"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Сузактын 41 жаштагы тургунунун такырбаштардын колунан каза тапканы тууралуу маалымат иликтенип жатат.
Сузак районундагы Барпы айылынын фермерлери Швейцариядан эт багытындагы кара мал алып келип, киреше таап жатат. Аларга союз мезгилинен бери кой багып, Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер ардак наамын алган фермердин тажрыйбасы да жакшы үлгү болууда.
Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Элетти өнүктүрүү үчүн бийлик эмнеге көңүл буруш керек деген суроо менен "Азаттыктан" кабарчылары облус тургундарына микрофон сунушту.
Дача Су кыштагындагы учак кырсыгында Рахмановдор төрт кишисинен айрылган.
Ишкананын өкүлү талаш-тартышты эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу чечүүгө убада берди.
Базар-Коргон менен Арстанбап унаа жолунун боюндагы үңкүрдө жашаган үй-бүлө башка жакка көчпөй жатат. Табыпчылык кылган Мамарасуловдун үй-бүлөсүнүн ал жерде турганына 18 жылдан ашты.
Базар-Коргон районунда колунда жок муктаждар үчүн кийим-кечек жана азык- түлүк чогултуп, тарата турган “Камкор” кайрымдуулук дүкөнү бар. Анын иштегенине эки ай болду. Тургундар ал дүкөнгө азык-түлүктөрдү, колдонулган буюмдарын, кийимдерин жеткирип берет. Аларды аз камсыз болгон үй-бүлөлөр алып кетет
Расмий маалыматтар боюнча кыргызстандыктардын мойнундагы чакан насыялар 12 миллиард сомго жетти.
27-декабрда Жалал-Абад жана Талас облустарынын айрым аймактарында болгон катуу шамалдын кесепеттери эсептелип бүтө элек. Катуу шамалдан жабыркаган аймактардан катарындагы Ала-Бука районунда имараттар менен турак жайларды алты миллион сомдой чыгымга учуратты деп болжолдонууда.
Атасына бара албаган Мадина Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык борбордо үч айдан бери тарбияланып жаткан үч жаштагы Мадинаны мекеме кызматкерлери атасына беришкен жок. Мадина былтыр ноябрь айынын башында базардан табылган. Сузак районунун тургуну Алибек Турдубаев кыздын атасы экенин ырастаган док
Ош жана Жалал-Абад облусунда "Мигрантка телефон чал" аттуу акция өтүүдө. Аны ISEDA коомдук фонду уюштуруп, тургундар миграциядагы туугандарына акысыз телефон чалып, аларга кеп-кеңештер берилип жатат. Мындан сырткары юристтер бүтүрүүчү класстардын окуучуларына миграция тууралуу ачык сааттарды өтүүдө.
Жалал-Абадда ӨКМ тарабынан көчкү жүрөт деп белгиленген аймактарда көпчүлүк жашоочулар кала берүүдө.
Майлуу-Суу шаарында окуучунун өз жанын кыйганына мектептеги рекетчилик себеп болгонбу?
Жалал-Абадда экстремизмге каршы күрөшүү үчүн жарыяланган бир айлык акция аяктады. Шаардын жаштары аны "Диний экстремизм жана террроризмге каршыбыз!" деген ураандын алдындагы жөө жүрүш менен жыйынтыкташты.
Аба ырайына байланыштуу Жалал-Абад аэропортунда 6-декабрда учуулар токтоду. Андан сырткары кыштын суугуна карабай ремонт жасалып жаткандыктан жүргүнчүлөр имараттын ичине кире албай каттоо башталганга чейин ачык асман алдында күтүүгө аргасыз болушууда.
Жалал-Абадда өспүрүмдөр кабылган жол кырсыгынан жабыркагандардын бирине экинчи жолу операция жасалат.
Жалал-Абадда майыптар арасында "Соолубасын үмүттөр" аттуу кароо-сынак өтүүдө.
Жалал-Абад шаарынын бийлиги базарларда жана коомдук жайларда кайыр сурап жүргөн адамдарды кармап, аларды келген жагына жөнөттү.
Арстанбап айылындагы Турбаза жана Кош-Терек конуштарында ашар жолу менен эки мектеп курулуп жатат. Алардын бири жергиликтүүлөрдүн, экинчиси мигранттын каражатынын эсебинен курулуп жатат. Мектеп мугалимдер жайкы каникулда эс алууга чыкпай, курулуш иштерине көмөк беришти.
"Азаттыктын" дубандагы кабарчылары көчө кыдырып, кыргызстандыктар жаңы ишке келген президенттен эмнени күтөрүн сурашкан. Көбү жол көйгөйүн чечерине үмүттөнсө, башкалары чек ара маселесинин чечүүнү айтышат.
Дагы жүктөңүз