“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
12-октябрга оогон түнү №50 абак жайда кылмышкерлердин колунан мерт болгон үч кызматкердин сөөгү бүгүн жерге берилет. Ооруканага түшкөн дагы бир кызматкердин абалы оор бойдон калууда.
Кыргыз өкмөтү Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр борборун куруу долбоорун тездетүүгө киришти.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2010-жылы улутташтырылган Максим Бакиевдин мүлктөрүн сатыкка чыгарганына көп болду, бирок аны сатып алууга кардар чыкпай жатат.
Парламенттик шайлоого байкоо салган жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын байкоочулары жыйынтыктарын жарыя кылды.
11 жылдан бери Ички иштер министрлигинин имаратында пол жууп иштеген Гүлмира Абдрахманованын кубанычы койнуна батпай турган кез.
“Азаттык” радиосу парламенттик шайлоого бараткан саясий партиялардын программалары менен тааныштырууну улантат.
Орусиянын Ханты-Мансы аймагынын бийликтери 50дөн ашык кыргызстандыкты депортациялоо үчүн Сургут шаарына жөнөткөнү кабарланды.
Райондук сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Камчыбек Ташиевди шайлоодон алып салган чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушу Борбор Азияда экологиялык кооптонууну жаратып, социалдык-экономикалык каатчылыкка алып келет.
Парламенттик шайлоодо жарандар добуш берүү учурунда ала келген калем, телефондун камерасы жана башка тартуучу аппараттарды колдонууга тыюу салынат.
Быйылкы Курман айт майрамы парламенттик шайлоонун үгүт кампаниясына туш келгендиктен кайрымдуулук, шарият жана саясат аралашып калды.
Жакынкы арада Кыргызстан Орусиядан келген газ үчүн рубль менен төлөп калышы мүмкүн.
Шайлоо күнү чет өлкөлөрдө кыргызстандыктар жалпысынан 36 шайлоо участкасында добуш бере алышат.
Парламенттик шайлоонун алдында "24.kg" cайты редакциялык саясатын өзгөртүп, бийликти сындоодон алыстап калганын медиа эксперттер байкашты.
Бүгүн жарандар үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу соңуна чыгат. Бишкек жана Ош шаарларында кошумча ачылган участоктордо шайлоочуларды каттоо дагы ушул күнү аяктайт. Жер-жерлерде административдик ыкмалар колдонулуп жатканы айтылууда.
Депутаттыкка талапкерлер Карганбек Самаков, Игорь Чудинов жана Искендербек Айдаралиевди жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун БШК четке какты.
Үгүт маалында саясый партиялар буга чейин эл көрбөгөн ыкмаларды дагы колдонууда. Алардын бири - Бишкектин көчөлөрүндөгү күркөлөр. Үч тарабы курчалган, чарчы жерде партиянын жарнамалары ары-бери өткөндөргө бекер таркатылат.
Паспорттун көчүрмөсүн, биометриканы тапшыргандыгы тууралуу маалыматтарды чогултуп, добушканада бериле турган талонду алдын ала жасап жаткан фактылар катталууда.
Бишкектеги трансформацияланбаган жерде жайгашкан үйлөрдүн ээлери өкмөт имаратынын алдына митингге чыгып, жерлерин мыйзамдаштырууну талап кылышты.
Дагы жүктөңүз