“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
Кытай-Кыргызстан cүйлөшүүсүндө темир жолу жана ГЭСтерди курууга кытайдан инвесторлорун тартуу маселеси козголгон жок.
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын жолугушуусу өттү. Анда эки тараптуу алака, экономика, билим берүү, маданият тармактарында кызматташтыкты жакшыртуу мас
Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча, 200 миңден ашык кыз-келин тигүү тармагында иштесе, анын 90 пайызы көмүскө иш алып барат. Адистер өмүрүн тигүү тармагына арнагандар жашы өткөндө пенсия жана башка жөлөкпул албай калуу коркунучу бар экенин айтышат.
Соңку алты жылда кыргыз бийлиги милицияны үч жолу реформа кылууга аракет жасап, бирок коомчулук күткөндөй жыйынтык берген жок.
Тигүү тармагы улуттук экономиканын маанилүү бөлүгү. Бейрасмий маалыматтарга таянсак 200 миңден ашуун адам жеңил өнөр жайында иштесе анын 90% кыз-келиндер түзөт.
23-октябрда Сузак районунда уурулукка айыпталган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбеков асынып алды. Маркумдун ата-энеси буга айылдаш жигит жана милиция кызматкерлери күнөөлүү экенин айтышууда. Бирок милиция дооматтарды четке какты.
Кыргызстанда Конституциянын тегерегиндеги талаш-тартыш күчөдү. Анын арты коалициялык көпчүлүктүн ыдырашына алып келди.
"Кыргызтелеком" казакстандык провайдерлер менен интернет баасын көтөргөн бир жылдык келишимге үч ай мурун кол койгон документтер ачыкка чыкты.
Алмазбек Атамбаев “Газпром” ишканасы курган Бишкектеги спорт комплексинин ачылышында Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткандарды сындады.
Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулап, бул боюнча сунушталган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.
Кыргызстанда жыл сайын жүзгө чукул өспүрүм өз жанын кыят, дагы ушунча кыз сексуалдык кордук көрөт.
Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын биримдиги үчүн Орусияга каршы согушта курман болгондордун эстелигине гүл коюп, анын мамлекеттик бүтүндүгүн колдорун билдирди.
Кыргызстанда адам укугу жаатында маалыматтарды кенен жайылтуу үчүн эки айлык жарыяланды. Анда калың журтка адам укугу жаатында декларациянын маанилүүлүгүн жеткирүү тапшырмасы каралды. Акыйкатчы институту бул аралыкта бардык тармактагы адамдарга адам укугу жаатында түшүндүрүү жана жайылтуу иштерин жүргүзүүнү көздөөдө.
АКШнын жана Улуу Британиянын элчиликтери бир учурда ыктымал теракт коркунучу тууралуу эскертип, өз жарандарын сак болууга чакырды.
23-cентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ГЭСтерди куруу маселесин көтөрүп, Батыровго аянтча болгону үчүн ЕККУнун ишин сындады. Ал ошондой эле 2017-жылы өтө турган Кыргызстандагы президенттик шайлоону колдоого БУУ жана өнөктөш өлкөлөрдү чакырып өттү.
Укук коргоочулар Кыргызстанда адамдын үшүн алган зордуктоо фактылары көбөйүп баратканын айтып коңгуроо кагышууда.
30-августта Бишкектеги Кытай элчилигин жардырууга катышы бар деп шектелип, издөөдө жүргөн эки адам Түркияда болуп чыкты.
Келерки жылдан тарта бийик тоолуу шартта иштеген адистер кошумча айлык акы ала баштайт.
Президент Алмазбек Атамбаев июнь коогасын уюштурган деп айыпталып издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качып кеткени иликтениши керектигин айтты. Ал Башкы прокуратурага бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү тапшырды.
Парламенттин шаршемби күнкү жыйыны адаттан тыш кызуу талаш-тартыш менен башталып, коалициядагы фракциялар бири-бирин андан чыгып кетүүгө чакырганга чейин барышты.
Дагы жүктөңүз