Эл аралык уюмдар Кыргызстанда күч түзүмдөрү менен сот системасында терең реформа жасалбаса, жемкорлукту жеңүүдө кандайдыр бир ийгиликке жетишүүгө мүмкүн эместигин белгилешет.
2010-жылдагы апрель революциясынан кийин жаңы бийлик жемкордукка каршы аёосуз күрөш жарыялаганы менен, коомчулук бул илдеттен арылып кеткен жери жок. Коррупцияга күрөш күчөгөн сайын, анын тамыры тереңдеп, жылдан-жылга формасын өзгөртүп жатканын башкы прокурор Индира Жолдубаева өз сөзүндө белгиледи.
Башкы прокурор коррупция эми заманбап ыкма менен күрөшүүнү талап кылганын, ал үчүн системалуу жооп кайтаруу керектигин айтты. Ал үчүн мыйзамдарды кайрадан жаңылоо талабы чыкканын белгилеп, баяндамасына буларды кошумчалады.
- Коррупциялашкан аткаминерлерге азыркы мыйзамдар жоопкерчиликтен кутулууга бир катар жолдорду ачып берүүдө. Кадр тандоо жаатында мамлекеттик кызматтар өтө чабал мамиле жасап жатышат. Ал эми адамдар кызматка иштейин деп келбестен, кызматтык орунду акча табуунун булагы катары карап калышты. Жөнөкөй жарандар коррупция деп сүйлөгөнү менен арыз жазып кайрылгандар дээрлик жок болуп атат.
"Сотторго ишеним солгун"
Бирок башкы прокурордун жарандар арасында коррупция боюнча арыз жазып кайрылгандар жокко эсе деген сөзүнө УКМКнын антикоррупциялык кызматы макул эмес. Бул кызматтын коомдук кабылдамасына акыркы 11 айда 3249 жаран кайрылган. Анын ичинен болгону 334 арыз боюнча кылмыш иши козголгон.
Ушундан улам коррупция менен күрөш жүрүп жатканына коомчулук ишенбей жатканын депутат Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” айтып өттү. "Айрым коррупционер адамдар жазадан жеңил-желпи кутулуп жатканы сотторго болгон ишенимди жоготту" дейт эл өкүлү.
- Мыйзам эки бөлөк иштеп жатат. Кээ бир адамдарга туура чечим чыкса, ошондой эле иш менен экинчиси акталууда. Ошондон улам мыйзам бардыгына бирдей иштебей, коррупция менен күрөшүүгө эл ишенбей калды.
Соттор: маяна көтөрүлмөйүнчө - чечим оңолбойт
Бирок жогоруда айтылган дооматтарга сот системасында иштегендер макул эмес. Жогорку соттун экс-төрайымы Феруза Жамашева каражаттын тартыштыгы сотторду тийиштүү деңгээлде иштетпей жатканын ачык айтты. Акыркы жолу 2013-жылы өкмөт соттордун айлыгын көбөйткөнү менен доллар көтөрүлүп, инфляция өскөнү түздөн-түз алардын чечимине да таасирин тийгизип жаткан экен.
- Сот реформасындагы коррупция менен күрөш материалдык абалга да байланыштуу экени талашсыз. Азыркы учурда сотторго абдан көп иш жүктөлгөн, анан да тийиштүү материалдык колдоо жок акыйкат чечим чыгарууга жолтоо болуп жатат. Келе жаткан жылы өкмөт бюджеттеги чыгашанын эки пайызын сот тармагына бөлүп жатканы колдоого аларлык көрүнүш. Ушул өңдүү аракеттер коррупцияны жоюуга жардам берет деп ойлойбуз.
Эл аралык уюмдар бир гана сот тармагында эмес, жалпы күч түзүмдөрүндө реформа жүрбөсө, Кыргызстандын коррупцияны жеңүүсү кыйын экенин айтат. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги элчиси Сергей Капинос соттордун айлыгын гана көтөрбөстөн системаны кошо оң жолго салуу керек деген пикирде. Кийинки учурда Кыргызстанда коррупцияга жазаны күчөтүү активдүү демилгеленип жатканы менен, дүйнө өлкөлөрүнүн тажрыйбасында бул ыкма натыйжа берген жок. ЕККУ элчиси илдетти айыктырууда коомчулук жана ММКнын да ролу чоң экенин кошумчалайт.
- Коррупцияга жазаны күчөтүү – бул убактылуу гана жыйынтыгын берет. Кытайдын мисалын алсак, бул ыкма толугу менен коррупцияны жоюп жиберген жок. Мыйзамдарды жаңылап, жоопкерчиликтин көбүн сот системасы алышы керек. Ал үчүн соттор эч кимге көз каранды болбошу керек. Кыргызстанда бул аракеттер азырынча максатка жетпей жатканын ачык айтуу керек, - дейт Капинос.
Коррупция беренеси менен кылмыш иши козголгондордун сап башын күч түзүмдөрү бербей келатат. Ушул жылдын 11 айында күч түзүмдөрүнө байланышкан 73 иш козголсо, экинчи катарды жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына коррупциялык 61 иш улантты. Антикоррупциялык кызмат берген маалыматка таянсак, ушул жылы жалпы 334 козголгон кылмыш ишинен мамлекеттин казынасына 270 млн. сомдон ашык акча кайтарылган.