"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Ала-Бука районунда көзү өткөн 76 жаштагы аялдын сөөгүн кайра казып салуу боюнча соттук териштирүү белгисиз мөөнөткө жылды.
76 жаштагы байбиченин сөөгүн жерге берүү чуусу боюнча соттук териштирүү башталат.
Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген 140 адамга сентябрдан бери пенсия чегерилбей жатат.
Базар-Коргондо 62 жаштагы баатыр эне 26 жылдан бери айылдык китепкананы өзү жашаган турак үйдө иштетип келет. Тажрыйбалуу китепканачы мамлекеттен айлык маяна гана алганы болбосо имаратты оңдоп-түзөө жана коммуналдык чыгымдарды өз эсебинен төлөйт. Учурда өз күчү менен китеп фондун алты миңден ашырды.
Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон айыл аймактарын шаар категориясына которуу сунушу өкмөткө жиберилди.
Сузак жана Базар-Коргон айыл аймактарын шаар категориясына которуу сунушу өкмөткө жиберилди.
Таш-Көмүр шаарына караштуу беш кыштактын тургундары шаар курамынан чыгуу талаптары аткарылбай жатканына нааразычылык билдиришти.
Жалал-Абадда "Биз зордук зомбулукка каршыбыз" аттуу жаштардын акциясы өттү. Анда студенттер жөө жүрүш уюштурушуп, шаардыктарга зомбулукка кабылган адамдарга юридикалык кеңеш берген баракчаларды жана белектерди таратышты.
Жалал-Абад шаардык кеңешине катышып жаткан КСДП партиясынын тизмеси боюнча талаш чыкты.
Ала-Бука районунун борборунда 60ка чукул медицина кызматкерлери эмгектенген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты үч жыл мурун жараксыз деп табылганына карабай кооптуу абалда иштеп келет. Дарыгерлер ишсиз калуунун тобокелчилигинен улам имаратты бошотууну каалабай турушат. Жаңы жай куруу демилгеси 20
Ала-Бука районунун тургундары туура тамактануунун эрежелери менен таанышууда. Атайын долбоордун алкагында адистерден куралган топ үйлөрдү кыдырып тоолуу райондун калкына маалымат таратууда.
Шамалды-Сайдын тургуну, көзү азиз Айнагүл Абасканова орусиялык ырчы Диана Груцкаяга жолугуу максатында чыгармачылык менен алектенип, үлпөт тойлордо жергиликтүү ырчыларга кошулуп ырдай баштады. Анын дагы бир максаты - үй алуу үчүн каражат топтоо.
Уурулукка шектүү адамдын жакындары Аксы райондук милициясынын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылууда.
Лениндин сүрөтүн килемге түшүрүп, балдарына жана музейге тартуулаган эне үй буюмдарынын баарын өз колу менен жасаган. 15 баланы тарбиялап өстүргөн баатыр эне жашы 80ге чукулдап калганына карабай азыр да узчулук өнөрдү улап келет.
Акыйкатчы институтунун Жалал-Абаддагы өкүлү майыптардын араба менен жүрүүсүнө толук шарт жоктугун айтып чыкты.
Добуш сатуу жараянына катышкан тараптарга жаза чарасы күчөтүлөт. Жогорку Кеңеш муну кепилдөө үчүн шайлоого байланышкан бир катар мыйзам долбоорлорун жакында үчүнчү окулушунда талкуулаганы жатат. Анын алдында демилгелүү топ шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мыйзамды сунуштаган
Жалал-Абадда илинген "Ата-Журттун" жарнагына БШК көңүл бурду.
Жалал-Абад шаарында жаңгак фестивалы уюштурулду. Анда жаңгак токойлорунун бүгүнкү абалы талкууланып, экпорт жагын көбөйтүү сунуштары берилди. Учурда облустагы токой чарбалар өндүргөн жаңгактын түшүмү Европа өлкөлөрүнө экспорттолууда. Мындан сырткары токой жемиштерин кайра иштетүүдөн өндүрүлгөн проду
Эки миллион долларга чейин жеңилдетилген насыя берүүнү убада кылган уюмга кылмыш иши козголду.
Жалал-Абадда 2 млн долларга чейин жеңилдетилген насыя берүүнү убадалаган “Бекбол Эл” бирикмесине кылмыш иши козголду. Ага акча төлөп катталып, бергенин кайтара албай жаткан жарандар бирикменин ишине нааразычылык билдирүүдө. Облустагы 800дөн ашык адамдан акча жыйнаган бирикменин кызматкерлери өз ишке
Дагы жүктөңүз