"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Аксы районунун Мукур деген айылында 120 бала дүкөндүн кампасында спорт менен машыгат. Аларга элеттик тренер 37 жаштагы Бообек Нурматов спорттун каратэ-до түрүн акысыз эле үйрөтүп келет. Жакындан бери бул элеттик спорт-клубдун балдары таймаштарда алдыңкы орундарды ээлей баштады.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында мектептин кенже окуучулары чатырда билим алып жатат. Буга айылдагы эски мектептин жараксыз абалга келиши себеп болгон.Айрым кааналары бузула баштаган билимканадан окуучулар жазында эле чатырларга чыгарылган экен. Жаңы окуу жылына чейин
Таш-Көмүрдө бир ай мурда Нарын дарыясына чөгүп кеткен тургундун сөөгү табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары издөөнү 9 күндөн кийин токтотуп, узак мөөнөттүү издөөгө мүмкүнчүлүк жок деп түшүндүрүшкөн. Министрлик өлкөдөгү суучулдардын тартыштык көйгөйүн коомдук бирикмелерди түзүү аркылуу чечкиси келип жатат.
Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 80 орундуу эки кабаттуу мектепти жеке ишкер салып, анда башталгыч класстын балдары билим ала баштады. Төрт тилде окутуу жүргүзүлгөн билим уясы алгач менчик мектеп катары иштеп, акырындык менен мамлекетке өткөрүлүп берилери айтылды.
Базар-Коргон районунун тургуну көп жылга ижарага алган мөмөлүү бакты жана эгин айдап жаткан үч гектарга жакын жерин айыл өкмөтү менен прокуратура мыйзамсыз тартып алууда деп президентке кайрылды. Эгин айдаган, курма, алма жана башка мөмөлүү бактары бар жерге курулуш ишин жүргүзүүгө болобу?
Эки баланын энеси, алабукалык 25 жаштагы келин токмоктолуп, Жалал-Абад шаарындагы кризистик борборго кайрылды. Ага чейин социалдык коргоо кызматынын чечими менен бул үй-бүлөнүн эки баласы келинден күйөөсүнө убактылуу өткөрүлүп берилген.
Өз кызматкерин травматикалык тапанча менен аткан деп шектелген Базар-Коргон райондук Мамкаттоонун башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Эмилбек Тарыхчиевдин ишин президенттин тапшырмасы менен укук коргоо органдары кайрадан карай баштады. Жабырлануучу бул ишти акыйкат иликтеп берүүнү 15-августта президент менен Кочкор-Ата шаарындагы жолугушуу учурунда билдирген.
Жалал-Абаддагы 34 мектеп имараттары кооптуу деп табылганына карабай быйыл да 1200дөн ашык окуучуну кабыл алууга даярдалды. Адистер каражат тартыштыгы балдардын өмүрүн тобокелге салып, эски имараттарды окутууга аргасыз кылууда дешет. Токтогулда болсо быйыл башталгыч класстардын окуучулары сабактарын боз үйлөрдө башташат.
Жалал-Абадда быйыл мистенин түшүмү жакшы болуп, баасы да жылдагыдан жогору болуп жатат. Облустагы токой чарбалары быйыл жалпысынан 7 тоннадан ашык мисте жыйноонун камын көрүүдө. Ал арада токойлордон өз алдынча мисте терүү өнөктүгү да күч алды.
Таш-Көмүрдө сууга чөгүп каза болгон жоокердин жакындары анын өлүмүнө кайдыгерлик себеп болгонун айтышууда.
Ноокенде президент менен жолугушууга кире албай калган аялдар сот жообуна тартылды.
Жалал-Абаддагы аймактык милиция бөлүмдөрүнүн имараттарын акыркы жылдары ашар жолу менен тартип сакчылары өздөрү куруп жатышат.
Орусияда зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн беш жаштагы тажик кыздын окуясы чоң резонанс жаратты.
Тажикстанда быйыл бир да жолу эрежесиз уруш жана кадимки бокс боюнча турнир өткөрүүгө уруксат берилген жок.
Дүйшөмбү шаарынын аялдары коомдук жайларда эркектердин копол мамилесинен жана ар кандай шылдыңдоосунан коргоону суранып шаар бийлигине кайрылды. Мэрия ушул тапта 50дөн ашык аял "эркектер кемсинтип, ар-намысымды тепседи" деп кайрылганын айтат. Тажикстандын баш калаасынын көчөлөрүндө жүрүү кыз-келиндер үчүн опурталдуубу?
Тажикстан аркылуу Борбор Азия жана Eвропага жеткен баңгизатты ташууга тажик укук коргоо органдары да аралашып келген. Коңшу өлкөнүн баңгизатка каршы башкы күрөшүү органы маалымат таратып, жыл башынан бери бир топ күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кармалганын билдирет. Учурда Тажикстанда Ооганстан менен чек арадагы көзөмөл күчөтүлдү.
Самарканд облусунун башчысы "курулушка уруксат берүүдө ири өлчөмдө пара алган" деген айып менен өткөн жумада камакка алынды.
Тажик мигранты "Улуттун лидери наамы бар өлкөнүн президентин социалдык түйүндөрдө кемсинткен" деп айыпталып жатат. Анын үстүнөн козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөнү турат. Муминабад районунун тургуну өткөн айда Москвадан мекенине учуп келгенде аэропорттон кармалган.
Көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин Алматы шаарында чак түштө каракчылардын кол салуусуна кабылып, ажал табышы коомчулукта чоң резонанс жаратты. Казакстандыктар укук коргоо органдарынын ишин сындап жатышат.
Дагы жүктөңүз