Чайнабай жуткандар Нью-Йоркто жолугат
Борбордо биринчи жолу ылдамдыкта вареники жеп жарышуу болду. Жеңүүчү Кыргызстандын атынан Нью-Йорктогу дүйнөлүк чемпионатка катышат. Уюштуруучулардын бири Валерий Босенко “тандоо туру жергиликтүү таланттарды аныктап, Кыргызстандын намысын эл аралык таймашта коргоого жолдомо алат”, – деп "Азаттыкка" билдирди. Оюнга көрүүчүлөрдөн тышкары медицина кызматкерлери да байкоо салып турду. Алар билдиргендей, өзүн жаман сезип, кайрылгандар болгон жок. Биринчи жолу вареники сүйүүчүлөр арасында таймаш 2001-жылы Нью-Йоркто өткөн. 2005-жылдан бери чемпионат эл аралык деген статусту алып, АКШда туруктуу өтүп келатат.
Чыгарылыштар
-
Апрель 15, 2025
Абактагы кош өлүм суроо жаратты
-
Апрель 14, 2025
Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди
-
Апрель 12, 2025
“Ашардын” негиздөөчүсү кармалды
-
Апрель 11, 2025
"Жалган маалымат" үчүн жаза мыйзамы
-
Апрель 09, 2025
Ош мэринин шаарга кирген машинеден акы алуу сунушу
-
Апрель 06, 2025
Ош: Эки миңден ашык курулуш бузулат