“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
Балыкчы – Корумду жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын 8-апрелдеги жыйынынын болбой калышы башка комиссия мүчөлөрүнүн нааразылыгын жаратты.
Өкмөт Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирет.
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери уюмга мүчө өлкөлөрдүн товарлары чек арадан кирген учурда арзан баада көрсөтүлүп, натыйжада соңку үч айда эле бюджетке 1 миллиард 200 миллион сом кошумча нарк салыгы түшпөй калды.
Жогорку Кеңеш инвестиция тартуу саясатын премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда талкуулады. Өкмөт өткөн жылы инвестиция тартуу 12 пайызга өскөнүн маалымдаса, айрым депутаттар өкмөттүн бул багыттагы ишин сындады.
Кыргызстандын абактарында жаза өтөп жаткан 400гө чукул кыз-келиндин 40 пайызы Кылмыш кодексинин шылуунчулук, алдамчылык беренелери боюнча соттолгондор.
Билим министрлиги келерки аптадан тарта Кыргызстанга Орусиянын Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университетинин өкүлдөрү келип, бул окуу жайда билим алууну каалаган жаштар үчүн сынак өткөрөрүн жарыялады. “Азаттык” университеттин Кыргызстандагы өкүлү Майрамбек Раимжанов менен маектешти.
Өзбекстан менен чектешкен Кербен-Ала-Бука жолундагы кырдаал кандай? Бул жана башка суроолорго Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев жооп берди.
Анкаранын борбордук районунда болгон жардыруудан набыт кеткендердин саны 30дан ашты. Жарадарлардын саны 125ке жеткени кабарланды.
Алтынай алты жылдан бери машине айдайт. 46 жаштагы эки уулдун энеси ушул иштин арты менен улуу баласын үйлөнтүп, үй-бүлөсү жакында эле небере менен толукталды. Майрамга карабай жумушта жүргөн таксичи айым ишинин өзгөчөлүгү тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.
4-март күнү кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имаратында өрт чыгып, алты кызматкер жабыркады.
Жогорку Сот кылмышка шектелген Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Акыркы убакта өкмөт коомчулуктагы каршы пикирлерден улам өзүнүн айрым сунуштарынан баш тартса, кээ бир долбоорлорунун ишке кирүү мөөнөтүн артка жылдырды.
Демилгечи топтун мүчөлөрү 29-январда Бишкекте чоң жыйын өткөрүп, ага жер-жерлерден да көптөгөн калем ээлерини катышары айтылууда.
Өкмөт “Газпромдун” өлкөнү газдаштыруу боюнча инвестициялык программасы ишке ашпай калышы мүмкүн экенин эскертти. Буга жаңы конуштардын даяр газга караганда, электр энергиясын пайдалануусу себеп болуп жатканын айтууда.
Сот чечимдеринен улам депутаттар мандат чырынын кезектеги курмандыгы болуп калуудан ар түрдүү ыкма менен сактана баштады.
Жогорку Сот "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев Бишкектин №1 тергөө абагында оозун төөнөп алган айыпталуучуга тиешелүү кылмыш ишти өз көзөмөлүнө алмай болду.
Кыргызстандын парламенти Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча эл аралык келишимди денонсациялоо мыйзамын кароо алдында турат.
Өкмөт тапшырмасын аткарган Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Кыргызстандагы мөңгүлөргө келтирилген экологиялык зыянды аныктоочу усул тууралуу токтом долбоорун иштеп чыкты.
Жогорку Кеңеш мамлекеттик кызматкерлерге кызмат учурунда белек алууга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун кароого киришти.
Дагы жүктөңүз