Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Жалал-Абад: пенсия кечикти


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жана жаш курагы келген 140 адамга сентябрь айынан бери пенсия чегерилбей жатат.

Мындай абал Жалал-Абад, Ош, Баткен шаарларында орун алып, адистер муну жаңы программа ишке киргени менен байланыштырат.

Бирок майыптуулук боюнча пенсияга чыгуу процесси да бир топ убакыт аларын, анын айынан да кечигүү болуп жатканын адистер бышыктады.

Жалал-Абад шаарынын 54 жаштагы тургуну ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыгуу үчүн документ даярдаган. Бирок ушул жылдын сентябрь айынан бери андан дайын жоктугун айтып, "Азаттыкка" кайрылды.

Социалдык фонддун Жалал-Абад шаардык башкармалыгы бул адамдын маалыматын ырастады. 2016-жылдын сентябрь айынан тартып майыптыкка жана жаш курагы боюнча пенсияга чыгууну каалаган 140 адамдын документтерин атайын базага киргизип, Бишкек шаарындагы департаментке жөнөткөн. Бирок ушул кезге чейин андан кабар жок дейт Социалдык фонддун шаардык башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдана Зулпукарова.

Билим берүү баарына бирдей болсо...

Билим берүү баарына бирдей болсо...

Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны миңден ашуун.

- Август айында жөнөткөн тизмелер бизге эми гана келди. Ал эми сентябрь айында жөнөткөн адамдардын пенсиясы азыркыга чейин чегериле элек. Ушул жылдын август айында Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы Социалдык фонд башкармалыктары жаңы “Элит” программасы менен иштөөгө өткөн. Мындан сырткары борбордук аппаратта штаттык орундар кыскартылып, балким кызматкерлер иштерди караганы жетишпей жаткандыр. Бизге да эмне себептен кечиктирилип жатканы белгисиз болууда. Алар күтүп туруубузду гана эскертип жатышат. Келген жарандарга өзүбүз кабарлап жатабыз.

Жемкорлукка каршы жаңы программа

Социалдык фонддун Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Бишкек шаарларындагы башкармалыктарынын кызматкерлери ушул жылдын август айынан тарта жаңы программа менен иштей баштаган. “Элит” программасы Социалдык фонддогу жемкорлукту азайтуу максатын көздөйт. Бирок Жалал-Абад шаарында көп адамдын пенсиясы кармалып жатат деген маалыматты Социалдык фонддун өкүлү Улукбек Самыйбеков четке кагып, аны текшерип чыгарын билдирди.

- Социалдык фонд үч багыттагы пенсияларды берет. Алар: жаш курагы боюнча адамдар, майыптар жана багар-көрөрү жок кишилер. Бир эле Жалал-Абаддан 140 адамдын пенсиясы сентябрь айынан тартып кармалып туруусу мүмкүн эмес. Бул жалпы пенсия алуучулардын тизмеси болушу мүмкүн. Ал жактан түзүлгөн тизмедеги адамдардын кайсы бир документи туура эмес болсо, кайра биз толуктоо үчүн артка кайтарабыз. Биз бул жагдайды тактап көрүп, анан толугураак маалымат берели. Балким аймактар өздөрү жөнөтпөй эле бизге шылтоолоп жаткандыр. Жаңы "Элит" программасы менен иштеп жатканыбыз анык, аны коррупцияны жоюу максатында ишке ашырдык. Азырынча бизде болгон маалымат ушул.

Социалдык фонддон бул маалыматты алган соң Жалал-Абад шаарындагы башкармалыгын жетекчиси Рустам Тургунов бизге телефон аркылуу байланышып, жагдайды тез аранын ичинде жөнгө саларын айтты:

- Бирок биз бул кишилерге август айынан тартып бардык төлөмдөрүн төлөп беребиз. Бир аз сүрүлүп калганы гана болбосо, акча толугу менен берилет. Азыр мен Бишкектеги жетекчилик менен сүйлөштүм, бул маселени эки-үч күн ичинде чечебиз деди. Жаңы программа пенсия төлөөгө таасирин тийгизбеши керек. Сиздерге кайрылган адамдардын тизмесин бизге жөнөтсөңүздөр, текшерип, тезирээк чечип берели.

Жылына Жалал-Абад облусу боюнча миңден ашык адам ден соолугуна байланыштуу майыптык пенсияга чыгат. Учурда алардын саны облуста 16 миңге чукулдады. Аймакта учурда 230 миң сом гана пенсиядан карыз бар. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башкы адиси Абдуллабек Камбаров буларга токтолду.

- Бизде критерийлер бар. Документтер райондордон, шаарлардан каралып, Бишкекке жөнөтүлөт. Ал жакта текшерилген соң Финансы министрлигине жөнөтүлөт. Анан ал жактан каржы маселеси чечилген соң акча төлөнө баштайт. Бул багытта атайын мыйзам жок болсо дагы, пенсияга чыгуунун жалпы тартиби үч айга созулушу мүмкүн. Ошол убакыт ичинде документтер кайра артка кайтарылышы да, төлөнө башташы да мүмкүн. Бирок үч айдан мурда акча алабыз деген жагдай жок. Облуста 15883 адам майыптык боюнча пенсия алса эч кандай карызы жок эле төлөнүп келе жатат.

Ай сайын 1-топтогу майыптарга 4700, 2-3-топтогуларга 3 миң сомго чейин жөлөк пул берилет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG