Кыргызстанда да бардык мечиттерде, чоң шаарлардагы борбордук аянттарда Курман айт намазына эркектер чогулуп, ибадат кылышты. Бишкектеги эски аянтка муфтияттын эсебинде 10 миңден ашуун адам келди. Бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев, калаа башчысы Кубанычбек Кулматов баштаган расмийлер да катышты.