Мамыт Таштанов буга чейин Чоң-Алайда балдарды хоккей боюнча машыктырып келсе, эми Ош шаарында ишин улантууда. "Бирок шарттын жоктугу түштүк борбордогу хоккейди алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат" деп кейийт.
“Азаттык”: “Азаттык+” программасы буга чейин Чоң-Алайдагы хоккей командаңыз тууралуу эфирден берди эле. Учурда Ош шаарына балдарды тарбиялап жатканыңызды айттыңыз, ал эми Чоң-Алайдагы командаңыз эмне болду?
Таштанов: Ооба, хоккей командабызды Ошко көчүрүп келдик. Себеби Алайда шарт тиешелүү деңгээлде болгон жок. Биринчиден, балдардын үзгүлтүксүз машыгуусу үчүн муз аянтчасы керек. Алайда муз аянтчабыз табигый шартта, токойдун арасында болчу. Бирок, дайыма калың карды күрөп, машыгуубуз бир калыпта болбой калды.
Экинчиден, карап көрсөк бул жакта азыр 17 хоккей командасы бар экен, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткенде ушул убакытка чейин бир дагы команда жок. Ошондон улам Оштун мурдагы мэри менен сүйлөшсөм, "командаңызды алып келиңиз, муз аянтчасын куруп берип, хоккей мектебин түзөбүз" деген. Бирок, арадан мэр алмашып кетип, азыркы мэр учурда көпүрө салынып жатат деп айтты. Ошондон улам машыгуубуз токтоп калды.
Хоккей боюнча 3-ачык чемпионат. (2-февраль, 2015-жыл)
“Азаттык”: Демек, Ошто деле азыркы учурда машыгуу жүрбөй жатабы?
Таштанов: Машыгуу анда-санда эле болуп калды. Туруктуу машыга элекпиз.
“Азаттык”: Негизи эле Кыргызстанда хоккейдин келечегин кандай көрүп жатасыз?
Таштанов: Футболдо деле кечээ Кыргызстан Австралия менен бирдей деңгээлде ойноду. Хоккей деле келечекте футбол сыяктуу мыкты өнүгөт деген ишеничтемин. Бишкекте, Нарында балдар өтө күчтүү ойноп жатат. Ал жакта шарттар түзүлүп, жакшы мектептер ачылды. Эми бизге деле көңүл буруп койсо, Ошто деле хоккей өнүгөт эле. Мен ушул демилгенин артында үч жылдан бери жүгүрүп келе жатам. Максатым – мектеп ачып же муз аянтчасын куруу.
“Азаттык”: Долбоорду эсептеп көрдүңүзбү, максатыңызды ишке ашыруу үчүн канча каражат керектелет экен?
Таштанов: Ооба, муз аянтчасын куруу үчүн 23 млн. сом керек. Ал аянтчаны кышы-жайы ойной турган кылат элек. Ошондой эле белгилей кетчү жагы, муз аянтчасы бир-эки жылдын ичинде өзүн-өзү актайт. Демөөрчүлөр деле табылып атат. Бирок, мамлекет тарабынан көмөк жок болууда. Азыркы мэр аянтты куруу үчүн жер жок экендигин айтып жатат. Эгерде жер жана каражат маселеси чечилсе, кытайлар 3 айдын ичинде эле муз аянтын куруп берүүгө даяр экенин билдиришти.
“Азаттык”: Оштогу өзүңүз машыктырып жаткан командаңыз менен быйыл Кыргызстандын чемпионатына катышабыз деп жатасызбы?
Таштанов: Катышалы деген оюбуз бар. Буюрса, арыз берип, өз күчүбүздү көрсөтөлү деген жакшы ой-тилектерибиз бар. Биздин деңгээл, албетте, алдыда эмес, бирок эң артта да эмес деп мен ишеничтүү айта алам.
“Азаттык”: Хоккейди көргөндөр же машыкканы келгендер кандай кабыл алып жатышат бул оюнду?
Таштанов: Кыргыздын эң эле кызыктуу оюну – улак тартыш. Улакты ойногон, көргөн адамда биринчи эле жолкусунда ушунчалык берилүү болот. Мындайча айтканда эр жигиттер, азаматтар гана көк бөрү ойной алышат. Ал эми хоккей да даана эр азаматтардын оюну. Хоккей өтө күчтүү жана катаал оюн. Машыгуу учурунда бир баламдын үч тиши сынды, дагы биринин башы жарылды, дагы бирине шайба тийип он күн ооруканада жатты. Бирок, жаракат алуу хоккейден оюнчуну алыстатып койбойт. Тескерисинче, башындагы касканы ыргыта салып, аянтка жүгүргөндөрдү көрөсүң. Хоккейди кумар оюн десем деле жаңылышпайм.
Алайлык хоккейчилер ("Азаттык+" телеберүүсүнүн былтыр февралдагы берүүсү)
“Азаттык”: Ал эми жөнөкөй эл хоккейди кандай кабыл алууда?
Таштанов: Кызыгуу өтө жакшы. Мектепти ачсаңар биз балдарыбызды берет элек деп сурангандар аябай көп. Болгондо да 3-5-класстагы балдардын ата-энелери кайрылып жатат. Кыскасы шарт эле жок болуп жатат. Ошондон улам учурда Бишкекке келдим. Азыр жогорку жетекчилердин бардыгына жолугам деген оюм бар. Бир катар каттарды да жазгам. Эми президентке, премьерге чейин жолугайын деп келдим.
“Азаттык”: Сиз хоккейди Ош шаарында жайылтып жүрөсүз, оюңуз ишке ашып калса, хоккейди түптөөчүлөрдүн бири болуп тарыхта калат экенсиз да?
Таштанов: Анысын деле билбейм, азыр мектепти ачыш үчүн эле жүгүрүп жүрөм. Мага даңктын деле кереги жок. Менин курагым 67ге келип калды. Эбак эле пенсияга чыккам. Өзүм дзю-до боюнча спорт чеберимин. Союз маалында эле спорт чебери аталгам. Кичинемде конькини көп тепкем. Аманчылык болсо Кыргызстандан Мекеге чейин велосипед менен барып келсем деген максатым бар. Ажыга барып, парзымды аткарсамбы деген ойдомун. Бирок ага чейин мен хоккей мектебин ачышым керек.
Мен жаштардын бардыгына спорт менен машыккыла деп айтаар элем. Ызы-чуу, митинг дегендерди жаман көрөм. Туруксуздук - баарын талкалайт, спортту да, маданиятты да өлтүрөт. Ошондуктан жаштар спорт менен алек болсо деп тиленет элем.