларды күндүз үйдөн табуу кыйын. Анткени аялдар жыл бою тиричиликке тыгынчык боло турган кирешени таап алуу үчүн талаада жан үрөп иштеп жүргөнүн көрөсүң. "Азаттыктын" кабарчылары
Өмүрбек Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөзүн бирөөлөр чагым, ал эми башкалар "кара пиар" катары сыпатташты.
Түштүктө пахта терими кызыды. Ак буланы жыйноо милдети негизинен кыз-келиндерге жүктөлгөн.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Ошто мектеп окуучулары сабактан калып аянтта бийлеп жүргөнүн Билим берүү башкармалыгы билбейт.
Ошто Жээнбековдун штабында биометрикалык маалымат чогултулуп жатканы маалым болду.
Ноокаттык 67 жаштагы багбан Нармухаммад Тажиматов өз үйүндө мөмө-жемиштин түрүн өстүрөт.
Кара-Суу районунда муниципалдык мекемеде талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы ачылды.
Бишкекте ооган жигит менен чогуу баратканы үчүн запкы көргөн кыздын окуясы териштириле баштады.
Кыргызстанда төрөлгөн Йулдаш Журабаев Лондондо театр ачып, спектаклдерди коюп келет.
Кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышы үгүт учурунда башкы темалардын бири болууда.
“Достук” өткөрүү пункту ачылганына эки өлкөнүн чек арадагы тургундары кубанып турушат.
Жаңы нуктагы кыргыз-өзбек мамилеси тууралуу өзбек саясатчысы Мухаммад Салих "Азаттык" менен ой бөлүштү.
Ноокаттык мугалим Фатима Хашимова сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай, аздектеп келет.
Дагы жүктөңүз