Мадинанын тагдыры кагазга байланды
Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык борбордо үч айдан бери тарбияланып жаткан үч жаштагы Мадинаны мекеме кызматкерлери атасына беришкен жок. Мадина былтыр ноябрь айынын башында базардан табылган. Сузак районунун тургуну Алибек Турдубаев кыздын атасы экенин ырастаган документтери толук болбогону үчүн аны алып кете алган жок. Социалдык өнүгүү башкармалыгы эми бир топ жыл мурда ажырашып, атасынын колунда калган Мадинанын апасына издөө жарыялады. Учурда кыздын тагдыры арасат жолдо турат. Жагдайга кабарчыбыз Руслан Калматов кызыгып көргөн.