Дүйнөнүн 26 өлкөсүндөгү Кыргызстандын элчилигинде шайлоо участкалары ачылып, элчиликтердин бирден кызматкерлери БШКнын окутуу борборунда шайлоо шаймандары менен таанышып жүрүшөт.
Боршайкомдун мүчөсү Абдысамат Баялиновдун айтуусунда, тышкы өлкөлөрдөн эң эле көп шайлоо участкалары Орусияда ачылып жатат.
- Орусияда 6 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле Казакстанда эки, Германияда үч, Кытайда эки шайлоо участкасы болот. Калган өлкөлөрдө бирден эле шайлоо участкалары болот. Шайлоого биометрикалык маалыматын тапшырып, шайлоочунун тизмегине кирген жарандар эле катышат.
Биометриканы тапшырбагандар көп
Орусияда жалпысынан 700 миңден ашык кыргызстандык жаран жүргөнү менен, шайлоого 10 миңдин тегерегинде гана шайлоочу катышышы мүмкүн болуп турат.
"Замандаш" ассоциациясынын төрагасы Майрамбек Жапановдун айтымында, көпчүлүк жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырган эмес болсо, дагы бир бөлүгү Орусиянын алыскы аймагынан келип добуш берүүгө чамасы жетпейт.
Жапанов кошумчалагандай, Орусиядагы мекендештер консулдук каттоого турууда бир катар бюрократиялык система менен кезигип жаткандыктан да, жарандар келаткан шайлоого катышууга кызыкдар эмес.
- Консулдук каттоого турушу жөнөкөй биздин жарандар үчүн дагы кыйын болуп калды. Алар бюрократиялык тоскоолдуктар менен кезигип атат. Ошентип биздин алыскы жактагы мекендештердин шайлоого катышуу укугу бир топ төмөндөп калды.
Ал эми Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин консулу Алмаз Байбосуновдун айтымында, көпчүлүк мекендештер биометрикалык маалымат тапшырганы менен 19-сентябрга чейин “форма-2” арызын толтурбагандары дагы четтен чыгат. Ошол эле учурда мындай мекендештер шайлоого катышуу укугунан ажыраганын билишпей, шайлоо күнү добушканаларга келиши мүмкүн болуп турат.
- Астанада 700дөй мекендеш биометрикалык маалыматын тапшырган, бирок Кыргызстандан тапшырып койгондору да көп. Эми алардын так санын бизге Каттоо кызматы бериш керек. Арасында алдын ала арыз жазгандар аз болду. Бирок шайлоого катышабыз деген ойдо жүрүшөт. Биз мыйзамдан кете албайбыз, алар шайлоого катыша албайт.
Элчилик - оператор, элчилик - комиссия
Чет өлкөлөрдө шайлоо күнү кызмат кылчу адамдардын дээрлик бардыгы элчиликтеги кызматкерлер. Натыйжада оператор, катчы, участкалык комиссиянын төрагасы өңдүү кызматтарда элчиликтин кызматкерлери өздөрү иштеп каларын Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин дипломаты Куштарбек Шамшыдов айтып өттү.
- Элчиликтин жумушчулары мындайча айтканда “универсал” болуп калдык. Биз Каттоо кызматынын ролун аткарабыз, участканын төрагасы, операторлук дагы милдетти аркалап калат экенбиз. Себеби шайлоо күнү техниканын иштешине, шайлоо процессинин жүрүшүнө биз жоопкерчиликти алып атабыз.
“Таза шайлоо” ассоциациясынын байкоочусу Өмүрбек Рыскелдиевдин айтуусунда, каражаттын тартыштыгынан өкмөт элчиликтеги кызматкерлерди жардамга тартууга аргасыз болуп жатат. Ошол эле учурда бул көрүнүш шайлоого терс таасирин тийгизээрин жокко чыгарбайт.
- Алар техникалык жумуштарды аткара берет. Бирок экинчи жагынан жең ичинен шайлоочуларга тигиге добуш бер, буга добуш бер деп көрсөтмө беришпейт дегенге кепилдик жок. Элчиликтеги адамдар кайсы бир партияга иштеп калса, анан өзү жака тартмай башталат да. Негизинен акчанын тартыштыгынан айла жок ушундай болуп жатат да, болбосо Каттоо кызматынын операторлору өздөрү барып иштеши керек болчу.
Тышкы өлкөлөрдөгү участкаларда кызмат кылган операторлор БШКдан окуу курстарынан өткөн соң шайлоо техникасын, шайлоочулардын тизмегин жана бюллетендерди кошо ала кетишет. Жалпысынан 4-октябрдагы шайлоодо бөтөн өлкөдөн 20 миңден ашык жарандын добуш берүүсү күтүлүүдө.