Жергиликтүү активисттер Батыровдун мүлкү азыр да тонолуп жатканын айтууда. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары мекемени жоюу жөнүндө маселе көтөрүп чыгышты.
Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу «Элдик» мамлекеттик ишканасы өз карамагындагы ишканаларды ижарачылардан кайтара албай жатат. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси Алексей Апиев ижарачылар менен соттошуп келатканын билдирүүдө.
«Биздеги объектилердин ичинен жакшы пайда алып келүүчү база бар. Курулуш тетиктерин чыгаруучу база союз маалында да жакшы иштеп турган. Ал 2017-жылы ачык аукционго коюлуп, «Акмат-Ата-Транс» ЖЧКсы ижара акыны айына 744 миң сом төлөмөй болуп, жеңүүчү деп табылган. Аталган компания менен бир жылга келишим түзүлгөн. Алгач эки айдын ижара акысын толук төлөп, андан бери келишимдеги сумманы төкпөй коюшту. Кийин компаниянын аты «Жалал-Абад завод ЖБИ» болуп өзгөрдү. Алар өз алдынча сумма коюп алышып, ай сайын 200 миң сом гана ижара акы берип коюуда. Азыр алардын карызы 18 миллион сомго жетти. Компания ачык эле мыйзам бузуп жатат. 2018-жылдын август айында келишим аяктаган, алар цехти бошотуп бериши керек болчу. Аргасыз сотко кайрылууга мажбур болдук».
«Элдик» ишканасы мындан сырткары Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон Жалал-Абад шаарындагы университеттин бир бөлүгүн жана бала бакча имаратын «Нур-Билим-Ордосу» ЖЧКсына үч жыл мурда ижарага берген. Аталган ишкана да ижара акысын толук төлөөдөн баш тартып, түрдүү каттарды жолдоп жүрөт. Аларга берилген бала бакча болсо кароосуз калган. Бул багытта да мекеме сотко кайрылды.
«Жалал-Абад шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү бала бакча жана Сузак районундагы Пахта көчөсүндөгү мектеп 2016-жылдын март айында «Нур-Билим-Ордо» ЖЧКсына 10 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Келишимге ылайык, мектеп имараты үчүн ай сайын 235 миң сом, бала бакча 105 миң сом төлөп бермей болгон. 2017-жылдын 1-сентябрынан тарта бала бакчага болгон төлөмдү төлөөнү мыйзамсыз токтотуп койгон. Ага биздин мекеменин жетекчисинин мурунку орун басарынын таасири болгон. Анын жубайы «Нур-Билим-Ордосу» ЖЧКсын түзүп, ошол бакча менен мектепти алып, жеке менчик мектебин ачкан. Келишимди ошолор түзгөн. 200 балага ылайыкталган бала бакча алгач иштеп жаткан. Анын абалы да жакшы болгон. Алардын жоопкерчилигинде экенине карабастан кароосуз калтырып коюшту. Имарат талкаланып, тонолуп кеткен. Мышык ыйлай турган абалга жетти»,- дейт Алексей Апиев.
«Элдик» ишканасынын карамагында учурда Кадыржан Батыровдун 23 жана мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир мүлкү катталган. Алардын ичинен алтоо гана киреша алып келсе, калгандары кароосуз калган имараттар жана жерлер. Мекеме менен соттошуп жаткан «Жалал-Абад завод ЖБИ» заводунун жетекчиси Бакыт Борошов жолго коюлган ишканага көз арткандар чыгып жатканын айтты:
«Ооба, ижара акы 700 миң сомдон ашат. Бирок келишим түзүлүп жатканда цех алар айткандай абалда эмес болуп чыкты. Баары талкаланган, тонолгон абалда экен. Миллиондогон акчага тетиктерди сатып алдык. Ишкананын 7 миллион сом карызы бар экен. Биз «абалы оор экен, андай сумманы төлөй албайбыз» дедик. 200 миң сомдон төлөмөк болуп, ошол сумманы кечиктирбестен берип жатабыз. Мурун 46 жумушчу гана болсо, азыр 103кө көбөйдү. Маянаны 100 пайызга көтөрүп бердик. Шаардагы жеке компаниялар ичинде мамлекетке жакшы салык төлөгөн алдыңкы мекеме болдук. Былтыр 100 миң доллар салык төлөндү. Болгону объект бул ишканага өтсө кайрадан тонолот, талкаланат. Ошол себептүү биз каршылык билдирип жатабыз».
«Элдик» ишканасында учурда беш кызматкер эмгектенет. Мекеменин азыр салыкка 1,3 млн., Соцфондго 3,7 млн. сом карызы бар. Ал эми мамлекеттик үлүшкө 1 миллион 300 миң сом төлөп бериши керек. Ижара акы өз убагында төлөнбөгөндүгүнөн мекеме карызга батып бараткандыгы байкалууда. Жергиликтүү активист жана укук коргоочу Анарбай Орозов Батыров тиешелүү мүлк мурунтан баштап эле тонолуп келе жатканын эскерди:
«Кадыржан Батыровдун мүлкүнүн баары азыр да камакта жатат. «Элдик» ишканасы башынан эле башка кызыкчылык менен уюштурулган. Анын мурунку жетекчилери «мүлктү корбойбуз» деген негизде келип, тескерисинче коррупциялык жолдорго барышты. Катталган мүлктү талап-тоноп, «Элдик» ишканасынын бир топ мурунку жетекчилери сот жообуна тартылышты. Бирок ошол эле кезде бул мүлктү эл аралык «Вацет» компаниясы да Кадыржан Батыровдун карыздары үчүн талашып, азыр ал сотто каралып жатат. Сот иштери бүтмөйүнчө мамлекет да иштетүүгө акысы жок. Бирок ага карабай облустук сот Батыровдун имаратына кирип алды. Талкаланган университетине болсо ички иштер башкармалыгы жайгашканы жатат».
Ушул жылдын май айында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин Жалал-Абад шаарында өткөн көчмө жыйынында депутаттар Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөрүлгөн мүлкүнүн эсебинен уюштурулган «Элдик» мамлекеттик ишканасын жоюу маселесин көтөрүшкөн. Депутаттар түзүлгөндөн бери мамлекетке бир тыйын пайда алып келбей, мамлекет эсебинен жашап жаткан ишкананы жоюуну айтышкан. Бул маселе жакынкы күндөрү парламент комитетинде каралмай болууда.
«Элдик» ишканасы өзү болсо карамагындагы 13 объектини жергиликтүү бийликке таратууну суранып өткөн айда Мамлекеттик мүлк фондуна кайрылды. Анын себебин ишкана пайда алып келбеген мүлктү кармап турууга каражат табылбай жатканы менен түшүндүрдү.
Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктү башкаруу ошол ишканага берилген.
2018-жылы декабрда Кадыржан Батыров Одесса шаарында көз жумганы, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге берилгени кабарланган.