Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Ала-Бука: алтын ишканасына талап коюлду


Митингден бир көрүнүш.
Митингден бир көрүнүш.

Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургундары алтын казган "Kg M-ltd" компаниясынын жергиликтүү бюджетке карызын доолап, 15-январда нааразылык акциясын уюштурушту. Буга аталган кытайлык компаниянын тыныгуудан кийин ишин кайра жандандырып жатышы себеп болду. Ишкананын өкүлү жергиликтүү тургундардын талабында түшүнбөстүк бар деп эсептеп, "компания талаш-тартышты эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу чечет" деп убада берди.

Жергиликтүү тургундардын маалыматтарына караганда, аймакта алтын казуу иштерин кайрадан баштап жаткан “Kg M-ltd" компаниясынан социалдык пакет үчүн мурунку карыздарын доолап Өрүктү айылынын 300дөй тургуну чыгышты. Акциянын уюштуруучуларынын бири, жергиликтүү тургун Нурмырза Сатыбалдиев буларды айтты:

- Компания иш баштаарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен келишим түзүп, социалдык пакет үчүн айына 300 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттенме алган. Иш башталган 2015-жылы жети ай бою алар келишимдеги сумманы төлөп турушкан. Ошол бойдон алар төлөбөй, кетип калышкан болчу. Ортодогу келишим аткарылбай, карыз чогулуп отуруп 6 млн. 900 миң сомго жетти. Компания техникасы менен кайра келип, ишти баштап жатат. Биз болсо "мурунку карыздардын баарын төлөп, анан ишиңерди уланткыла" деп талап коюп жатабыз.

Алтын кенин казган “Kg M-ltd" компаниясы айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жергиликтүү бийлик менен алдын-ала келишим түзгөн. Социалдык пакетте компания ай сайын 300 миң сом которуп берүүгө милдеттенме алган. Бирок ал келишим аягына чыкпай, компания ишин белгисиз мөөнөткө токтоткону кабарланган.

Учурда жергиликтүү тургундар алтын компаниясынан сөз болуп жаткан акчаны которгондон кийин гана ишти баштоону талап кылып жатышат. Күн мурунтан алар компаниянын техникасын токтотуп, укук коргоо органдары менен биргеликте техниканын эшиктерин мөөрлөп бекитип чыгышты, дейт Сатыбалдиев:

- Бир жыл иштеген соң кетип калган компания кайра келип, мурунку келишимди бүтүрбөй туруп кайра иш баштап жатат. Келишимдеги шарттардын баары аткарылышы керек. Алар "экскаватордун тиши жерге тийип, каза баштагандан тартып төлөп беребиз" деп убада беришкен. Техникасын эл барып токтотуп, мөөр басып коюшту. Милиция аларды кайтарып жатат.

Чогулгандар менен Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагынбаев жолугуп, коюлган талап туура экенин белгилеп, компанияны келишимди аткарууга чакырды. Ал маселе тынчтык жолу менен чечилиши керек экенин да белгиледи.

- Биз компанияга келишимдери бардык шарттар аткарылышы керек экенин айтып жатабыз. Эл менен бүгүн алардын өкүлү келип жолугушту. Булар иш баштаган соң үч айдан кийин карыз акчаны төлөп берүүнү сунуш кылып жатышат. Бирок чогулгандар ага макул болушкан жок. Маселени дагы сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылабыз.

Компаниянын аткаруучу директору Фарид Жумазов жергиликтүүлөр карыз доолап жаткан күндөрү компания иштебегенин белгилеп, алардын талабы алдыдагы күндөрү сүйлөшүү жолу менен чечилерин билдирди.

- Булар айтып жаткан карыз болгон күндөрү биз иштеген эмеспиз. Алар "иштеп жаттыңар" деп жатышат. Ушул учурга чейин биздин Соцфонд, салык жана айыл өкмөт боюнча эч кандай карызыбыз жок. Учурда эл менен бир пикирге келе албай жатабыз. Бирок маселени тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылуудабыз. Жакынкы күндөрү алар менен жолугушуу болот. Биз эч кандай ызы-чууну каалабайбыз.

Митингдин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.

Өрүктү айыл өкмөтү болсо мурда кабыл алынган келишим күчүндө деп ишендирүүдө. Компания келишимге ылайык 2016-жылдан тартып 2,1 млн. сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке каражат которгон жана ишин токтоткону тууралуу маалымдама берген эмес. Ошондон улам жергиликтүүлөр "мурдагы келишим азыр деле күчүндө" деп жатышат.

Кытайлык инвесторлорго таандык экендиги айтылган алтын казуучу “Kg M-ltd" компаниясы 2015-жылы 820 гектар жерге казуу иштерин жүргүзүүгө лицензия алып, ал азыр 63 гектарга кыскарган. Компания кенди 2027-жылга чейин иштетет. Тургундар арасындагы нааразычылыкка байланыштуу компания ишин баштай албай турат.

Ала-Бука району боюнча 14 компания кен казууга лицензия алса, ушул тапта алардын үчөө гана иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG