“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
Кыргызстанда 7-февралдан тарта автоунаа жана турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу башталат.
Мамлекеттик каттоо кызматы кыргызстандык айдоочунун күбөлүгүнө эл аралык укук ыйгаруу ишин баштаган фирма шылуунчулук менен алектенип жатканын билдирди.
Мамлекеттик кадр кызматы жаңы жылдан тарта декларация толтуруу өнөктүгүн баштады. Бул жылы аткаминерлер кирешелерин гана эмес, чыгашаларын да көрсөтүшү керек
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Google translate - кыргызчалатуу долбоорунун тендерин "Улут Soft" компаниясына ыйгарганы бир топ талаш-тартыш жаратты.
Орусиянын ОРТ жана “Россия РТР” телеканалдарына Кыргызстандын аймагында жергиликтүү мыйзамдарга баш ийбей турган өзгөчө макам берүү сунушталууда.
2015-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү эки эсеге азайган.
Улуттук банк жыл жыйынтыкталар чакта 16 ирет акча базарына чыгып, 37 млн. доллар сатты. Азырынча сомдун АКШ акчасына катышы туруктуу кармалып турат.
Кыргызстандын акыйкатчы кызматына жаңы шайланган Кубат Оторбаев алгачкы маегин "Азаттыкка" курду.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жаңы жылдык куттуктоосунда терроризм маселесине токтолуп, бирөөлөрдү ээрчип, маңкурт болбош керектигин айтты.
Парламент депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Кубат Оторбаевдин талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдоп берди.
КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика - Ата Журт” фракциясынан айрым депутаттар ар бир бюллетендеги добуш берүүлөрдү байкоого алып жатышты. Добуш берген депутаттар өз ыктыяры менен бюллетендерди шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө көрсөтүп, андан кийин гана урнага салып жатышты.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятниковго таандык фирма балдарга берилчү жаңы жылдык белекти даярдоо боюнча тендерден утуп алганы көп суроону жаратты.
Өлкөнүн экономикасынын негизги арка-бели эсептелчү Энергетика министрлиги жоюлуп кеткенден бери кийинки тагдыры так чечилбей, арасат бойдон турат.
Акыркы бир сутка ичинде коомдук жайларда бомба бар деген жалган билдирүүлөрдү тараткан эки факт катталды.
Орусиянын коопсуздук жаатындагы адистери ЖККУга мүчө өлкөлөр Сириядагы согушка активдүү аралашуусун талап кылып келишет. ЖККУ азырынча Сириядагы абалга байкоо гана салып турат.
Мамлекеттик сатып алуулар интернеттеги атайын сайтка жарыялана баштагандан бери коомчулук ар бир чыгымды көзөмөлгө алууда. Ашыкча коротулган чыгымдар боюнча кылмыш иши да козголду.
Жаңы жылдан баштап чет өлкөгө учкан ар бир жарандан 15 доллардан алынат. Буга чейин 10 доллардан төлөнүп келген. Өкмөт аны 5 долларга көбөйтүү аэропортторду колдоону көздөйт деп айтууда.
Орусиядагы финансылык каатчылык Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетине тикелей таасирин тийгизүүдө. Ага байланыштуу университет окуу акысын көтөрдү.
11-декабрга караган түнү УКМКнын "Альфа" бөлүмү антитеррористтик операция өткөрүп, эки кылмышкерди атып өлтүргөнү кабарланды.
Акыркы он бир айда тергөө органдары коррупция боюнча 334 кылмыш ишин козгогон. Мыйзам сактоо органдары жемкорлуктун тамыры терең жайылганын ырастап, ага каршы системалуу күрөшүү зарыл экенин билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз