"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктар тизмесине кирген Падыша-Ата коругуна эс алуу жайын куруп алды деген ишкердин жакындары аны менен соттошкон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сабагандыгы айтылууда.
Аксыда жаз айында селден жабыркаган үй-бүлөлөр турак үйлөрү менен чатырларда жашап жатышат. Азырынча жабырлануучуларга жер тилкеси жана ссуда маселеси да чечиле элек. Жашоочулар өкмөт башчысы келип кеткенден кийин дагы абал өзгөрүүсүз калып жатканына кейип турушат. Район боюнча жалпы 215 турак жайда
Жалал-Абадда насыя алууда алданган эки райондун тургундары турак жайларынан айрылуу алдында турат.
Жалал-Абадда үй-бүлө зомбулугунан улам апасы каза болуп, анын айынан атасы абакка кесилген беш бир тууган кимдин багуусунда болот деген маселе талаш жаратууда.
Жалал-Абаддын Аксы районунда тыюу салынган уюмдарга мүчө деп шектелген эки келин видеокайрылуу жасап, милициянын үстүнөн даттанды. Тартип сакчылары аны жазадан качуунун амалы деп сыпаттады. Кайрылгандардын экөө тең 35 жашта жана бири мурда КЖКнин 299-беренеси менен соттолгон.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы мал базар орун алган жердин талашы күчөдү. Мал базарда азыр 200дөн ашык адам иштеп, каражат табат.
Жалал-Абадда жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө. Милицияга ыктыярчылар жардам берүүдө. Облус аймагында 600 гектардан ашык жерде кара куурай өсөт.
Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча Сузак районунун акими Абдимуктар Маматов жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко өттү.
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.
Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш Жийде-Бел участкасына жергиликтүү тургун ижарага бак тигип, кургак талааны эс алуу жайына айландырды. 2010-жылы эки өлкөнүн ортосунда талаш жараткан чек ара тилкесиндеги 70 сотых жерге боз үй тигип, алгачкылардан болуп жайгашкан. Жалал-Абад-Кербен унаа жолундаг
Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын бир топ энелери эки-үч жылдан бери “Баатыр эне” орденин алуу үчүн топтогон документтерин райондук комиссия өткөрбөй жатат деп даттанышууда. Адистер документ кабыл алуу талаптары жогорулап, ага шайкештик болбой жатат деп түшүндүрүшүүдө.
Аксы районунда Өзбекстан менен буга чейин талаш жаратып жаткан чек арадагы тилке Өзбекстанга таандык болуп чыкты. Бул маалыматты райондук бийлик бышыктаганы менен, облустук бийлик төгүнгө чыгарууда.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинде журналистика кафедрасынын быйылкы жылы студент кабыл албашы жана кээ бир тайпаларынын жоюлушу эки жаат болуп бөлүнгөн окутуучуларды соттошууга чейин алып барды.
Аксы районунун Сөгөт айылындагы жер боюнча талаш такталмайын ал жерге эч ким киргизилбейт. Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнөн турган комиссиянын жолугушуусунан кийин ушундай чечим кабыл алынды.
Жалал-Абаддын 65 жаштагы тургуну Абдрахман Хашимов байыркы тамак саналган Нишалланы ата-бабасынан берки мурас катары аздектеп, жасап келет. Тажикстандын ашканаларында кеңири кезиккен тамакты өзбек улутундагы жарандар да орозодо көп жешет. Аны жасоо сырларын аксакал "Азаттык" менен маегинде бөлүштү.
“Азаттыктын” кезектеги апта темасында Кыргызстандагы өрт коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз болот.
Кезегинде бүтүндөй СССРде курорттук жайлар арасында 3-орунда турган Жалал-Абад санаторийи бүгүн да өз калыбында иш алып барууда. Учурда 260 орундуy баарында республиканын булуң-бурчтарынан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген эс алуучулар дарыланууда. Минерал суулары менен атагы алыска тараган курортт
Быйылкы жана былтыркы Рамазан айы күндүн ысык аптабына туш келип олтурат. Мындай күндөрдө орозо тутуунун кандай артыкчылыктары бар жана ошол эле учурда тобокелчиликтери кандай? Мусулманчылыктагы ыйык парзды өзүнүн шааниси менен, ден соолукка зыян келтирбей кармоонун жол-жобосу кандай? Бул күндөрү
Дагы жүктөңүз