“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Үңкүр-Тоонун тегерегиндеги соңку кырдаал тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдыкарим Алимбаев "Азаттыкка" маек курду.
Каржы министрлиги мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды өзгөртүп, тендерлерди коомчулуктан жашыруун өткөрүү аракетин көрүп жатканы коомчулукту тынчсыздандырууда.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады.
Президент Алмазбек Атамбаев билим күнүнө карата Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы мектепке барды. Президент мектептин эскилиги жеткенин айтып, кийинки жылы 150 орундук билим берүү мекемеси куруларын айтты.
БШК күзүндө жалпы республикалык референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир күндө өтө турган болсо, шайлоочулар үчүн эки тизме болоорун айтууда.
Бүгүн эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратында жардыруу болду. Маалым болгондой, эртең мененки саат тогуздарга чукул жанкечти башкарган автоунаа элчиликтин дарбазасын сүзүп кирип, имараттын короосунда бомбаны жардырган.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, бүгүнкү жардыруудан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин үч кызматкери жаракат алды. Жардырууну жанкечти ишке ашырган.
Борбордук шайлоо комиссиясы 260 миллион сомго кошумча эки миң даана электрондук урна сатып алмай болду.
Өткөн жумада Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршылыктын негизинде түзүлгөн "Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылы кезектеги жыйынга чогулуп, күзүндө жалпы Республикалык курултай өткөрүү тууралуу резолюция кабыл алды.
Бийлик, оппозиция жана жарандык коом Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин биринчи жолу бир столго отуруп талкуулап, бирок бир пикирге келе алган жок.
Бүгүн ГКЧП окуяларына 25 жыл толду. Ал кездеги советтик саясий жана аскер жетекчиликтин чоң бөлүгүнүн мамлекеттик төңкөрүш аракети эски совет республикаларынын көз карандысыздык алышын тездеткен окуялардын негизгиси катары бааланып жүрөт.
Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясы өлкөдө интернеттин тарифи эки-үч эсеге кымбатташы мүмкүн экенин эскертти.
“Ачык бюджет” интернет порталы Кыргызстандын бюджеттик каражаттарынын мамлекеттик мекемелерде сарпталышын жарыялады. Ага ылайык, Каржы министрлигинин быйылкы жети ай ичиндеги эле чыгымы бүтүндөй парламенттин бир жылдык бюджетинен ашып түштү.
Акыркы учурда күч кызматындагы кызматкерлердин кылмыш иштерге аралашканы көп байкалууда.
Жогорку Сот Апрель окуясы боюнча сот ишине чекит койду. 29-июлда Жогорку Соттун коллегиясы экс-президент Курманбек Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечимди жокко чыгарып, 30 жылга кести.
“Элдиккредит” микрокредиттик уюмдун мурдагы жетекчиси Чолпон Мусакожоеванын иши сотто акыйкат каралбаса, туугандары өзүн өрттөөгө даяр экенин билдирип чыгышты.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын туугандарына тиешелүү, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин улутташтырылган 47 объекттин тогузу гана сатылды.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыркулов кызматтан кетти. Аны кызматтан алуу тууралуу пикирлер буга чейин коомчулукта бир нече жолу көтөрүлгөн.
Өкмөттүн токтомуна ылайык Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарында алтын медаль жеңген спортчуга 7 миллион сом сыйлык катары берилет.
Дагы жүктөңүз