Аксы: эл түтүктөрдү алууга каршы
Аксы районунун тургундары кезегинде Ринжит каналынын курулушуна деп өкмөт тарабынан берилген түтүктөрдүн кайра алынышына нааразычылык билдирүүдө. Түтүктөр 2003-жылы өкмөттүн токтому менен райондун өнүктүрүү фондуна кайтарымсыз берилип, 2004-жылы ташылып келинген. Бирок жергиликтүү бийлик учурда аны райондун башка муктаждыктарга колдонуу пландарын түзүүдө.