Бул тема боюнча "Азаттык" саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековго бир нече суроо узатты.
“Азаттык”: Референдумду өткөрүү, Конституцияны өзгөртүү демилгелеси канчалык мыйзамды, жол-жоболорду сактоо менен баратат?
Жоробеков: Албетте Конституцияны өзгөртүү керек. Бирок, айрым бир маселелерди мыйзамга тууралап коюу зарыл. Себеби азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда көптөгөн алешемдиктер бар. Алсак кыргызчасы менен орусча текстинде айырмачылыктар бар, премьер-министрдин алмашуусу, айтып отурса ар бир беренеде мындай кемчиликтер көп.
Азыр Конституцияны өзгөртүү боюнча президенттин тегерегиндегилер аны эл-журтка жаман көрсөтүүнүн жолун таап алдыбы деген ой кетип жатат. Себеби тоңмоюндук менен Баш мыйзамда 32-34 пунктту өзгөртүп, референдумга алып чыгып, “макулсузбу же жокпу” деп бир суроо менен өткөргөнү жатат. Бул деген социологиянын, плебисциттин мыйзамына туура келбеген жол менен баратат дегенди түшүндүрөт. Биз мындай референдумду Акаев жана Бакиевдин маалында көрбөдүкпү.
“Азаттык”: Анда референдум кандай жол менен өтүшү керек?
Баш мыйзамда 32-34 пунктту өзгөртүп, референдумга алып чыгып, “макулсузбу же жокпу” деп бир суроо менен өткөргөнү жатат. Бул деген социологиянын, плебисциттин мыйзамына туура келбеген жол менен баратат дегенди түшүндүрөт.
Жоробеков: Мисалы үчүн Конституцияга кирип жаткан өзгөртүүлөрдүн арасында мен жыйырмадай демилгени колдойм. Ал эми калганын мен таптакыр теңирден тескери өзгөрүүлөр катары карайт элем. Биз Конституцияда 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп жазганбыз, бирок эми референдумга багыт алып алгандан кийин бюллетенге бир эле суроону жазышыбыз керек. Анда “Сиз азыркы Конституцияны өзгөртүүгө макулсузбу же жокпу?” – деген гана жазуу болушу керек. Качан гана эл “макул” деп добуш берсе, андан кийин гана улуттук маанидеги Конституциялык кеңешме түзүп, Баш мыйзамды кыргызча жазып чыгышыбыз керек.
Мен азыркы өзгөртүүлөргө сунушталган долбоордогу Конституцияны окуп алып айрым беренелерди түшүнө албайм. Өткөн жылы Конституциялык палата “азыркы Баш мыйзам өзгөрүүгө болбойт” деген чечим чыгарып берген болчу. Андан кийин эле эл күтпөгөн жерден Конституция өзгөртүү демилгеси президенттик аппарат тарабынан чыга калбадыбы. Өкүнүчтүүсү, өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда коомчулуктун пикири эске алынбай, канчалаган илимдин кандидаты, докторлор сыртта калып, тар чөйрөдө түзүлүп калбадыбы.
“Азаттык”: Жолборс мырза, 24-октябрда парламенттеги көпчүлүк коалициянын урашы Конституциялык реформага өз таасирин тийгизет дейсизби же бардыгы алдын ала эсептелген жол менен баратабы?
Бийликтин партиясы коалицияны бузду
Бийликтин партиясы коалицияны бузду
Парламентте башкаруучу коалиция тарады. Буга КСДП фракциясынын коалициядан чыгып кетиши себеп болду.
Жоробеков: Биздин Конституциянын бардыгы жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн болуп калбадыбы. 2010-жылы революциянын деми менен азыркы Баш мыйзамды кабыл алганбыз. Ал эми андан мурунку негизги документтер Акаев жана Бакиевдин кызыкчылыгын гана көздөп келген. Ошондуктан азыр жакшы Конституцияны кабыл алганга дурус дегидей мүмкүнчүлүк бар эле. Себеби азыр революциялык абал жок, эл-журт тынч жашап жатат, бирок эмне үчүн Конституцияны кабыл алууда шашылып баратабыз деген суроо жаралат. Конституцияны кабыл ала койсок эле эртең Баткендин өрүгү менен Таластын буурчагы экспортко чыгып калабы? Ошондуктан шашпай эле ар бир берене боюнча талкуу кылсак Алмаз Атамбаев дагы тарыхта калмак.
Ал эми коалиция боюнча айта турган болсом, бардык мамлекетте эле коалициядан оппозициялык маанайдагы фракциялар чыгып кеткенден коалиция урап калат. Ал эми бизде болсо тескерисинче оппозициялык эмес, бийликчил фракция коалициядан чыгып жатат. Алдыда болсо өтө чоң маселелер турат.
“Азаттык”: Ошентсе да коалициянын кайрадан түзүлүшү Конституцияны өзгөртүү демилгесине өз таасирин тийгизеби?
Жоробеков: Сөзсүз таасири тийет. Азыр коалиция КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика Ата-Журт” фракциялары арасында түзүлгөнү жатат. Карап көрсөк, азыр чоң маселе жаралчудай болуп турат. Себеби “Кыргызстандын” лидери Канат Исаев менен “Республика Ата Журттун” башчысы Өмүрбек Бабановдун кайнаса каны кошулбайт. Бул сөзсүз референдумга өз таасирин тийгизет.